Форум » Встречи » Кыргызстан-2 (кыргыз тилинде) уландысы » Ответить

Кыргызстан-2 (кыргыз тилинде) уландысы

Home: Салам урматтуу достор, мекендештер!!! Алыста журуп сиздер да туулган жерди сагынып, кыргыз тилинде жердештер менен макал-лакап, тамаша создорду сулошкунуз келсе, кыргызча анегдот, кулкулуу окуяларды жазгыныз келсе, окугунуз келсе жана маанайы пас адамдар да (настроениясы жоктор) ... бул жакка келиниздер!!! Форумга куш келиниз!!! Алыс жакта журсок да сагынып, жок дегенде, суротторду карап суктанып туралы... Кыргыз маданият борбору

Ответов - 300, стр: 1 2 3 4 5 6 7 8 All

minsokchon: Home пишет: бул жерге акча эккени жатам -деп жооп бериптир.

Home: Атактуулар дуйносу Тактыктын сыры -Сиз эмне үчүн ушунчалык таксыз ?- деген кабарчылардын суроосуна Черчилл мындайча жооп узаткан экен: - Менин өтө так саатым – бул ашказаным . Маселен, дал ушул көз ирмемде ашказаным мага түшкү саат бир болгонун жана түштөнүү маалы келгенин айтып жатат .-дептир. Достор жана көркөм өнөр Бир жолу драматург Жорж Бернард Шоу Черчиллге өзүнүн жаӊы пьесасынын премьерасына чакыруу жиберип, катка мындайча сөз жазып койгон экен: "Өзүӊүз менен кошо досуӊузду ала келиӊиз, бирок андай досуӊуз бар экенине күмөнүм бар... ". Черчилл да андан кем калбай, томонкучо куш тилиндей кат жөнөтүптүр: "Ка-ап, бул кечте мен бош болбой калбадымбы! Албетте, мен пьесанын сахнага экинчи жолку коюлушуна кубануу менен барууга даярмын, бирок андай учур болооруна күмөнүм бар ".

minsokchon: - Эмне кылсаң ошо кыл, мен сага мындан ары акча бербейм дейт атасы баласына. Сен жанагы аялга үйлөнгөндөн баштап мен үчүн өлүксүң дейт. - Анда баласы: анда өлүктү койгонго акча бер дептир. *** Күйөөсү өлгөн аял турмушка чыгат. Экинчи күйөөсү аялына нааразы болуп: - Сага сезилген жокпу менин көзүмчө көп учурда күйөөңдү мактайсың дейт. - Анда аялы: менин сүйүктүүм, эгерде сен биринчи өлгөн болсоң, мен сен жөнүндө айтмакмын дептир.


Home: minsokchon пишет: өлүктү койгонго minsokchon пишет: сен биринчи өлгөн болсоң

Home: Кыска жооп Эмир Темир бир күнү Апендиден: - Канчага чейин адамдар туула берет жана өлө берет ?-деп сураса, Апенди: - Бейиш менен тозок толгончо -дептир

minsokchon: Home пишет: Келе жаткан 21-март НООРУЗ майрамынар менен!!! рахмат бирге болсун

Home: minsokchon пишет: вилка менен төрт студент манты деп төрт жагынан сайып алыптыр Мындай окуялар студенттик кезде коп кайталанган minsokchon пишет: Күмөндөр байке концертти бак арасына койгонго мажбур болот. Концерт башталып, элдин баары чогулуп, туруп алып көрүп атышканда жамгыр төгүп кирет. Ошондо Күмөндөр: - Аа, жакшы, жакшы эгемендүү болуп, бутка турат деген ушул. Мына буйруса бул айылдын эли бутка туруп калыптыр деген экен. кайран Кумондор байке minsokchon пишет: рахмат бирге болсун Айтканын келсин!

minsokchon:

minsokchon: Эх студенттер! Беш студент манты жейли деп столовойго кирип, бир чон тарелкага манты алышып, төртөө вилка менен, бирөө колу менен жей башташат, анан мантыны жеп бутуп, тарелканын ортосунда бир манты калып калат, баары эле сен ал мен ал деп бири-бирине айта баштайт, ошол учурда свет өчүп калат да, ай колум деген ун чыгат, свет кайра эле куйөт, караса баягы тарелканын ортосунда калган мантыны колу менен жеген студент свет өчкөндө колу менен баса калыптыр, анын колун вилка менен төрт студент манты деп төрт жагынан сайып алыптыр

Home: Каттоодон отушун менен куттуктайм! Жолун-шыдыр болсун, жолдошун-кыдыр болсун!

minsokchon: Эгемендүү болгону эл бутка туруп калыптыр Күмөндөр Абылов Ат-Башы жерине өз кайын журтуна гастролдоп барып калат. Чоң айыл, Советтер Союзу кезде гүлдөп турган жер болот. Анан эгемендүүлүк келип, баары менчиктештирилип жатканда айылдын 2-3 атка минээрлери клубду да менчиктештирип алышкан экен. Бардык шарты менен ыңгайлуу салынган чоң клуб эле-деп эскерет Күмөндөр байке. Ошентип колго түшкөн коёнду коё берген оңобу-деп айыл атка минээрлери 2 күндө түбүндөгү ташынан бери чыгарып кетишет. А Күмөндөр байке концертти бак арасына койгонго мажбур болот. Концерт башталып, элдин баары чогулуп, туруп алып көрүп атышканда жамгыр төгүп кирет. Ошондо Күмөндөр: - Аа, жакшы, жакшы эгемендүү болуп, бутка турат деген ушул. Мына буйруса бул айылдын эли бутка туруп калыптыр деген экен.

minsokchon:

minsokchon: "Турмушка чыгуу-бул бири-бирине чыдап жашоо," антпесе жашоо болбойт да, ар кимдин жакшыда, жаман да жактары бар! Турмуш оор которо бил ,оор экен деп ара жолго таштап салба..

Home: minsokchon пишет: Турмуш оор которо бил ,оор экен деп ара жолго таштап салба Туура айтасын Турмуштун оор-кыйынчылыктары эмес, жакшынакай ырыскысын которо албагандар канча... АВАТАРкан укмушко Жууш керек (тамаша). "Мал-ээсин тартпаса арам олот"-дегендей аватаркан да озуно окшоп назик, жагымдуу экен. Меникин кордунго-озумо окшош Жылуу, жумшак диванда жатып дегендей...

minsokchon: РАХМАТ..Озунузга май!

Home: Тунунор бейпил болсун! Калган достор кайда кеткен

minsokchon: Тунунор бейпил болсун! Жылуу жатып жай турунуз!!!!

Home: Кутмандуу танынар менен! Крутой кыргыз рестoранда тамактанып отурат. Официантты чакырып: -Эй, кондишнды иштетип койчу, бышып кеттим дейт. Официант башын ийкеп басып кетет. Бираздан кийин кайра баягы крутой кыргыз: Эй, кондиционерди өчүрүп кой, тоңуп калдым дейт. Официант башын ийкеп басып кетет. Бираздан кийин крутой кыкең кайра: -Эй, кондишнды иштетип койчу, бышып кеттим дейт. Официант башын ийкеп басып кетет. Ошол кечте крутой кыргыз кечке эле ошенте берет. Акыры тиги кыкеңдин жанында отурган аял чыдабай: -Ушу айбанды кантип чыдап атасың ? - деп официанттан сурайт. Анда официант: -Ээ, эч нерсе эмес, бизде кондиционер деген эме деле жок - деген экен

minsokchon:

minsokchon:

Home: "Жазгы суук-жандан отот"-деген чын экен Кышында 1 кабат шым менен ушубой эле журчуу элем эшикте , бугун кочого басам деп, ушук алып кете жаздады

minsokchon: Home пишет: Кышында 1 кабат шым менен ушубой эле журчуу элем эшикте , бугун кочого басам деп, ушук алып кете жаздады Сизди го ушук алып кете жаздаптыр.. мен шамал катуу болгондо эшике чыккандан корком учуруп кетеби деп, же калын кийинип алам вес болсун деп

ISIDA: Home minsokchon Шамаалы жерге кирсин,тетигил Жапондогу радиация-мырадиациясы жанды коркутуп атпайбы.Шамаалы уйлогон саыйн жаным кетип чыийпылдап олтурам.Эмне болот,жолдоштор.Кудайга аманатбыз!

Home: ISIDA пишет: Шамаалы жерге кирсин,тетигил Жапондогу радиация-мырадиациясы жанды коркутуп атпайбы.Шамаалы уйлогон саыйн жаным кетип чыийпылдап олтурам.Эмне болот,жолдоштор.Кудайга аманатбыз! Мына сага, ISIDA апчебиз маселени кабыргасынан койду Туура айтасын! Кыргызстанда да 1992-жылы август айынын аягында Токтогул районунда жер катуу титиреген... эсинерде калдыбы... Мен ошол кунду азыр эстесем да журогум ооруйт... Жапон элин тушунуп эле турам-колдон эч нерсе келбейт да Бир кудурети кучтуу кудайым сактасын деп отурам Ага кошул-ташыл болуп тиги уулу заттын жарылганын карабайсынбы Мен да денизден-толкун аркылуу, шамал болсо-аба аркылуу бизге келбесе экен деп коркуп, тобо кылып отурам

minsokchon: Home пишет: денизден-толкун аркылуу, шамал болсо-аба аркылуу бизге келбесе экен деп коркуп, тобо кылып отурам ВИР КУДАЙ ОЗУ САКТАСЫН, БОДО КЫРСЫГЫНАН !!КУДАЙДАН ЖАКШЫЛЫГЫН ТИЛЕЙЛИ

Home: minsokchon пишет: ВИР КУДАЙ ОЗУ САКТАСЫН, БОДО КЫРСЫГЫНАН !!КУДАЙДАН ЖАКШЫЛЫГЫН ТИЛЕЙЛИ Ооба, кудай деген кур калбайт!

Home: minsokchon пишет: мен шамал катуу болгондо эшике чыккандан корком учуруп кетеби деп, же калын кийинип алам вес болсун деп Кокуй, онгосу чыкса да сен чыга корбо! "Шамал учуруп кетти" деген макалга калабыз Анан сени издеп журот экенбизда, кайда учуп кетти деп... Эми синдим озунон кор! Эжен жакшы эле берекелуу адам - эжелик, жердештик кылып жакшы эле: "10кг, болбосо, каалашынча ал, конулун калбасын"- деп берип атсам озун албасан кантейин

minsokchon: Ууру бир үйгө ууруга кирип, калем саптан башка эч нерсе таба албайт да дубалга "мен билем, кандай гана жардысыңар жана байкушсуңар" - деп жазып койгон экен. *** - Эх, Джон, эгерде өмүр бою ичкиликке короткон акчам азыр кайра болсо. - Эмне кылмаксың анда сен? - Кайра ичмекмин...

Home: minsokchon пишет: Кайра ичмекмин... Болгон окуя Кошунабыз аябай арак ичип, майрамдын эртеси: -Ай, башым, башым - деп кейип атса... Кичинекей карындашы быйтыйып жанына келип: -Эмнеден оорусан, ошондон айыгасын! (похме́ль) -деп боорду эзген

minsokchon: Home пишет: -Эмнеден оорусан, ошондон айыгасын! (похме́ль) -деп боорду эзген

Home: Кутман танынар менен достор! Болгон окуя “МАЯК” БЕРГЕН САНЖАРГА ЖАКУТ ЖЕТИП БАРГАНДА... Жакут Сыдыковдун телефонуна Санжар Бердибеков улам эле “маяк” бере бериптир. Ансыз да үйүндө зеригип отурган Жакут «эмне эле “маяк” берип калды?»- деп туура Санжардын үйүн көздөй жөнөйт. Эшиктин алдына келгенде Санжар дагы “маяк” берип тийишет. Ошондо шарт кирип барган Жакут: – Эй, эмне “маяк” берип жатасың, деги тынччылыкпы?! Сенин эле эмес, менин да телефонумда бирдик жок, досум. Ошон үчүн сенин үйүңө урдуруп келе бердим,- деп аяшы экөөнү күлкүгө бөлөптүр.

Home: Жаз келди деп аябай суйунуп аттым эле... эми уйкум канбай жаман болдум же кечинде эрте жатып эс алайын десем уктай албайм , кундуз ургулоп эле уйкум келет, анан баламы уктатып атып, озум да уктап калам Убакыт билинбей эле отуп атат, эч нерсеге жетишбей атам

minsokchon: Ал деген эч нерсе билбейт..." Эки депутаттын аялдары жолугушуп калышат . Бирөөсү айтат: - Сенин күйөөң аябай акылдуу көрүнөт ко, менимче ал баарын билет болуш керек.... - Койчу, тантырабачы… ал деген, эч нерседен али шектене да элек…

Home: minsokchon пишет: эч нерседен али шектене да элек… Аялдан амал качып кутулбайт

munira: Жакшы тамак калганча....жаман курсак аирылсын

Home: munira пишет: Жакшы тамак калганча....жаман курсак аирылсын Бул макал мурда айтылганда... Ушул макал менин девизим болчу да... "Кыл тамак-тамак ылгайт"

Home: "Эски дос эстеп кетбей, жаны дос баркка жетбейт" "Эшигин коруп-тооруно от, энесин коруп-кызын ал" "Мин кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил" "Заманга карай-кулку болот, тоого карай-тулку жойлойт" "Оорунун акыбалын сурасан-айыкканга тете"

minsokchon: Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө, эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө. * * * Тебенектен бутуңду тарт, ушакчыдан тилиңди тарт. Көңүл – бул назик бизге, назиктигин эстесек. Өмүр – бул кылдан ичке, чырт үзүлөт сезбесек. Бээ туумайынча байтал аты калбайт, Катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт. * * * Сойгонуң – улак, теке. Тартканын – кулак чеке. * * *

Home: minsokchon пишет: Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө, эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө. "Акылыны -элге бер, Эмгегини - жерге бер!" "Акыл-айга, онор-кокко жеткирет" minsokchon пишет: Тебенектен бутуңду тарт, ушакчыдан тилиңди тарт. "Ушакчыдан кочо кач, бекерчиден безе кач" Сонун суротторду кайдан таап атасын...

minsokchon:



полная версия страницы