Форум » Встречи » Кыргызстан-2 (кыргыз тилинде) уландысы » Ответить

Кыргызстан-2 (кыргыз тилинде) уландысы

Home: Салам урматтуу достор, мекендештер!!! Алыста журуп сиздер да туулган жерди сагынып, кыргыз тилинде жердештер менен макал-лакап, тамаша создорду сулошкунуз келсе, кыргызча анегдот, кулкулуу окуяларды жазгыныз келсе, окугунуз келсе жана маанайы пас адамдар да (настроениясы жоктор) ... бул жакка келиниздер!!! Форумга куш келиниз!!! Алыс жакта журсок да сагынып, жок дегенде, суротторду карап суктанып туралы... Кыргыз маданият борбору

Ответов - 300, стр: 1 2 3 4 5 6 7 8 All

frances: Home кадыр тун нооруздабы?же башка кунубу?

Home: frances пишет: кадыр тун нооруздабы?же башка кунубу? Кадыр тунго коп бар

frances: Home пишет: Кадыр тунго коп бар кайран курсагыма кайгырып жатам да.. дагы кайсыл жерден,ким менен откоро койсом депчи..


minsokchon: Маршруткага чыгып бараткан кыз эшикти жапканды унутуп коёт. Айдоочу: -Чоң кыз, эмне боз үйдө төрөлдүңүз беле? -Жок, хансарайда эле төрөлгөм. Бизде ушундай, артыбыздан кызматчылар эшикти жаап турушат,-дептир

Home: minsokchon пишет: хансарайда эле төрөлгөм. Бизде ушундай, артыбыздан кызматчылар эшикти жаап турушат Кызда озуно жараша жакшы жооп бериптир!

minsokchon: Адилеттүү өкүм Бир киши аялын коё берип, үй-мүлкүн бүт бойдон өзү алмакчы болот да,-Апендинин казылык кылып турган кези экен,-ошого келет: - Урматтуу казым, аялыман көңүлүм сууду, үй-мүлкүбүздү бүт өзүм тапкам, баарын өзүмө калтырып бериңиз-дейт. Апенди аны ынсап кылаар бекен деп ары айтат, бери айтат, тиги көшөрүп, дегенинен кайтпаган соң, Апенди минтет: - Болуптур, ала турган үй-мүлкүңдү бир-бирден атап айт, тизмелеп туруп өкүм чыгарайын. Тиги киши буюмдарын бир-бирден айта баштайт: - Уй-пуй, килем-силем,төшөк-пөшөк, сандык-пандык, короо-сороо.. Апенди өкүм чыгарганы ичке кирип кетет да бир пастан кийин кайра чыгып, өкүмдү окуй баштайт: - Үй-жайды эрди-катын чогуу топтогон деп эсептелинет да эки тарапка теппетең бөлүштүрүлөт. Ошентип, уй-катыныңызга, пуй-сизге, килем-катыныңызга, пилем-сизге, короо-катыныңызга, сороо-сизге... Аңгыча алиги неме: - Болуптур, болуптур,-деп шашып калат,-дагы алда немелерди айтып ийе элегиңизде, тезирээк бөлө салыңыз.

minsokchon: "Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы. Ал эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Мүчөл сүрүү эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды: Алас, алас, Ар балээден калас, Эски жыл кетти, Жаңы жыл келди. Алас, алас, Айдан аман, Жылдан эсен, Жакшылыкты теңир берди, Жарык күндү кеңири берди. Орообуз данга толсун, Оозубуз нанга толсун! Алас, алас - деп аласташкан. Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Илгери нооруз күнү бир кош өгузгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

minsokchon: Бардыгынарды келе жаткан биздин Жаны жыл эн керемет Нооруз майрамынар менен. Кааларын чын журоктон. Ар бир уйдо бакыт, таалай жана ынтымак болсун. Бар болгула аман болгула менин кыргыз элим.

Home: frances пишет: кайран курсагыма кайгырып жатам да.. дагы кайсыл жерден,ким менен откоро койсом депчи.. Аа, баса, туура айтасын-Нооруз кунунун алдында (тактап айтканда: 20-марттан 21-март кунуно караганда) сумолок бышырып, тан атканча уктабай, ырдап, кезек-кезек менен казан аралаштырып СУМОЛОК бышырышат!!! Каап, унутуп калганымы карачы! Студенттик кезимде универде группалаштар болуп тан атканча ырдап, ургулоп сумолок бышырганымы эстеп атам да Анда форумчулар чогула калып: бул жакта отун кенен, менин дос кызымын казанын прокатка ала коюп сумолок бышырбайлыбы! Угутту мен даярдап коём Силер ага чейин кучунорду топтоп турсанар-казан аралаштырганга, анан "пой соловей, пой" болобузда... Курсак тойбосо-куч кайдан -дегендей, Анан сен айткандан, жаман курсакты да тойгузабыз дасторконду жайнатып...

frances: Home пишет: Аа, баса, туура айтасын-Нооруз кунунун алдында (тактап айтканда: 20-марттан 21-март кунуно караганда) сумолок бышырып, тан атканча уктабай, ырдап, кезек-кезек менен казан аралаштырып СУМОЛОК бышырышат!!! Каап, унутуп калганымы карачы! Студенттик кезимде универде группалаштар болуп тан атканча ырдап, ургулоп сумолок бышырганымы эстеп атам да Анда форумчулар чогула калып: бул жакта отун кенен, менин дос кызымын казанын прокатка ала коюп сумолок бышырбайлыбы! Угутту мен даярдап коём Силер ага чейин кучунорду топтоп турсанар-казан аралаштырганга, анан "пой соловей, пой" болобузда... Курсак тойбосо-куч кайдан -дегендей, Анан сен айткандан, жаман курсакты да тойгузабыз дасторконду жайнатып... ошо дейм да..ошону ойлоп эртерээк камынайын деп жатканым да.. менин билишимче 20-21 чейин кадыр тун болчу да.. азыр Кырг.болгондочу..атандын гана кору..ииииий!буулуккан иттей болуп ары бери ойун салып моокумумду кандырат элем да.. ну не чего анын баары озубуздун колубузда.. ииий!баса,мен эртен силерге звонок кылам,маанилуу иштер бойунча..

Home: frances пишет: ошо дейм да..ошону ойлоп эртерээк камынайын деп жатканым да.. менин билишимче 20-21 чейин кадыр тун болчу да.. азыр Кырг.болгондочу..атандын гана кору..ииииий!буулуккан иттей болуп ары бери ойун салып моокумумду кандырат элем да.. ну не чего анын баары озубуздун колубузда.. Кечиресин! Мен сени кыргызча жакшы билбейт го деп ойлосом, чукугандай соз табасынго, баракелде!!! Онорун болсо орго чап! Жогорудагы майрамдык планды окудунбу, ошол боюнча откоруп койбуз! Андан коро биздин курамга кирем дегендер: ыр уйронуп, билегин кучко толтуруп келгени жакшы Сумолок аралаштырганга Мен да Кыргызстанды эстеп алып... Айла жок, анан да Кыргызстанда болгонумда силерге окшогон кыргыздын сулуу айымдары менен кайдан таанышмак элем Ошон учун айтатго: "Эки тоо корушбойт, эки адам корушот"- деп

munira: Салам!отуп кеткен жана кележаткан маирамдарыгыздар менен

Home: minsokchon пишет: Бардыгынарды келе жаткан биздин Жаны жыл эн керемет Нооруз майрамынар менен. Кааларын чын журоктон. Ар бир уйдо бакыт, таалай жана ынтымак болсун. Бар болгула аман болгула менин кыргыз элим. munira пишет: Салам!отуп кеткен жана кележаткан маирамдарыгыздар менен Рахмат!!! Силерди да куттуктайм! Маанайынар жаз гулундой жайнап журсун ар дайым!!!

Home: Бир студент биринчи жолу практика учурунда бир гаишник менен жолго чыгат. Жолдо машиналарын жашырышып, жанагы студентке гаишник палканы карматып: "Машиналарды тос" - дейт да, озу эс алып олтурат. Омурундо машина тосуп корбогон тажрыйбасы жок практикант бироосун тосуп тартип бузулгандыгын тушундурот... Жини келген айдоочу: "На собака" - деп, 100 $ берип кетип калат. Эч нерсени тушунбогон студентт жааныгы гаишниктин алдына келип баарын тушундурот да ушуну берди деп 100 $ коргозот... Акчаны коргон гаишник: "Это я-собака, а ты пока щенок" - деп 100 $ды алып койгон экен...

Home: Балдар диск менен карта ойноп жатышат: – Ильяз! – Мирбек! – Ильяз болбоду беле? – Ал Абдыразаков болчу, бул Андаш. – Анда Мирбек. Жанагы Иманбеков, бул Атабеков! – Аа, баштай бер! – Кара, Алькамиль! – Ме, сага! – Ким бул? – Мерген Турган! – Анжелика! – Көтөрөм. – Дагы көтөрөсүң, Жаным Айзат, Кундуз, Бактыгүл. Баса албайсың! – Эмнеге баса албайм?! «Кыз-Бурак». – Кандайча?!

minsokchon: Апенди мененн Бай эки кундук жолго чигишиптир.Кечке жол журушуптур, кеч жатаарда бай өзүнчө " Ушул апендини бир шылдыңдайын." деп эшегинин оозун күлгөндөй кылып кесип коёт.Апенди коруп калат, бай жаткандан кийин ал да байдын атын куйругун кесип салат. Эртеси кун жолдо бай : - Апенди эшегин эмне мынча эртеден бери желмаят? апенди: - Сиздин атыңыздын куйругу жоктугуна күлөт. деген экен.

Home: minsokchon пишет: Бай өзүнчө " Ушул апендини бир шылдыңдайын." деп эшегинин оозун күлгөндөй кылып кесип коёт. Апенди коруп калат, бай жаткандан кийин ал да байдын атынын куйругун кесип салат. Ка-ап, байкуш ат менен эшекке эле жаман болуптур... "Эки тоо сузушсо-ортодо чымын олот" болуп...

Home: minsokchon пишет: Апендинин жоруктарынан кеп салып калдын, эми мен да улантып койоюн Апенди мышыгынан жадап, жолго ыргытса, уйуно келип калат, башка жакка алып барып койсо дагы кайра эле келип алат экен. Анан айласы кеткенде: "Бир жолу ото алыс жакка алып барайын, ошондо уйду таппай калат " - деп алыс жакка алып барып мышыкты таштап, озу кайра кайтканда адашып калат экен Уйуно аялына телефон чалып: -Мышык уйго бардыбы? - деп сурайт экен. Аялы: -Ооба . -Анда телефонго чакырып койчу -дептир.

Home: Солдаттын суйуусу (чындап эле аябай суйгон экен да, анан суйгон кызы барктабай коюптур ) Солдат суйгон кызынан кат алат: "Мен башка жигитти суйуп калдым, мени туура тушун, капа болбо, суйууго айла жок экен! Сен да жашсын, али баары алдыда, сен да оз суйууну табарсын... Баягы суротумду кайра бер." - деген катты окуп, аябай кыжаалат болсо да, сыр бербей... Анан жигит бут взводдон ургаачы аттуунун болгон суротун чогултуп, арасына тиги "суйгонунун" суротун кошуп туруп кыздын озуно жараша катты катыра жазат: "Сен жазган катты алдым. Мен сени эстей албай койдум, кечирип кой! Мобул суроттордун арасынан озунду таап ал да, калганын кайра салып жибер"-деп.

minsokchon: Home пишет: "Чакырылбаган конок-шыпырылбаган жерге отурат" "Конок тойбодум дебейт, сойбодуң дейт"Home пишет: Адам аласы ичинде" Кийимдин жакшысы кир көтөрүмдүүсү, Кишинин жакшысы сөз көтөрүмдүүсү

minsokchon: Home пишет: Мышык уйго бардыбы? - деп сурайт экен. Аялы: -Ооба . -Анда телефонго чакырып койчу -дептир. Апенди бир теңтушунукуна мейманга барып, кайра кайтаарда эшекке тескери минип алып үйүнө келет. Көнгөн эшек дарбазанын алдына келип токтойт. - Эшекке эмне тетири минип алгансың?-деп, аялы таңыркаса, Апенди: - Мен тетири минген жокмун, эшек өзү тетири туруп калыптыр,-деген экен.

Home: minsokchon пишет: "Конок тойбодум дебейт, сойбодуң дейт "Конок-койдон жоош" minsokchon пишет: Кийимдин жакшысы кир көтөрүмдүүсү, Кишинин жакшысы сөз көтөрүмдүүсү "Адамдын корку-чупорок" minsokchon пишет: эшек өзү тетири туруп калыптыр

minsokchon: «Катынын доолу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда?». «Катынын доолу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда?». Аялың мыкты болсо – бактың, Аялың кыйды болсо – каттың. Жакшы болсо катының, табыла берет акылың. Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай. Жаман аттын жалы көп, жаман катындын чачы көп. Жакшы аялдын күйөөсүнүн жакасы агарат, Жаман аялдын күйөөсүнүн сакалы агарат.

Home: minsokchon пишет: Нооруз майрамда ойундардын бири макал- лакап болуп келген Туура айтасын! minsokchon пишет: Жакшы болсо катының, табыла берет акылың. "Жаман ээрди-жакшы кылган да аял, жаман кылган да - аял! minsokchon пишет: Жаман аттын жалы көп, жаман катындын чачы көп. "Жаман - озун мактайт" "Аттан жыгылсан-жалын тозот, Эшектен жыгылсан-туягын тозот" "Жаман атка мингенче-жайдагым (жоо жургонум) жакшы , Жаман катын алганча-бойдогум жакшы ."

minsokchon: Нооруз майрамда ойундардын бири макал- лакап болуп келген...... Жакшы адам ачык сүйлөйт Сөз тамырын казып сүйлөйт. Жаман адам сасык сүйлөйт, Өзгөлөрдү басып сүйлөйт. Адептүү сылык сүйлөйт, Амалкөй былык сүйлөйт. “Жакшы” деген бир ат бар, кууп отуруп жетпейт, “жаман” деген бир ат бар, жууган менен эч кетпейт. Акылсыздын белгиси – кургак кайрат, жел өпкө, эч убакта жарабайт кургак создөн бөлөккө. Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген, калың болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн. Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт. Кара кылды как жарган, калыс болсун элиңде, Калпты кошпой сүйлөгөн, башчы болсун элиңде. Адилет сөз – ачуу сөз. Айтсаң – тилиң күйөт, айтпасаң – дилиң күйөт Акын болбойт талантсыз, молдо болбойт сабатсыз. Обу жок кек сактап жүргөндөн түңүл, орунсуз жасалма күлгөндөн түңүл. Жакшынын жакшылыгы – ар жерде, жамандын жамандыгы – тар жерде.

minsokchon: <SMILE>id=412 alt=':Дарю цветочек:'</SMILE><SMILE>id=413 alt=':Ок!:'</SMILE> Home пишет: Анда форумчулар чогула калып: бул жакта отун кенен, менин дос кызымын казанын прокатка ала коюп сумолок бышырбайлыбы! Угутту мен даярдап коём Силер ага чейин кучунорду топтоп турсанар-казан аралаштырганга, анан "пой соловей, пой" болобузда... <SMILE>id=412 alt=':Дарю цветочек:'</SMILE><SMILE>id=414 alt=':Целую:'</SMILE><SMILE>id=224 alt=':Пою:'</SMILE>

Home: Кутмандуу танынар менен достор!!!

minsokchon: - Кечирим сурайм, айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум. - Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган. - Анда эң эле сонун болуптур, айым: Сиздин дөбөт менин машинамдын алдында калды.

Home: minsokchon пишет: Сиздин дөбөт менин машинамдын алдында калды. Уйкунун сыры - Эртең менен саат он болгондо да турбай, келинчегим экөөбүз кайра күүгүм киргиче уктаппыз. - Ой-и-ий, эмне үчүн анттиңер? - Кимибиз мурда ойгонсок, ошонубуз мешке от жагышыбыз керек болчу да!

Home: minsokchon пишет: Жакшы адам ачык сүйлөйт Сөз тамырын казып сүйлөйт. "Жакшы адам байкап суйлойт, Жаман адам чайкап чуйлойт" . minsokchon пишет: Жаман аттын жалы көп, жаман катындын чачы көп. "Жаман атка жал бутсо-жанына торсук байлатпайт, Жаман ээрге мал бутсо-жанына коншу кондурбайт" minsokchon пишет: Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт. Карылардан ыйман кетсе, жаштардан нысап кетет...

minsokchon: Home пишет: Карылардан ыйман кетсе, жаштардан нысап кетет... Карыдан ыйман кетсе, жаштан уят кетет.

Home: Кутмандуу кечинер менен достор!!! minsokchon пишет: Карыдан ыйман кетсе, жаштан уят кетет. Ыйманы бардын-ырысы бар! Ырыстуу жерде ыйман бар.

munira: Койчунун кызы кой келерде иш кылат...

Home: Кутмандуу танынар менен достор! munira пишет: Койчунун кызы кой келерде иш кылат... "Койчуну - таягынан сына, Келинди аягынан сына" "Кыздын сыры торкунго маалым"

Home: "Кедейди кочкондо кор" "Акылдуу жайында жыйнайт, Акылсыз жайында уктай." "Керегем сага айтам-келиним сен ук, уугум сага айтам-уулум сен ук" "О.... байыса там салат, кыргыз байыса катын алат" "Дарак бир жерден когорот" "Ордок жокто чулдук бий"

Home: Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи... Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке кочодо турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр. Апенди аны токтотуп: - Сага штраф жазам - десе, Тиги киши: -Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун . Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар - дептир. Анда апенди: -Омээй, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы! Беш жүз доллар штраф жазам . Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар - деген экен.

minsokchon: Досту сатпаш керек Эшмат үйүнө түн ортосунда келет. Аялы жинденет: - Эй, каякта жүрдүң мынча кеч? - Ташмат менен шахмат ойноп аттым. Аялы дароо Ташматка телефон чалат: - Ташмат, биздин Эшмат силердикинде болдубу? - Болбой анан, мына азыр да экөөбүз карта чабышып отурабыз

Home: Кутмандуу кечинер менен!!! minsokchon пишет: мына азыр да экөөбүз карта чабышып отурабыз Тунунор бейпил болсун

minsokchon: Тунунор бейпил болсун рамат, сиздин да тунунуз бейпил болсун.

Home: Бул жерге акча эгемин... Кош (жер) айдап жаткан Апенди алыста келаткан салыкчыларды көрүп, каякка жашынарын билбей калат . Алар да өчөшкөндөй түз эле Апендинин жанына келип: - Ииш илгери болсун! Апенди, мынча жерди айдап эмне кыласың ? -дешет. Апенди какшыктай наалып: - Салыктан көп эме жок. Үйгө салык, түтүнгө салык, малга салык, кошко салык... ошончо салыктын баарынан бир кутулайын деп, бул жерге акча эккени жатам -деп жооп бериптир.



полная версия страницы