Форум » Встречи » Кыргызстан-2 (кыргыз тилинде) уландысы » Ответить

Кыргызстан-2 (кыргыз тилинде) уландысы

Home: Салам урматтуу достор, мекендештер!!! Алыста журуп сиздер да туулган жерди сагынып, кыргыз тилинде жердештер менен макал-лакап, тамаша создорду сулошкунуз келсе, кыргызча анегдот, кулкулуу окуяларды жазгыныз келсе, окугунуз келсе жана маанайы пас адамдар да (настроениясы жоктор) ... бул жакка келиниздер!!! Форумга куш келиниз!!! Алыс жакта журсок да сагынып, жок дегенде, суротторду карап суктанып туралы... Кыргыз маданият борбору

Ответов - 300, стр: 1 2 3 4 5 6 7 8 All

Home: Америкадан баштап, Россия, Кыргызстандык ырчылар баш болуп ЫРЧЫлык кесибинен ЭМНЕге ДЕПУТАТтыкка отуп кетишет?

Sabina: Home пишет: Америкадан баштап, Россия, Кыргызстандык ырчылар баш болуп ЫРЧЫлык кесибинен ЭМНЕге ДЕПУТАТтыкка отуп кетишет? Ага адамдын ач коздугу себеп болуш керек,биринчи акчаны самашат,анан данкты (популярность),анан бийиликке(власть) коз артышат.

Home: Sabina пишет: Куттуктооно чон рахмат!!! Бирге болсун!!! Ага адамдын ач коздугу себеп болуш керек,биринчи акчаны самашат,анан данкты (популярность),анан бийиликке(власть) коз артышат. Мен ойлом да искусствонун адамдарына САЯСАттын эмне кереги бар деп . Бийлик кылуу да озунчо бир ИСКУССТВО, бирок азыр таланты, шыгы бар эмес: "Мурду кыйшак болсо да БАЙдын УУЛУ суйлосун" болуп атбайбы Ачкоздуктун акыры А.С. Пушкиндин "Алтын балыгындай" болуп бутотго...


minsokchon: Майрамдык маанайлар жакшыбы? Kandasiyz?Maanai jakshy da. Men jakka kelgile chogu mairamdaibyz...

Home: minsokchon пишет: Kandasiyz?Maanai jakshy da. Men jakka kelgile chogu mairamdaibyz... Чон рахмат! Мен да ошентип ойлоп аттым эле, анан пландар озгоруп кетти. Биз сен жакка барбай эле, эртен сен биз жакка келесинго Эжеси чакырганда синдиси келе калган жакшы да

Sabina:

minsokchon: Home пишет: "Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт." ''Eki koidun eti,bir kazanda kainabait."

Sabina: minsokchon пишет: ''Eki koidun eti,bir kazanda kainabait."" Эки баш ,бир казанда кайнабайт"

Home: minsokchon пишет: ''Eki koidun eti,bir kazanda kainabait." Sabina пишет: " Эки баш ,бир казанда кайнабайт" Кечиресинер "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" "Казанга жолосон карасы (коосу) жугат" "Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарыш" "КАЛПтын казаны кайнабайт"

Home: Бишкектен белгилуу ырчы оз тобу менен айыл жерлерин кыдырып концерт коюп калышат. Жергиликтуу Маданият Уйунун башчысы аларды карап, кейип суйлоп атат: - Ка-ап, бекер эле келипсиңер. Элде акча жок да. - Акчаңар жок болсо, курут-май берсеңер деле боло берет, - дейт артисттердин бири. - Курут-май жок калган. Баса, айран берсек болобу? -деп сурап койот имиш...

minsokchon: Home пишет: "Бир чымчындан-конул алат, Бир чымчындан-конул калат" "Сутко куйгон оз,айранды уйлоп ичет."

Home: minsokchon пишет: "Фрэнк кечир, мен бир аз озунчо калышым керек." minsokchon пишет: "Сутко куйгон оз,айранды уйлоп ичет." "Ачка отурганча, айранга нан малып жеген жакшы"

Home: Чукчанын вегуг менен жашоосу...

Home: «Билимдүүнүн сөзү өткүр, Мергенчинин көзү өткүр». "Коз-коркок, кол-баатыр!" "Олбогон кулг- мал бутот, олбогон атка-жал бутот". "Озун-озу мактаган олумго барабар" Атын чыкпаса жер ортто Созду укканга айт, Сууну синеер жерге ток Сурап бергиче уруп бер «Жолдо кошулгандын баары жолдош эмес, Жолборс тээрисин кийгендин баары жолборс эмес». Жакшынын жакшы билет сымбатын, Жаман адам кайдан билсин арзан баа кымбатын. Кыз-кырк жылкы,эркек бала-ырыскы.

Home: Урматтуу кыргыздын сулуу, назик айымдары!!! Коптон куткон бугунку 8-март майрамы менен СИЗди чын журоктон куттуктап, сиздерге: чын ден соолук, узун омур, уй булолук бакыт каалайм!!! Бугун коп белектерди кабыл алыныз... Машина айдаган айымдарга...

minsokchon:

Home: Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат Жигит: – Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радиотүйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? Чал: – Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем? Жигит: – Мисалы, менин аялым ак жуумал, бою узун, сулуу болчу. Чал: – А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим эле коюп, андан көрө сеникин издейличи, - дептир.

Home: Өзбек кыргызды конокко чакырып, тоок соёт. Өзбек тооктун жарымын кечинде, жарымын эртең менен бышырып берип, кыргызды коноктойт. Анан кыргыздын үйүнө өзбек конокко келип, кыргыз козу соёт. Анда баласы: – Ата, баарын асайынбы же кандай кылайын болойунбу? – Эмне, козу тоок беле? Бөлүп аскандай, бүтүн эле ас - деп өзбекти сөзгө жыгып, этке тойгузуптур.

Nigma: Home пишет: Эч кандай деле провакация деле жокко Home пишет: деп өзбекти сөзгө жыгып, этке тойгузуптур. выше ещё были,нет времени листать возьмём хотя бы вот этот анекдот,смысл какой?..думаю не стоит распространяться...

Home: Nigma пишет: выше ещё были,нет времени листать возьмём хотя бы вот этот анекдот,смысл какой?..думаю не стоит распространяться... Кечиресиз Бул болгону анегдот да Мындан кийин эске алабыз

minsokchon: Home пишет: Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат Жигит: – Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радиотүйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? Чал: – Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем? Жигит: – Мисалы, менин аялым ак жуумал, бою узун, сулуу болчу. Чал: – А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим эле коюп, андан көрө сеникин издейличи, - дептир. Xa xa jakshy eken... Ololbai jatyp olon aitat ko...

Home: minsokchon пишет: Ololbai jatyp olon aitat ko... сен да сонун суйлойсун да Базарда болгон окуя: Баласына кийим тандаган энеси: – Кана, балам, бул шым чак болдубу? Баласы: – Ий, апа, чоң го... Энеси: – Эч нерсе болбойт, эмдиги жылы да киесиң. Дагы өсөсүң. Баласы: – Апа, бут кийим да чоң болуп калды. Энеси: – Бутуң да чоңоёт, балам. Эмки жылы алып бербейбиз, үнөмдөйбүз да. Баласы: – Апа, эми турсийим да чоң болуп калды. Энеси: – Ой, өсөсүң, балам, өсөсүң. Баласы: – Апа, мен 25ке чыгып калдым, өспөйм го?!

chakpe: салам жердештер.ноорузда былтыркыдай чогулуш болот бекен билбейсинерби?

Home: chakpe пишет: салам жердештер.ноорузда былтыркыдай чогулуш болот бекен билбейсинерби? Ассолом алекум жердеш! Жаны эле коптон куткон 8-мартты майрамдап буттук , эми кезекте НООРУЗ турат Нооруз майрамына карата ЧОГУЛУШту биз деле откоруп койо беребиз Программа боюнча: Кыргыз тамактарын назданып жээ; Угут-тарбия иштери; Жан дуйно жанырыгы; Стресс (снимать)-каршы курошуу; Кулкулуу окуялар.

ISIDA: chakpe пишет: салам жердештер.ноорузда былтыркыдай чогулуш болот бекен билбейсинерби? Быйыл болсо дагы барбайм го.Былтыр моул жакта болгон бир форумчанка дос кызым менен экообуз барып коргонбуз.Укмуштап кооздоп жазышты эле,барсак кыйраткан эчтеке деле жок болгон.Сиз дагы былтыр бардыныз бэле??? Биз олтуруп-олтуруп Пусан менен Сувондон келген кыргыз жигиттер менен кичине маектешип коюп эле кетип калганбыз...Итевонго.

Home: minsokchon пишет: уй-катыныңызга, пуй-сизге, килем-катыныңызга, пилем-сизге, короо-катыныңызга, сороо-сизге... Аңгыча алиги неме: - Болуптур, болуптур,-деп шашып калат,-дагы алда немелерди айтып ийе элегиңизде, тезирээк бөлө салыңыз. боорум эзилип калды... minsokchon пишет: "Нооруз" баракелди!!! ISIDA пишет: Быйыл болсо дагы барбайм го.Былтыр моул жакта болгон бир форумчанка дос кызым менен экообуз барып коргонбуз.Укмуштап кооздоп жазышты эле,барсак кыйраткан эчтеке деле жок болгон.Сиз дагы былтыр бардыныз бэле??? Биз олтуруп-олтуруп Пусан менен Сувондон келген кыргыз жигиттер менен кичине маектешип коюп эле кетип калганбыз...Итевонго. Мен chakpe сурап атканына караганда жакшы болотго деп ойлоп аткам да... Ал жак жакпаса, биз жакка келгиле

Home: Достор майрамды жакшы тоздунарбы? Мен ойлойм: биз учун 8-март чон майрам да, анан ким эле бул майрамды жакшы тозгонго аракет кылбасын? Бут дуйно жузу 8-мартты майрамдаса, бир эле ХАНГУГтар-коко тикенектей болуп, майрамдабаганын тушунбойм Анан туштон кийин КЕЧКИ ЖАНЫЛЫКтардан: хангугтардын 8-мартта кандай иш чараларды коргозгонун айтып койгондо... ... эле келет да Баш оорубай элеби?

minsokchon: Home пишет: Өзбек кыргызды конокко чакырып, тоок соёт. Өзбек тооктун жарымын кечинде, жарымын эртең менен бышырып берип, кыргызды коноктойт. Анан кыргыздын үйүнө өзбек конокко келип, кыргыз козу соёт. Анда баласы: – Ата, баарын асайынбы же кандай кылайын болойунбу? – Эмне, козу тоок беле? Бөлүп аскандай, бүтүн эле ас - деп өзбекти сөзгө жыгып, этке тойгузуптур. Кыргыздар келет мейман дос, жаза калып дастаркон, кымыздан куюп ысык нан, еч жаманды билбеген...

Home: minsokchon пишет: Кыргыздар келет мейман дос, жаза калып дастаркон, Абдан туура Бирок арасында заманга жараша озгоруп кеткендер да бар... "Заманын боору болсо-боору бол! Карышкыр болсо-карышкыр бол!"-дегендей

Home: "Офицер болуу аста-аста, официант болуу бир паста". "Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке. Ууру келсе – тишке, көзгө, бөйрөккө, кабыргага, андан кийин милицияга".

Home: Эки достун маегинен: – Дос, эмне менен алектенип жүрөсүң? – Бир кыздын артынан чуркап жүрөм. – Анан ийгиликтер кандай? – Жакшы. Чуркоо боюнча Азия чемпиону аталдым.

minsokchon: Home пишет: Абдан туура Бирок арасында заманга жараша озгоруп кеткендер да бар... "Заманын боору болсо-боору бол! Карышкыр болсо-карышкыр бол!"-дегендей Andaiy da bar arasynda.. "Besh kol ten emes"

minsokchon: Home пишет: Кулкулуу окуялар. Bizge koshulgan dudukta suiloitko al jagynan.......

Nigma: Провакационный анекдотторду биздин многонациональный форумда жазбайле койгоон туура.Катуурак айтканда болбойт. Озунор байкагандай эле национальный вопрос биздин форума жёсткий контролдо. minsokchon chakpe Латиница на форуме запрещена!

Home: Nigma пишет: Провакационный анекдотторду биздин многонациональный форумда жазбайле койгоон туура.Катуурак айтканда болбойт. Озунор байкагандай эле национальный вопрос биздин форума жёсткий контролдо. Кечиресиз Эч кандай деле провакация деле жокко Чынында бул жакта улутту эч ким деле болгон жок деп ойлойм... Nigma пишет: Латиница на форуме запрещена! Ушул эскертууну туура жаздыныз Достор: Kb- деген кнопканын бассаныр-РУССКАЯ КЛАВИЯТУРА чыгат, форумдун эрежесин бузбай, бизди да туура тушунсонор

Home: "Базары жакын байыбайт." "Олор эчки койчунун таягына суйонот." "Кулдай иштеп байдай жаша." "Күн тийген жердин да көлөкөсү бар..." "Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги четине чыгат. " "Көз жетпеген жерге сөз жетет".

Home:

Home: Немистерде 5 мүнөт – 5 мүнөт. Ал эми кыргыздарда 5 мүнөт – “мына бара жатам, бара жатам, ой, бара жатам”.

Home:

Home: Үч чымын аябай дос болгон екен. Бир күнү үчөө көп чымындан бөлүнүп, кел үчөөбүз үч жерге бөлүнүп, үч айдан кийин кайра жолугалы, кимибиз көбүрөөк семирип келеер екенбиз деп, бөлүнүп кетишет. Үч айдан кийин жолугушат. Үчөө жолугуп кимиси кайда жашаганын айтып киришет. Аябай семиргени: - Мен ресторанда жашадым, учуп барып туруп клиенттердин ичип аткан тамагына бир сайылам, мени көргөн алар тамагыны жебей четке жылдырып коёт тарелка бут меники - деп махтанат. Орточо семиргени болсо: - Мен көп бир балалуу үй-бүлөө менен жашадым учуп барып туруп ичип аткан тамагына бир сайылам, кашыгы менен сүзүп түрүп алып коёт, бир кашык тамак бут меники -дейт. Четте турган арык чымын байкуш ыйламсырап: - Мен болсо студенттердин жатаканасында жашадым жакшы еле ичип аткан тамагына 180 менен барып сайылам, мен байкушка эчнерсе калтырмак турсун, мени кошо соруп-соруп туруп чертип салышат, дагы жакшы олтуруп салбаганына, ошол үчүн арыкмын - деген екен.



полная версия страницы