Форум » Встречи » Кыргызстан-3 (кыргыз тилинде) » Ответить

Кыргызстан-3 (кыргыз тилинде)

Home: Салам урматтуу достор, мекендештер!!! Алыста журуп сиздер да туулган жерди сагынып, кыргыз тилинде жердештер менен макал-лакап, тамаша создорду сулошкунуз келсе, кыргызча анегдот, кулкулуу окуяларды жазгыныз келсе, окугунуз келсе... бул жакка келиниздер!!! Форумга куш келиниз! Алыс жакта журсок да сагынып, жок дегенде, суротторду карап суктанып туралы... Кыргыз маданият борбору

Ответов - 301, стр: 1 2 3 4 5 6 7 8 All

minsokchon: Чапаевдин афган баласы Чапаев афган согушунан кайтып келет. Ийнинде ойноктогон маймыл конуп отурат. - Василий Иванович, афган катындары кандай экен? - деп сурайт Петька. - Эх, Петька, аягың өлө ысык экен, каяктагы катын? - Эми негизи катындары кандай дейм да? - Охо, тоо, чөл, согуш... - Василий Иванович, маалкатпай айтсаң, катындары деги кандай болот экен? Ийнинде отурган маймыл чыдабай: - Ата, ай атаке, бу киши эмне эле жабышып атат? - дептир.

Home: minsokchon пишет: Ийнинде отурган маймыл чыдабай: - Ата, ай атаке, бу киши эмне эле жабышып атат?

Home: Бейиш чоңбу же тозок чоңбу? Падыша Апендиден сурайт: - Апенди, бейиш чоңбу, тозок чоңбу ?-десе, Апенди: - Бейиш -дейт. Падыша: - Аны кайдан билесиң ?-деп сураса, Апенди: - Анткени, жер жүзүндө байдан кедей көп -деп жооп бериптир


minsokchon: Салам Достор! Кыргызымдын кырчындай жигиттери, кымча бел кыздары! Албетте, кылымдарды карыткан кыргыз тарыхы озу менен бирге элибиздин маданиятын, каада салтын, урп адатын, маданиятын, кыскасы маданий жана руханий мурастарын муундан муунга откоруп, сактап келет. Булардын копчулугу ислам динине негизделгенин да танууга болбойт. Кандай болгон кундо да ар бир кыргыз торолгондон олгонго чейин мына ушул баалуулуктар менен жуурулушуп жашап келет. Бирок копчулугубуз каада салттардын, урп адаттардын кайдан чыгып, эмнеге негизделгенин биле бербейбиз. Мисалы, "ар бир кыргыз баласы жети атасын билуу керек" дешет, эмне учун? Жети атасын билбегенди "теги жок кул" деген экен. Арабыздан буга так жообун билгендер созсуз чыгат да. Ошону менен бирге башка жоролголор тууралуу билгенинер болсо же суроолор болсо ушунда талкуулайлы, кандай дейсинер? Ошентип, баарыбыз оз каада салтыбыз тууралуу терениреек билген болобуз. Баарынарга ийгилик!! !

Home: Кутман танынар менен достор! Коптон куткон Нооруз майрамы да... (бир кун чыдасак) келип калды Баарыныздарды Нооруз майрамы менен куттуктайм!!! Нооруз-бул кыргыздын жаны жылы! Эмнеге кыргыздын жаны жылы жаз мезгилине туура келет? Себеби: кычыраган ызгардуу катуу сууктан (кышында) элдердин топтогон запас оокаттары тугонуп-узурчулук (оокат тарташ) башталат Анан жаз келип, айлана да жашылданып, кыштын-90 кундук жер тону чыгап, олбостун куну башталган... Мына ушундай себептерден улам мусулман элдерин жаз мезгилин чыдамсыздык менен кутуп, Нооруз майрамын-чон майрам катары кабыл алып, майрамдашкан Нооруз майрамында кыргыздын улуттук кийимдери кийилип, майрам кыргыздын урп-адаты боюнча ЖАНЫ ЖЫЛ-жакшылыктардын жылы болсун деген тилек-ойдо арча менен аластоо менен жакшы тилектер айтылып башталган. Андан кийин кыргыздын улуттук оюндары уюштурулуп, сумолок, тамак элдерге тартылган. Майрам шандуу, кызыктуу отуш учун: Чечендердин айтышы, макалчылардын айтышы жана ыр-кесе откорулгон Бул майрамдык дагы озгочолугу- 1 жыл ичинде кимди таарынтып же кектеп жургон болсо кечирим суроо жана кечирумдуу болуу

Home:

sama: Всех мусульман форума с наступающим завтра праздником Навруз, с днём весеннего равноденствия! Мира,здоровья и счастья в каждый дом!

ISIDA: sama

Home: sama пишет: Всех мусульман форума с наступающим завтра праздником Навруз, с днём весеннего равноденствия! Мира,здоровья и счастья в каждый дом! Рахмат! Айтканын келсин!!!

minsokchon: sama пишет: Всех мусульман форума с наступающим завтра праздником Навруз, с днём весеннего равноденствия! Мира,здоровья и счастья в каждый дом! рахмат!!!!бирге болсун

sama: Home minsokchon не могу писать на киргиzском кто нибуд есть с юга

minsokchon: sama пишет: не могу писать на киргиzском кто нибуд есть с юга Сиз кай жерден болосуз? бар

sama: minsokchon пишет: Сиз кай жерден болосуз? бар онам DJALAL-ABODdan

minsokchon:

Home: sama пишет: не могу писать на киргиzском sama пишет: кто нибуд есть с юга Извини

Home: Турмуштан алынган анекдот ТЕМИР БИРНАЗАРОВ, режиссёр – Сьёмка учурунда режиссёр Альгимантас Видугиристин башынан өткөн бир кызыктуу окуяны айтып берейин ... Ал кишинин бир ак күчүгү болуп, ал аны дайыма жанында алып жүрчү экен. Анан бир күнү убакыт кенен болуп калып, тасма тартуучу топ дасторкон жайып чакан майрам уюштурушат . Тамактанып бүтүшкөндөн кийин Видугирис баарына кайрылып “сөөктөрдү ыргытпагыла, мен күчүгүмө берем” деп калат. Анан сөөктөрдү чогултуп алып, күчүгүн кечке издеген дешет. Көрсө, ашпозчулар күчүгүн союп, тамак жасашкан экен . Анан ал өз күчүгүнүн сөөктөрүн көтөрүп алып, күчүгүн издей бериптир.

Home: Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылына, жаңы күнгө багыт алуу алдында турабыз. Башкача айтканда, Нооруз майрамы босогобузда турат. Эмесе ушул майрам жөнүндө кыскача маалымат... Нооруздун тарыхы «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучусу катары белгилүү. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, Ноорузда аткарылуучу жөрөлгөлөр ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, эл бул майрамга 20 күн калганда “ушул жылы түшүм мол болсун” деген тилек менен карапа идиштерге арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн. Айрым бир маалыматтарда “Нооруз – Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде «Нооруз – периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.

minsokchon: Home пишет: “Нооруз – Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде «Нооруз – периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.

Home: Майрамдык дасторкон Нооруз майрамында дасторконго да өзгөчө көңүл буруу керек. Айта кетсек, дасторкондо жети түрдүү даамдан турган тамак болуусу шарт. Бирок бул ар бир үйбүлөнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна араб жазуусундагы «Сын» тамгасы менен башталган жети түрдүү тамак-аш жана тал, зайтун, бие, анар, тыт өңдүү дарактардын жети даана калемчеси коюлат. Андан тышкары, бир идишке суу, экинчи идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу абзел. Атайын бышырылган чоң нан, айран, сүт, быштак, жумуртка, канаттуунун эти, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак, бадам, мисте, балык сыяктуулар болсо дасторконго сөзсүз коюлат. Ал эми кыргыздар Ноорузда арпа, буудай, жүгөрү өндүрүп, аны сокуга жанчып, акталган данынан сүмөлөк же көжө жасашкан. Аны үйгө келген меймандарга, жаштарга куюп беришкен. Бул адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендикке жатат. Анткени сүмөлөк менен көжө табияттын өлбөстүгүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүүсүн аныктоочу улуттук даам катары бааланган.

Home: Коптон куткон Нооруз майрамы да кирип келди! Баарынарды Нооруз майрамы менен куттуктайм!!! Баарынарга: чын ден соолук, узун омур, уйбулолук бакыт каалайм!!! Ушул жылы-айдан аман, жылдан эсен чыгалы! Жылыбыз-токчулуктун, молчулуктын, тынччылыктын жылы болсун!!!!

Home: Тушумдо: Кыргызстанда журупмун! Уйдогулор менен укмуш сонун жайнаган дасторкондун устундо отурам тамактанып... Атандын гана кору дунуйо-о, ойгонбой эле койсом болмок да... Жок дегенде тушумдо жыргап алсам болмок да... Аяшынар ойготуп жибербедиби Азыр Кыргызстанда айыл-айыл болуп чогулуп, кой союлуп, казан асылып... анан баарынан да (Frances куткон кадыр тун тозулуп, СУМОЛОК бышырылды да ) сумолок бир аздан кийин элге таратылат да... Кыскасын айтканда, биз деле бул жакта 2-3 кыргыздын башы биригип, дасторкон жайып, дасторконду кыргызча даамдуу кылып жасаган кундо да Кыргызстанга жетпейт десен... Кыргызстанды эстеп НАСТАЛГИЯ болуп отурам

minsokchon: Нооруз майрамыныздар менен куттуктайм!!!! кааларым тынчылык молчулук!!!

Home: minsokchon пишет: Нооруз майрамыныздар менен куттуктайм!!!! кааларым тынчылык молчулук!! Рахмат! Бирге болсун! Алас, алас, алас, Ар балээден калас! Желин айрылып сүт чык, Жер айрылып көк чык. Жаңы жыл жакшылыгын баштай берсин, Эски жыл жакшылыгын таштай кетсин. Шириндик тартсын тилиңди, Отко тазарт дилиңди. Алас, алас, алас, Ар балээдэн калас! Нооруздун ушул күнүндө, Арча түтөп ар үйдө, Шаттык, күлкү жаңырып, Шаң жаңырсын көктөмдө!

Home:

Home: Коён токойдо баратса, жолдо арстан жатат дейт. Коён: – Арстан байке, өтүп кетейинби ?- десе, Арстан: – Өтөгой, өтөгой ,- деп сылык жооп берет. Бир убактан кийин коён кайрадан ошол эле жол менен келатса, арстан дагы эле жатат. Коён кайра эле: – Арстан байке, өтүп кетейинби ?- десе, Арстан: – Өтөгой коён, өтөгой ,- деп кайталайт экен. Бир аздан кийин коён үчүнчү жолу ошол эле жол менен келатса, арстан дагы эле жатат. Анан дагы эле: -Отүп кетейинби - десе, Арстан: -Отөгой -дейт. Анда коён: – Арстан байке, деги эмне болду сизге, эмне бул жакта жатып калгансыз ?- десе, Арстан: – Капканга тү-шүп калдым !- деп кыйкырат экен. Анда коён: – Эй, арстан, эмне кыйкырасың? Үнүңдү катуу чыгарба мага ?- деп кый-кырыптыр.

Home: Турмуштан алынган анекдот ЖАМБЫЛ КАМЧИЕВ, куудул Рахман Разыков интервью берип жатат. Жур-налист: – Рахман байке, ай-ты--ңыз-чы, биздин артисттерден кимиси бай да, кимиси кедей ? – Артисттерибизден эң байы Ибрагим Жунусов, ал эми кедейи Жамбыл Камчиев . Ошол эле журналист Жамбылга байланышып: – Рахман байке сизди артисттердин ичинен эң кедейи деп айтты. Ушул чынбы?- десе, Жамбыл: – Ибрагим менен кошуна турабыз. Бирок анын бай экенин билбейт экенмин. Балдары күндө келет, кетмен, күрөк, араба сурап ,- деп жооп берип коёт. Муну уккан Ибрагим Жамбылды үйүнө чакырып: – Жамбыл аке, бул эмне кылганыңыз? Мени баарына уят кылдыңыз го,- дейт. Анда Жамбыл: – Эмне, балдарыңдын сурап баргандары жалганбы? – Эй, болду! Экинчи Жамбыл акеникине бирдеме сурап барбагыла,- деп ачууланат Ибрагим. Ал эми Жамбыл үйүнө кетет. Окуянын эртеси эле Жамбылдын дарбазасы такылдайт. Чыкса Ибрагим туруптур. Жамбыл: – Эмне болду, таң атпай? – Акыркы жолу арабаңызды берип турасызбы? Таштандыларды ташып алайын. – Ушуга ушунчалыкпы? Балдарыңды эле жөнөтпөйсүңбү? – Кечээки сөздөн кийин келбей жатышпайбы. “Жамбыл аке бербей коёт” деп.

Home: Троллейбуста бир студент колуна костюмун кармап алып баратат. Аябай арык экен. Аны карап отурган ардагер аял боору ооруп: – Кел, балам, отуруп ал . – Жок, энеке, рахмат. – Ай, келе анда, жок дегенде кос-тюмуңду кармап алайын . – Бул костюм эмес, досум.. .

Home: КАДР АРТЫНДАГЫ КЫЗЫКТАР Камчы менен Аскат “Уурунун махабаты” тасмасына тартылып жүрүшөт. Кыш мезгили. Көл жээгинде тартылчу кадр бар болчу. Ошондо кыз машинасы менен сууга түшүп кетет эмеспи. Аны Камчы менен Аскат куткарышы керек эле. Ошол убакта Аскат Камчыны сынамакка: “Сууга секир”,- дейт. Камчы сууга секирет, анын артынан чочуп кеткен Аскат көлгө секирет. Кыш, суук, суудан араң чыгышат. Калчылдашат. Үшүп-тоңуп калгандыктан, суук тийип, Көлдөн кайтканда ооруп калышкан экен...

minsokchon: Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: - Акыркы өтүнүчүңдү айтып кал, - деп кайрылат. - Бир гана суранычым бар, - дейт Апенди. - Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле... * * * * * Апенди досу менен Америкадагы илимий жыйынга катышып калышат. Америкалыктар: - Жакында Марска учабыз. Германиялык илимпоздор: - Биз Айды изилдеп жатабыз. Апенди туруп: - Биз жакында Күнгө учканы жатабыз, - дейт. Баары таң калып туруп калса, Апенди камырабай кошумчалап коёт дейт: - Биз шашпа-ай Күн салкындаганда барабыз. * * * * * Апендинин бала чагы. Ал мектептен келгенде тумагы ылай болуп калганын көргөн апасы: - Айт, эмне болду? - Балдар тумагымды алып футбол тобу кылып ойношту. - Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксуңбу? - Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум...

Home: minsokchon пишет: Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле... minsokchon пишет: Биз жакында Күнгө учканы жатабыз, - дейт. Баары таң калып туруп калса, Апенди камырабай кошумчалап коёт дейт: - Биз шашпа-ай Күн салкындаганда барабыз. Атандын кору дунуйо... minsokchon пишет: Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум... Баардыгы жон эледен башталат да...

minsokchon:

minsokchon: Салык Башкы эсепчи менен эсептешип калдым. - Ко-ош… Сага 73 сом жазган экенбиз, марттык кылып. Анын 40 пайызын салыкка кармап калдык. - Салык?..Кандай салык? - Салыктын түрлөрү көп. Мисалы, бойдок салыгы… - Ой, мен бойдок эмесмин го, аялым бар. - Аялың бар болмоктон, күйөөң бар болсун… серавно, аны ар бир адамдан кармоого тийишпиз. Керек болсо, тирүү жүргөнүң үчүн да салык төлөөгө милдеттүүсүң. - Бөлөк кандай салык кармадыңыз? - Алимент… - Алимент? Ой, мен аялым менен ажырашкан эмесмин го?! - Ажырашпасаңар, эми ажырашасыңар. - Эмне үчүн? - Өзүң жарыбаган маяна алсаң… ошонун кесепетинен "казан-аяк кагылышат". Анан... "Кырсык - каш-кабактын ортосунда" тура. "Казан-аяк кагылыша электе" эле мени кырсык басты. Тагыраак айтканда, даараткананын үстүндөгү шиферди оңдоп жатып кулап кетип, мүрт кеткем. Бирок, салык деген нерсе тигил дүйнөдө деле бар экен. Мына, үңкүрө-маңкүрөвөй инспектор кечээ эле менден бир топ суммада салык өндүрүп кетти эле, бүгүн о дүйнөнүн жарык дүйнөдөгү тыңчысынан мындай мазмунда телеграмма келиптир: "Былтыр өлгөн Мадырайымдын атынан почточулар дале пенсия алып өздөрү жеп жатышат. Давайте, Мадырайымдан алынуучу салыктын өлчөмүн дагы жогорулаткыла!"

Home: minsokchon пишет: Ко-ош… Сага 73 сом жазган экенбиз, марттык кылып. Анын 40 пайызын салыкка кармап калдык. - Салык?..Кандай салык? - Салыктын түрлөрү көп. Мисалы, бойдок салыгы… - Ой, мен бойдок эмесмин го, аялым бар. - Аялың бар болмоктон, күйөөң бар болсун… серавно, аны ар бир адамдан кармоого тийишпиз. Керек болсо, тирүү жүргөнүң үчүн да салык төлөөгө милдеттүүсүң. - Бөлөк кандай салык кармадыңыз? - Алимент… - Алимент? Ой, мен аялым менен ажырашкан эмесмин го?! - Ажырашпасаңар, эми ажырашасыңар. Ачуу чындык! Мамлекет карапайым элден салыкты тыкылдатып сыгып алат, анан ал кайда кетип атат...

minsokchon: Жазуучу Бекмырза Рахман уулу (ыраматылык) "Чалкан" журналында редактор болуп иштеп жүргөн кезинде конокко барып калат. Палоо жеп отурса, тишинен "пычыр-пучур" эткен үн чыгып кетиптир. Ошондо үй ээси: - Таш бар бекен? - дейт ыңгайсызданып. Аны уяткаргысы келбеген редактор: - Эчтеке эмес (Ничего)! Күрүчү да бар экен, - дептир.

Home: minsokchon пишет: Аны уяткаргысы келбеген редактор: - Эчтеке эмес (Ничего)! Күрүчү да бар экен, - дептир. "Конок койдон жоош" да...

minsokchon: Бир партия баш кошсо - позиция, Эки партия баш кошсо - оппозиция, Үч партия баш кошсо- коалиция, Төрт партия баш кошсо - революция. Жеңең билсе, бүт айыл билет, ЖК билсе, бүт өлкө билет. Мамиле кетсе кетсин, мамлекетибиздин бүтүндүгү кетпесин. Жылкы кишенешип, коалиция «тиштешип» таанышат. Эки дөө партия кармашса, ортосунда кара «Мерседес» минген министр чабылат. Жыланга чактырган аргамжыдан коркот, Революцияга чактырган бийлик, митингден коркот. Уктаган жыландын куйругун баспа да, Шайлоодон өтпөгөн партиянын куйругун баспа. Ачууланган алгач өкүрөр,анан өкүнөр. Бийлигин алдырган ажо алгач аттырар, анан капчыгын кактырар. Ата болуп көрбөгөн ата кадырын билбейт, ажо болуп көрбөгөн партлидер элбашы кадырын билбейт. Бийлик баалуу эмес, элге кадырлуу болгон баалуу. Махабаттын мыктылыгын көз билдирет, Депутаттын мыктылыгын сөз билдирет.

Home: Кезекте САЯСАТ темасыбы? minsokchon пишет: Бир партия баш кошсо - позиция, Эки партия баш кошсо - оппозиция, Үч партия баш кошсо- коалиция, Төрт партия баш кошсо - революция. Абдан таамй айтылган создор экен! minsokchon пишет: Жылкы кишенешип, коалиция «тиштешип» таанышат. minsokchon пишет: Жыланга чактырган аргамжыдан коркот, Революцияга чактырган бийлик, митингден коркот. minsokchon пишет: Ачууланган алгач өкүрөр,анан өкүнөр. Бийлигин алдырган ажо алгач аттырар, анан капчыгын кактырар.

Home: Путиндин Бакиевге берген кеңеши Бакиев Путинге телефон чалып, арызданат: - Мени эч ким укпай атат, эли да, өкмөтү да, эмне кылсам болот ? Путин: - Москвага келчи, жакындан баарлашалы . Эртеси Бакиев Москвага жетип барат Путин: - Ии, сүйлө, ким укпай атат ? Бакиев: - Баары, айтканымды тескери жасашат. Путин: - Мен сага кандай адамдар менен иштешиш керектигин кеңеш берем. (Кол алдында иштеген кызматкери Шойгуну чакырат) Путин: - Шойгу, сенин атаңдын баласы, бирок сенин бир тууганың эмес, бул ким? Шойгу: - Мен да. Путин: - Көрдүңбү кызматкерди кандай тандаш керектигин. Бакиев кудуңдаган бойдон Кыргызстанга келип, эртеси кол алдындагылардын баарын чакырат. - Мен силерге бир суроо берем. Ким ошону туура тапса, жумушта калат, таппагандарды кызматтан алам. Суроо төмөндөгүдөй: - Силердин атаңардын баласы, бирок силердин бир тууганыңар эмес, бул ким ? Бир топко чейин тынчтык өкүм сүрүп, бир убакта Адахан Мадумаров сөз баштайт: - Курманбек Салиевич, ойлонууга бир күн убакыт бербейсизби ? Бакиев: - Макул Баары ойлонуу менен тарашат. Адахан үйүнө келип А.Ага телефон чалат: - Аскар Акайыч, сиз билесизби, ажобуз бизге бир суроо берип, таппасаңар жумуштан алам деп атат… Акаев: - Ии, эмне суроо? Мадумаров: - Сиздин атаңыздын баласы, бирок сиздин бир тууганыңыз эмес, бул ким? Акаев: - Менмин да. Эртеси чогулушта отурушат Бакиев: - Ии, суроомо ким жооп берет? Мадумаров: - Мен Бакиев: - Ким экен? Мадумаров: - Албетте, Аскар Акаевич Бакиев: - Туй, ата, караандаган да жоксуң, ал деген Шойгу да - дептир

Home: 30 жаштагы айым 15 жаштагы кызын тилдеп атат: - Ай кызым, дискотека, кафеден башың чыкпайт, көп басканыңды койсоң боло? -десе, Кызы: - Сиз деле жаш болгонсуз да… - Мен сендей кезимде апамдын тилин угуп, үйдөн чыкпай отурчумун -дептир. Маанисин тушундунорда ээ... 2 мааниде тушнсо болот

minsokchon: Бир айылдык грузин келип сатуучудан сурайт: - Кызым, мага жакшы компүтер керек эле. Акчасынан коркпо. Дурусун сунуш кылсаң. - Балким, Сизге Macintosh керектир? - Ва-ай, кызым! Мага азыр макинтошуң да, кундуз пальтоң да кызыксыз. Мага компүтер керек! * * * * * Чехиянын “Батйа” дүкөнүндө - Пани, мага абдан кооз, жуп-жумшак, абдан назик ийленген булгаарыдан жасалган, ушунчалык элеганттуу, бирок ушунчалык арзан болгон туфли керек эле. Ошондой туфлилерден карап көрсөм жакшы болот эле. - Мен дагы ошондой туфлини көрүүнү самайм... – деди дүкөнчү. * * * * * Бишкектеги зергер дүкөнүндө Кардар айым келип бир сөйкөнүн баасын сурап кызыгат. - Бул канча турат, кызым? - Төрт миң сом. - Коку-уй! Анан сөөмөйү менен шуруну көрсөтөт. - А мунусу канча болду экен? - Ал шуру эки “кокуй” турат, эжеке! * * * * * Ыстамбулдагы зергер дүкөнүндө Кардар айым дүкөндөн асыл таш чөгөрүлгөн билерик сатып алат. Дүкөнчү кардар айымга: - Опе-ей, акчаңыз ным болуп калыптыр го? - Ооба, күйөөм бетине басып буркурап ыйлап жатып берген бул акчаны. * * * * * Сочиде же Чолпон-Атада... Көчө боюнда шишкебек сатып отурган кишиге бир кардар кайрылат. - Сизде уй этинен башка тоок этинен да шишкебек бар экен. Мага тоок этинен жасалганын кактап берсеңизчи? - О-ой, тууган, чынын айтсам, ал саал бүксүп кеткен болчу. - Кокуй, анда берки уй этинен даярдалганын эле кактай калыңыз. - Кандай десем... Ага караганда берки тооктуку эле денсоолукка дурусураак го? * * * * * Париждеги дүкөндө - Кечиресиз, урматтуу айым! – бир эркек киши чоң дүкөндүн ичинен бир сатуучу айымга кайрылды. – Эгерде Сиздин капчыгыңызда ашыкча 500 евро болсо, анда бирдемке сатып алуу үчүн кайсы бөлүмгө барат элеңиз? - Албетте, астыңкы кабаттагы бетмай, упа саткан бөлүмгө бармакмын! - Чо-оң рахмат! Мерси буку! – кудуңдаган алиги киши адашып калган аялын табуу үчүн астыңкы кабатка чуркады. * * * * * Маскөөдөгү БУМда Маалымдоо бөлүмүнө бир айым келип сурайт: - Мен эки саат мурда күйөөмдү жоготуп алдым! Эмне кылаарымды билбей калдым? - Көңүл айтам! Сөөк коюу жөрөлгөлөрүн уюштурган агенттиктин кеңсеси 3-кабатта, түз барып солго буруласыз... * * * * * Америкадагы дүкөндө Дүйнөлүк кризис маалында бир кийим-кечек саткан дүкөнгө жумушсуз киши келип, кызматка ал деп кожоюнга жалдырап кайрылат. - Болуптур, бирок бир гана шарт менен! Тетиги бурчтагы өңү жагымсыз, сөлбүрөгөн костюмду бирөөгө сатсаң, анда жумушка кирдим дей бер! Кожоюн түштөнүп келген соң, аны берки киши жаркылдап тосуп алат: - Мен саттым, мен саттым!.. Анын тытылган кийимин, канталаган, бинт оролгон колун көрүп, дүкөн кожоюну сурайт: - Эмне, костюм сатып алган кардар саал акаарат айтып, каршылык көрсөттүбү? - Жок, ал абдан сылык мамиле кылды. Бирок ага дайыма жол көрсөтүп жүргөн ити бар экен, ошого костюмдун түсү жакпай калдыбы, билбейм...

Home: minsokchon пишет: Пани, мага абдан кооз, жуп-жумшак, абдан назик ийленген булгаарыдан жасалган, ушунчалык элеганттуу, бирок ушунчалык арзан болгон туфли керек эле. Ошондой туфлилерден карап көрсөм жакшы болот эле. - Мен дагы ошондой туфлини көрүүнү самайм... – деди дүкөнчү. minsokchon пишет: Ал шуру эки “кокуй” турат, эжеке! Бизде баары кымбат... minsokchon пишет: Балким, Сизге Macintosh керектир? - Ва-ай, кызым! Мага азыр макинтошуң да, кундуз пальтоң да кызыксыз. Мага компүтер керек! minsokchon пишет: [ quote]- Опе-ей, акчаңыз ным болуп калыптыр го? - Ооба, күйөөм бетине басып буркурап ыйлап жатып берген бул акчаны. minsokchon пишет: Эмне, костюм сатып алган кардар саал акаарат айтып, каршылык көрсөттүбү? - Жок, ал абдан сылык мамиле кылды. Бирок ага дайыма жол көрсөтүп жүргөн ити бар экен, ошого костюмдун түсү жакпай калдыбы, билбейм...

Home: Эки кошунанын маеги Эки аял балконго чыгып амандашып атат: Биринчи аял: - Кандай анан кошуна? Ден соолук жакшыбы? Экинчи аял: - Кудайга шүгүр, өзүң кандай? Эмне ооруп атасыңбы? Биринчи аял: - Жок, ай. Эмнеге антип сурап атасың? Экинчи аял: - Кечээ күнү бир врач үйүңөн чыгып баратпады беле? Биринчи аял: - Эмне врач үйүмдөн чыгып кетсе ооруп аткан боломбу? Сенин да үйүңдөн эртең менен бир депутат чыгып кетти го? Эмне, сенин үйүңдө митингке даярданып жатабы? -деп кошунасын беттен алыптыр

Home: Дуйнолук оор атлетика боюнча мелдешке Кыргызстан да катышып калыптыр... Шарт боюнча: 600 кг штанганы которуш керек экен. Дуйно жузунун "Мен кыйын"-деген баалбандары которо албаптыр. Аягында кезек Кыргызстанга келиптир. Спорт клубдун Президенти кимди алып чыгууну билбей кочого чыкса бир алкаш кетип бараткан экен. Ошону чакырып залга алып кириптир да, штанганы корсотуп: - Ошол темирдин астында 2 шише арак бар - дептир. Алкаш чуркап келип, штанганы которуп: - Кана арак? - деген экен...

Home: Эки студент тамеки чегип олтурат. Бири экинчисине: -Шишкебектин жыты келип жатат . Экинчиси: -Тамекине жабышып калган чымынды алып ташта...

Home: Эстелик менен сүйлөшүү... Эх жүз грамм, жүз грамм... Кыргыздын атактуу акындары Аалы Токомбаев менен Мидин Алыбаев бульварда чогуу сүйлөшүп баратышып эле, негедир Мидин Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелигинин алдына токтоп калып, аны карап кобурай баштайт: - Айланайын Жоке, кыйналып турам, тыйының болсо кайрылышып турчу, жакында Аалыкем силер жакка барат, ошондон карызымды берип жиберем -деп А.Токомбаевге угуза айтыптыр. Анда жини кашайган Аалыке: - Тилиңе тибиртке чыккыр чечек десе , жөн эле башымды жазып бер деп айтпайсыңбы ? -деп пиво саткан "Сейилди" көздөй бет алышыптыр.

minsokchon: Дагы бир жолу Америкада... Дүкөнгө беткеп кийген бир киши тапанчасын шыпка карай атып кирип келет. - Баарыңар тең колуңарды көтөргүлө! Акчаңарды даярдагыла. Анан дүкөнчү кызга кайрылат. - Атың ким? - Элизабет. - Менин апамдын аты да Элизабет. Сага тийишпейм, четке барып тур. Анан эңгезердей болгон сатуучу жигитке тапанча кезейт. - Сенин атың ким? - Мындан аркы атым Элизабет. * * * * * Сибирдин дүкөнүндө Бир киши келип, сатуучудан “абдан жылуу жана кооз жемпир керек эле” деп сурап калат. - Мына бул жемпир жакшы. - Бирок Кытайдыкы болбосун! - Кытайдыкы эмес, Бишкектики. - Опе-ей, мен өзүм Бишкектен келсем, анан аялыма Бишкекте чыккан товарды сатып алып бармак белем? - Он мүнөттөн кийин кайра келиңиз. Бишкектин белгисинин ордуна Италиянын же АКШнын бир компаниясынын жардыгын тиге салалы.

minsokchon: Картага кетти Каркыра! Назарбаев менен Бакиев арак ичип, карта ойноп атышат дейт. Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты уттуруп жиберген Кукең чөнтөгүн кагынып туруп жөнөйт. Анда Нуракең тигини этектен кармап: - Кайда шашасың, Каркыранын бир өңүрүн кошо сайдым деп бакылдадың беле?...

minsokchon: Жаз кунундогу жаркын майрамыныздар менен чын дилимден куттуктаймын. Жаны жылыбыз жергебизге тынчтык, элибизге бейпилдик жана жан дуйнобузго жай турмуш тартуулап, тилектер менен ниеттердин орундалышына, максаттарга жетуубузго,жана бул Нооруз майрамы жанылануунун жана озгоруунун башаты болуп, олкобуздо бакубат турмуш орношуна Жаратканым озу жар болсун! Кийинки ушул кундорго чейин алтын башыбыз аман болуп, куру доомат менен бей ажал олумдон сактасын!

Home: minsokchon пишет: Бир киши келип, сатуучудан “абдан жылуу жана кооз жемпир керек эле” деп сурап калат. - Мына бул жемпир жакшы. - Бирок Кытайдыкы болбосун! - Кытайдыкы эмес, Бишкектики. - Опе-ей, мен өзүм Бишкектен келсем, анан аялыма Бишкекте чыккан товарды сатып алып бармак белем? - Он мүнөттөн кийин кайра келиңиз. Бишкектин белгисинин ордуна Италиянын же АКШнын бир компаниясынын жардыгын тиге салалы. minsokchon пишет: Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты уттуруп жиберген Кукең чөнтөгүн кагынып туруп жөнөйт. Ачуу чындык... Чындыгында ушундай болуп калбадыбы? "Шамал болбосо-чоптун башы кыймылдабайт да..." minsokchon пишет: Жаз кунундогу жаркын майрамыныздар менен чын дилимден куттуктаймын. Жаны жылыбыз жергебизге тынчтык, элибизге бейпилдик жана жан дуйнобузго жай турмуш тартуулап, тилектер менен ниеттердин орундалышына, максаттарга жетуубузго,жана бул Нооруз майрамы жанылануунун жана озгоруунун башаты болуп, олкобуздо бакубат турмуш орношуна Жаратканым озу жар болсун! Кийинки ушул кундорго чейин алтын башыбыз аман болуп, куру доомат менен бей ажал олумдон сактасын! Айтканын келсин!

Home: Турмуштан алынган анегдоттор Жамбыл кечинде телефон чалыптыр: - Аяш, Абдылда барбы үйдө? - Жок. - Жакшы экен анда. Бүгүн жыргап мени түш көрүп жат а, аяш -деп Жамбыл мулуңдаса, Аяшы: - Коюңузчу, Жамбыл аке, сизди түш көрөм деп коркуп, жүрөгүм түшүп өлүп калайынбы?! -дептир, Ырыс эжебиз куудулду сөзгө сындырыптыр...

minsokchon: Кайсынысы тез келет? Премьер-министрден журналисттер сурап калышат: - Сиз жаңы жылды жакшы көрөсүзбү же шайлоону жакшы көрөсүзбү, - дешип. - Албетте, шайлоону, - дептир премьер-министр. - Эмнеге? - Бизде жаңы жылга караганда шайлоолор тез-тез болуп турат эмеспи, - дептир премьер-министр. * * * * * Акбоз аттын такасы, демократиянын накасы - Демократия деген эмне? - деп премьер-министрден сурап калышат. - Бакиевди кубалап, ордуна бакиевчилерди алып келсек, нагыз демократия деген мына ушул, - дептир премьер-министр.

minsokchon: Турмуштан алынган анегдоттор

minsokchon: Өмүкө Баракка жеңилбептир "Ата Мекен" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Текебаев менен АКШ президенти Барак Обама шахмат ойноп атат дейт. Текебаев амал кылып өз "баатырларынын" бирин жылдырат. Анда Обама чыйпылдап: - Мындай жүргөнгө болбойт, ханыңды (королуңду) жеп коём! - Бизде хан жок да, - дейт Текебаев. - Анда президентиңерди жеп коём. - Жесең жей бер, мен өлкөнү "парламенттик жумурият" деп жарыялайм да, андан ары ойной берем!.. * * * * * Баатыр куштар "парады" Батальонго генерал келет. Ага мыкты жоокерлерди көрсөтүп атышат. - Соколов! - Шумкар! - дейт генерал. - Орлов! - Бүркүт! - дейт генерал. - Таранчиев! - Бу да эргул чымчык! - дейт генерал.

Home: minsokchon Мен жаны эле турдум... minsokchon пишет: Бизде жаңы жылга караганда шайлоолор тез-тез болуп турат эмеспи, - дептир премьер-министр. Туура, туура... minsokchon пишет: Жесең жей бер, мен өлкөнү "парламенттик жумурият" деп жарыялайм да, андан ары ойной берем!..

Home: minsokchon Ууруга ашык болгон тоок - Биздин айылда чоң ууру бар эле, - дейт ысыккөлдүк бир таанышым. Ал “кайран” каучук жип өткөзүлгөн жүгөрүнү тоокко жуткузуп, анан жиптин бир учунан тоокту жетелеп келатса, аны көргөндөр минтип таңданыптыр: - Бул кишини биз "ууру" деп айтканыбыз туура эмес экен. Көрсө, тооктор өздөрү аны жакшы көрүп ээрчип алышат тура...

minsokchon:

Home: Аялы наалып куйосуно айтып атат: - Түнү бою көз ирмебей чыктым , сен коңурук тарттың, а ит болсо үрүп чыкты - дейт. Анда куйосу: - Анан эмне ит коңурук тартып, мен үрөйүмбү - дептир.

Home: Мисирдин (Египеттин) президенти Хосни Мубарак Лукашенкого телефон чалып: - Мен да силерге качып барсам болобу? Бакиевдин жанына... - Жок, сиз Назарбаевге барганыңыз жөн . Ал түбөлүк президент болгон атпайбы. Мен 5 жылдан кийин кулайм -дептир.

minsokchon:

minsokchon: Сыйлык ыйгаруу Беш-алты айдан бери эмгек акыларын албаса да кадимкидей жашап, тирүү жүргөндөрдү сыйлоо үчүн өкмөтүбүз төмөндөгүдөй наамдарды чыгарган экен: 1."Ач курсактардын баатыры" 2."Республиканын эмгек сиңирген ачкасы" 3."Курсагы катуу курулдаган киши" 4. "Ашказан" ордени 5. "Жокчулук" медалы 6. "Алсыроо" грамотасы Ушул наамдардын эң башкысы биздин мекемеге туш болуп, ошону кимге ыйгаруу жөнүндө биздин ишканада чогулуш болуп жатыптыр. Чын эле бул наамга ким татыктуу? Ким болсо да бактылуу адам го! Себеби, мындай наамга эгедер болгон адамга күн сайын бир маал ысык оокат, эки стакан чай, бир кесим колбаса жана 50 грамм арак берилет экен. - Урматтуу мырзалар жана айымдар! - дедим мен. - "Ач курсактардын баатыры" деген наамды кароолчубуз Асан акеге ыйгаралы. Өзүңөр деле байкап жүрсөңөр керек, Асан акенин акыбалы оор. Азыр курсагы иттей ач. Ал алты ай эмес, тогуз айдан бери маяна ала элек. Бирок, менин сөзүмдү коштогон адам болгон жок. Талапкерди туура эмес тандаганымды, жаштык кылганымды кийин гана билип, өкүнүп калдым. Ардактуу наамды башчыбызга менден башкасы бир добуштан ыйгарышты. Аны жан-дили менен колдогон Куйтуубай минтип сүйлөдү: - Ырахмат, айланайындар! Силер аксакалды сыйласаңар, силерди демократия сыйласын. Көрөгөчтүк кылдыңар. Чындыгында ушул жерде турган адамдардын эң эле курсагы ач - аксакал. Эгер аксакалдын курсагы ачпаганда, аксакал пара албайт болчу. Туурабы? Эң туура. Ал эми кароолчунун кана пара алганы, кана жалган ведомостко кол койгону? Жок. Антпейт. Себеби анын курсагы ток да. Эмесе, урматтуу аксакал, сизди ардак наамыңыз менен өзүмдүн атыман, үйүмдөгү катын, бала-чакамдын, чөнтөгүмдөгү 500 сомумдун жана короодогу кой-эчкилердин атынан куттуктап коюуга уруксат этиңиз! Анан чогулуш улантылып, кыскартуу маселеси каралды. Мен мурда кароолчунун талапкердигин сунуш кыла коюп, андан кийин чийки май жегендей болбодум беле. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, мен шашып-бушуп, кыскартууга башчыбыздын талапкердигин сунуш кылдым. Тилекке каршы, бул сунушум да четке кагылды. Алар мени кыбыланы карай… кыскартууну карай жыгышып, жумушсуздар дүйнөсүнө мезгилсиз жөнөтүштү.

Home: minsokchon пишет: 1."Ач курсактардын баатыры" 2."Республиканын эмгек сиңирген ачкасы" 3."Курсагы катуу курулдаган киши" 4. "Ашказан" ордени 5. "Жокчулук" медалы 6. "Алсыроо" грамотасы Чынын айтсам мен: жогорудагы сыйлыктардын бирооно да татыктуу эмес элем... Анан, кашайып 2-3 кундон бери сасык тумоо болуп ич откок менен кыйналып атам Анан мага № 6ны ыйгарсан боло берет

Home: Достор кайда кеттинер...

minsokchon:

Home: Таластагы музыкалык мектептерде 2 гана нота колдонулат. Алар – фа жана соль...

Home: Эки дос арак ичип отурат: Биринчиси: - Билесинби досум? Менин журогум ооруп атат... -десе, Экинчиси: -Журок эч нерес эмес, эн негизгиси-ден соолук болсунчу -деп койот экен...

Home: Тааныш шоопур базарда тааныш балчыга : -1 л асел! -Ээ, дос! Бал кымбаттап кетти, озунуз билесиз бензиндин баасы которулуп... -Эненди урайын, сенин! Бал менен бензиндин байланышы кандай? Же сен аарыларыны бензин менен заправкалайсынбы учуп чыгарда? -дептир жини келиптир...

minsokchon: Ал студент өз жүрөгүн таба албайт Бир жолу анатомия сабагынан сынак болуп жаткан экен. Чунак студенттердин бири үч жолу кирип, ооз ачып жарытылуу жооп узата албастан, үч жолу тең сынактан кулап чыгат. Студенттин жоро-жолдоштору жоон топ болуп профессор Боткинге келишет да, алиги бечара студентти аяп, эптеп кийинки семестрге өтө тургандай баа коюусун өтүнүшөт. - Эгерде антпесеңиз ал кургур “жүрөгүмө бычак малып, өз өмүрүмдү кыйам” деп коркутуп жатат! – дешет окуянын олуттуулугун баса белгилеген “арачылар”. - А силер тынчсызданбай эле койгула, ал өлбөйт. Анткени ал жүрөгүнүн кайсы жерде жайгашканын да билбейт, - дептир Боткин мырза. * * * * * * * Тердетүү үчүн жакшы усул - сынак Профессор Боткин сынакта бир студентти “эзип” көпкө чейин сурайт. - Кеселдеп калган киши жакшы тердеши үчүн эмне кылуу керек? – дейт ал студенттен. - Тердетчү зат берүү керек. - Маселен? - Ысык чай, кулпунай... - Ал жетишсиз болсочу? - Анда тердете турган дары май шыбайм. - Мында да болбосочу? - Анда запаран (шафран) чөбү мыкты ылаажы болот. - Аныңа да болбосочу? - Липа гүлүнүн бүрүн кайнатып берем. - Муну да денеси тоотпосочу? - Анда ал оорулууну Сизге сынак тапшырууга жиберем, - дептир чекесинин терин шыпырган студент. * * * * * * *

Home: minsokchon пишет: А силер тынчсызданбай эле койгула, ал өлбөйт. Анткени ал жүрөгүнүн кайсы жерде жайгашканын да билбейт, - дептир Боткин мырза. minsokchon пишет: Анда ал оорулууну Сизге сынак тапшырууга жиберем, - дептир чекесинин терин шыпырган студент. Абдан сонун айтылыптыр... Чынында эле экзамен учурунда... чыкбаган жеринен да чыгат да... Аябай акылдуу, созго чечен студент экен

Home: Бир жинди ботинкасын оюнчук машинага окшотуп ойнооп атса, анын врачы келип: - Аа, машина ойноп жатасынбы?- десе, Жинди: -Жиндисизби бул батинка!- дептир

Home: Кытайлыктар бака, жылан ж.б. жешет аны баары билет да туурабы? Акыркы статистикага таянсак кытайлыктар сойлоп журучулордон - ПОЕЗДИ, канатуулардан - САМАЛЕТту, сууда жашоочулардан - КЕМЕни жей элек экен деп газет бетинде жазылып журот...

minsokchon: Home пишет: САМАЛЕТту, сууда жашоочулардан - КЕМЕни жей элек экен деп газет бетинде жазылып журот...

Home: Бир адам базарга барса тотукуш (попугай) сатылып жатыптыр. -Кандай өнөрү бар? - деп сатуучудан сураса, Сатуучу: -Эмнени кааласаңыз ошону айтат - деген экен. Ал адам кызыгып тотукушту сатып алыптыр. Үйгө келгенде тотукушка: - Аке де- десе. Тотукуш айтпайт экен. Кайра, кайра кайталаптыр, эч жыйынтык чыкпаптыр. Жини келип куштун париктерин тыткылап, тоокканага ыргытып жатып алат. Түнү уктап жатса тооктордун кыйкырган үндөрү угулат дейт. Туруп барып караса попугай тоокторду четинен кармап алып: -Ааке де!- деп париктерин жулуп жаткан экен...

Home: "Конгон адат калабы, уйга жугон салабы?" Адаптагыдай эле кундордун биринде достор менен 100 грамм ичишкенден кийин, кожоюн уйго келет. 100 граммдан кийин - баатырда аталык сезим пайда болуп: -Эй, бокбасар! Атандын колокосун урайын! Алып келчи кундолугунду... Баласы кундолук алып келгиче, отурган жеринде уктап калат. Баласы атасын турткулоп: -Ата, алып келдим! Атасы: -Ач! Баласы: -Ачтым! Атасы: -Куй!

minsokchon: Home

minsokchon: Мубарак жана "кум-таш бизнеси" Президент Хосни Мубарак катуу кеселдеп, өз сааты жакындап калганын сезет да, “оң колу” болгон жөкөрлөрүнүн бирин чакырат. - Эми мен “аркы дүйнөгө” ооп кетсем, калкым кантээр экен? Кыйналып калбайбы? - Өз жаныңызды ойлосоңуз, урматтуу райис! Калкың кыйналбайт. Нил суусу соолсо да, мысырдыктар чөлдөгү кум-ташты жеп жата берет. - Анда менин акыркы жардыгым ушундай болсун – чөлдөгү кумду неберемдин менчигине өткөрүп койсок туура болот көрүнөт. * * * * * * * Балдар менен баарлашканда Президент Хосни Мубарак баштапкы мектепке келип, жеткинчектер менен жолугушат. - Кана, кимиңерде суроо бар? – дейт жолугушуунун этегинде. Рами деген бала кол көтөрөт. - Менде төрт суроо бар. Биринчиден, эмнеге 25 жыл бою кызматтан түшпөй койдуңуз? Экинчи. Неге сиздин вице-президентиңиз жок? Үчүнчү. Эмне үчүн уулдарыңыз өлкөнүн экономикасын да, саясатын да укуруктап алышкан? Төртүнчү. Эмне үчүн өлкөбүздүн экономикасы мышык ыйлагандай акыбалга кептелип калганда да эч бир чара көрбөй атасыз? Капысынан мектептин коңгуроосу шыңгырап калды. Мубарак сөздү танапистен соң уланталы деген соң, балдар бир аз убакытка сыртка чыгып келди. - Кана, баарлашуубузду уланталы. Кимде кандай суроо бар? – деди президент Мубарак. - Менде бар. - Атың ким? - Атым Тамир. Менде алты суроо бар. - Болуптур, айта гой, Тамир! - Биринчиден, эмнеге 25 жыл бою кызматтан түшпөй койдуңуз? Экинчи суроом. Неге сиздин вице-президентиңиз жок? Үчүнчү. Эмне үчүн уулдарыңыз өлкөнүн экономикасын да, саясатын да укуруктап алышкан? Төртүнчү. Эмне үчүн өлкөбүздүн экономикасы мышык ыйлагандай акыбалга кептелип калганда да Сиз эч бир чара көрбөй атасыз? Бешинчи суроом. Эмне үчүн мектептин танапис жарыялаган коңгуроосу 20 мүнөт эртерээк кагылды? Алтынчысын айтайын. Танапис маалында Рамини каякка жоготтуңар? * * * * * * *

Home: Бир аксакал киши 9-майда согуш жонундо балдарга айтып берип жатыптыр: -Ээ, балдарым! Согуш жаман болгон, каттуу урушканбыз! Немистерди бир жолу токойдун наркы башына куудук, 2-куну алар бизди кубалады, 3-куну токойдун караулу келип баарыбызды кубалап жиберди-деген экен...

Home: Ээ, жаным чон рахмат! Силер-менин дарымсынарда! Мына, силер акыбалымы сурап коюп, мен жакшы болуп калдым Буйруса, бугун жаман эмес! Мен мурда, кор.тамак жасаганды билбей, еще жалкоолонуп, кобунчо тел-н тамактарды заказ кылып, сатып иччуу элем, эми тел-н заказ кылбай калдымго... Кудай, 2 колума кубат берсин!

Home: Тунунор бейпил болсун!

Home: Жылмайып коюнуз Бир киши кочодо келе жатып кичинекей бала звонокту басканга бою жетпей, онтолоп жатканын коруп калып: -Кел мен басып берейин! -деп кнопканы 2-3 жолу баскандан кийин... жанагы кичинекей бала суйлоп атбайбы: -Эми байке! Кожоюн чыккыча тез качтык! -деп короодон жубаримбек атып чыгыптыр.

Home: Турмуштан алынган анегдоттор Бир мергенчи жолдоштору менен алыс сапарга-ууга чыгышат. Анан ат минип копко журушот. Чарчашат. Алыстан бир боз уйду коруп, кичине болсо да эс алып алалы дешет. Боз уйдун алдында кемпир отуруптуп. Жанында флягилер жана кичинекей тал осуп туруптур. Ал талдын устундо болсо мышык жургон экен. Кемпир жолчуларды коруп: - Келгиле, балдарым! Жол журуп чарчадынарго... Келгиле, кымыздан ичкиле!- деп аларды отургузуп, ар бирине жанындагы флягиден кеселерге кымыз куюп берет. Кымызы абдан сонунбу, же жолчулар абдан чарчаштыбы, иши кылса, 2-3 кеседен ичишиптир. Анан жанагы талдын устундогу мышык жон отурбай, ары-бери басып баштаптыр (же ачка беле?). Бир заматта талдын тубундо турган флягиге тушуп кетет! Жолчулар эмне дээрин билбей туруп калышат. Кемпир болсо коноккторду унутуп калдыбы же конумуш адатка айланбыды, айтоор... колун флягиге салып мышыкты алып чыгып тим койбостон, бир колу менен желкесинен кармап, экинчи колу менен башынан аягына чейин кайра флягиге сыгып туруп: - Ушуну менен учунчу жолу флягиге туштун! - дейт экен... Окуп алып, элестетип, боорум эзилди... Кайран мышык! 3-жолу флягидеги кымызга тушуп мас болдуго, анан жанагы кемпридин кайфты бузуп, сыгып койгону жаман экен Ушундан улам эстеп атбайынбы: мен да кичинекейимде мышыгым-чучкуруп, козу жашылданып калса эле бир аз арак ичирип койчу элем Анан мышыгым аябай жакшы уктачуу эле

Home: "Ат-адамдын канаты, Аш-адамдын кубаты" "Ай-тундо керек, Акыл-кундо керек" "Аягы жаман-торду булгайт, Оозу жаман-элди булгайт" "1-жылдык камды ойлогон-буудай эгет, 10-жылдык камды ойлогон-терек тигет, Келечегин ойлогон-билим алат"

minsokchon: Home пишет: Аягы жаман-торду булгайт, Оозу жаман-элди булгайт" [/quot

minsokchon: Мигрант неберени айылга алдыруу Бир күнү чал-кемпирге алыскы чет өлкөдө иштеп жүргөн уул-келини телефон чалат. Уюкфон шыңгыраар замат аны алган чал-кемпир ой-да бир жакшылап сүйлөшүп жатып, арасында чоң ата айтат дейт: - Ой балам! Неберем, айла-анайын, силерди жүдөтүп жатат ко, бизге эле жибергилечи. Өзүбүз эле багып турабыз. - Ата, бир жаштагы ымыркайды кантип жөнөтөбүз?

minsokchon:

minsokchon: Тозокто да элек бар (Тозок казанынын четиндеги кымгуут учур тууралуу азил) Бир күнү тозокко комиссия келиптир. Үч чоң казан турат, тозокко түшкөндөр анда шакардай кайнап жатат дейт. - Муногу биринчи казанды эмнеге катуу кайтарып атасыңар? – деп комиссия мүчөсү шайтандардын биринен сурайт. - Аларды антпесек болбойт. Алар коммунисттер менен атеисттер. Бири-бирин жөлөп-таяп улам көтөрүлүшкө чыгып жатышат. Эсибизди ошолор эки кылууда. Тозокко ишенбей да коюшту, алдамчысыңар деп. - Тиги экинчи казанды да олуттуу кайтарат экенсиңер. - Анда Кыргызстандагы эски бийликтин мыкчегерлери. Көзүбүздүн жаздымында калса эле, улам бир шайтанды астыртан паралап, казандан ойт берип чыга кача жаздап атышат. - Шайтан да пара алабы? - Ошон үчүн шайтан да. - Ал эми үчүнчү казаныңар ээси жок калган го? - Ал казандын жарасы жеңил. Анда кыргызстандык реформаторлор бар. Бири кутулууга жол тапса, калгандары анын бутуна жармашып, кайра ылдый тартып казан түбүндөгү кайнак сууга түшүрүп салып атышат.

Home: minsokchon пишет: Муногу биринчи казанды эмнеге катуу кайтарып атасыңар? – деп комиссия мүчөсү шайтандардын биринен сурайт. - Аларды антпесек болбойт. Алар коммунисттер менен атеисттер. Бири-бирин жөлөп-таяп улам көтөрүлүшкө чыгып жатышат. Эсибизди ошолор эки кылууда. Тозокко ишенбей да коюшту, алдамчысыңар деп. - Тиги экинчи казанды да олуттуу кайтарат экенсиңер. - Анда Кыргызстандагы эски бийликтин мыкчегерлери. Көзүбүздүн жаздымында калса эле, улам бир шайтанды астыртан паралап, казандан ойт берип чыга кача жаздап атышат. - Шайтан да пара алабы? - Ошон үчүн шайтан да. - Ал эми үчүнчү казаныңар ээси жок калган го? - Ал казандын жарасы жеңил. Анда кыргызстандык реформаторлор бар. Бири кутулууга жол тапса, калгандары анын бутуна жармашып, кайра ылдый тартып казан түбүндөгү кайнак сууга түшүрүп салып атышат. Атандын кору партия, саясат, атеистер!!! Баарынан да текшерип келген комиссиясы жагып калды

Home: Интервью: -Сиз азыр эмне менен алектенуудосуз? - Жаны типтеги партияны тузгону жатабыз! - Аа, анан планынар кандай стадияга жетти? - Ошо Типти таппай жатабыз. ЖКте сессия отуп жатат... бир малда Адахан Кимсанбаевич чучкуруп калат. Таблого жазуу чыгат; -ден-соолукта болунуз!!! -каршы 96%

minsokchon: Унутта калган бир сабак 2005-жылы мартта Аскар Акаев Кыргызстандан чет өлкөгө (Барвихага) качып кеткенде ордуна президент болуп калган Курманбек Бакиев андан астыртадан сураптыр: - Сиздин олуттуу катачылыгыңыз эмнеде болуптур? - Саат басып, укук коргоо органдарына көңүл бурбай коюптурмун... 2010-жылы апрелде Курманбек Бакиев да өлкөдөн Минскиге безип чыгып, анан Акаев аны менен байланышыптыр: - И-и эмне болду? - Баарын өткөндө сиз өкүнүп айткан сөздү эске алып туруп жасап жаттым, укук коргоо органдарына да өзгөчө көңүл бурдум, баары бир кууп ийишти! - И-и баса, кетээрде мен сага атейин кайрылып айтам деп унутуп калыптырмын, элге дагы кичине көңүл буруп туруш керек экен...

minsokchon: Кинону бүтүрүп алайын Апасы кызына кайрылат: - Кызым, башканы коюп үй тапшырмаңды окусаң боло? - Кино көрүп алайынчы, апа. - Аның бүткөнчө кеч болуп кетпейби! - Өзүңүз накыл кеп айтпадыңыз беле: “окууга эч качан кеч болбойт” деп.

Home: Кутмандуу танынар менен достор! minsokchon пишет: элге дагы кичине көңүл буруп туруш керек minsokchon пишет: Өзүңүз накыл кеп айтпадыңыз беле: “окууга эч качан кеч болбойт” деп. Азыркы жаштар кыйын...

Home: Сырттан келген инвесторлорго кыргыз тилинен сабак болуп жатат... - Биринчи куну кыргыз бизнесиндеги эн керектуу фразаны уйронушту: "Саламдашуу", "Коштошуу," "Биз эл менен!"

Home: Мугалим окуучуга алфавитти корсотуп: - Бул кайсы тамга? -десе -Акаев -Булчу? -Бакиев -А бул? -Текебаев же Отунбаева болсо керек... - деген экен (алфавит боюнча келатканда КРдин АЖОлук кызматы )

minsokchon: Home пишет: -Текебаев же Отунбаева болсо керек... - деген экен

minsokchon: Кулакты оорутуу үчүн керек Кыш күрөө учур. Чана тебүү камылгасы кызуу жүрүп жатат. Апасы тестиер баласына кол зекип, пальтодон оболу тез арада жылуу тор кийимин кийишин талап кылат. - Деги, түшүнөсүңбү өзүң, жылуу тор кийим деген эмне үчүн керек? - Ал деген кийип атканда кулакты кысып оорутуш үчүн керек. * * * * * Папалак эмненин баласы? Бермет өз кызынын жоругуна маашырланды. - Бир жолу тестиер кызыма айбанаттын балдарын кантип кыргызча атай турганыбызды айтып, четинен жаттата баштадым: койдун баласын козу дейт, уйдун баласын музоо дейт, түлкү баласын бачики дейт, бөрү баласын бөлтүрүк дейт, ал эми айуу баласын мамалак дейт... - Мамалак, мамалак! Хи-хи!... Ал эми папалак кайсы айбандын баласы?

Home: К. Бакиев чон ишканын ачуу аземин баштоо менен эле алдына чыгып, кагазын кармап, созун баштайт: - о! о! о! о! о! Анда алып баруучу шашкалактап: -Курманбек Салиевич, ал деген ишкананын эмблемасы, а текст болсо ылдый жагында, - деген экен.

minsokchon:

minsokchon: Үчүнчү жактагынын азабы Бир күнү арстан токойдогу жаныбарларды топтоп алып: - Үйлөнгөндөр бул жакка, бойдоктор - тигил тарапка катарга тизилгиле! - деп буйрук кылат. Жаныбарлар эки жаат болуп бөлүнүп туруп калышат. Ортодо гана байкуш түлкү улам бир жакка булт берип секирип жүрөт дейт. Анда арстан: - Эй, түлкү, эмне эле улам эки башка жакка ойт берип секирип атасың? - Таксыр, эч билбей атам, үйлөнүп алып кайра ажырашып кеткендер кайсыл жагына турат? - деген экен бечара түлкү .

Home: Кутмандуу кечинер менен!

Home: Жашоодо адамдарды көптөгөн күлкүлүү окуялар коштойт эмеспи... Манасчы Уркаш Мамбеталиев бир күнү подъездден адашып, тааныбаган орустун үйүнө кирип кетет. Чечинип, диванга чалкалап жатып алып телевизор көрүп жатса, ашканадан ич кийимчен орус аял чыга калат. Анда Уркаш Мамбеталиев шашып кетип: - Заходите, заходите,- деп коёт дейт.

minsokchon: Байкабай, башканы кубалап алыптыр Маи: - Эмнеге сиз «токто» десем токтобой кете бердиңиз!? Айдоочу: - А-а, мен кол булгаганыңызды: "Саламатсызбы, урматтуу шаар акими!" деп учурашып жаткан экен деп түшүнгөн турбаймынбы. Маи: - Албетте, урматтуу шаар акими! Мен сизге жөн эле жол тайгак жана тар экенин эскертип айтайын дегем.... * * * * * * Сөз эркиндиги качан келет? Айтылуу орус тамсилчиси Крыловдун карга, быштак жана түлкү тууралуу тамсилинин моралдык “жаңы” мааниси: "Оозуңдагы быштакты түшүрүп ийген соң гана “ка-ак” этип сөз эркиндигинен пайдалана баштайсың". * * * * * *

Home: minsokchon пишет: "Оозуңдагы быштакты түшүрүп ийген соң гана “ка-ак” этип сөз эркиндигинен пайдалана баштайсың". Туура, туура Кутмандуу танын менен

Home: Алмазбек Раимкулов барга кирип, ичкенге виски буюрат. Бир аздан кийин кайрадан виски сурайт. Аңгыча эле аны кумир туткан бармен: – Кечиресиз, сиздин кезектеги беттешиңиз качан болот? – Ошону мен да ойлоп жаткам. Менимче, азыр болот окшойт, анткени акчам тү-гөндү.

Home: Шоу-бизнестен жаралган макалдар Ырдай албаган микрофон тандайт. Карышкырдын түшүнө-кой кирет, Тамаданын түшүнө-той кирет. Соодагер баркы менен-жылкы өтөт, Продюсер баркы менен-ырчы өтөт. Мыкты обон-тантык ырды хит кылат, Начар обон-мыкты ырды ит кылат. Бакылдаган депутатты-трибунадан көрөбүз. Шакылдаган ырчыны-сахнадан көрөбүз. Ырчылыкты-өнөр туткан, Продюсерди-медер тутат. Колдогон демөөрчүсү-бийик болсо, Үнү жок ырчы да-ыйык болот. Артист менен баш кошсоң, Чемоданыңды ала жүр. Ырчы болуу – аста-аста, Сынчы болуу – бир паста. Жакшы студия колдур үндү-коңур кылат. Үндүүнүн баары-ырчы болбойт, Тилдүүнүн баары-сынчы болбойт.

Home: Куудулдардын турмушунан... Куудул Жаныбек Алыкулов бир кызга тийишип атат: – Чоң кыз, “аялзатынын жашын сурабайт” деп коюшат. Бирок, сиздей кыздан кантип сурабай коё алам? Атыңызды сурабаганым үчүн кечиресиз, жашыңыз канчада? Кыз да жон жооп бербей: – Канчада экеним сыртымдан эле көрүнүп турса керек, канча бересиз? - десе, Анда Жаныбек: – Эми-и, оймоктой оозуңузга караганда, 16да окшойсуз. Кашыңыздын серпилишине карап, «17деби?» деп да ойлоп кеттим. Жүзүңүздөн чачыраган нурлардын айтымында, 20да экенсиз. Ачыгын айтсам, бул жаштарыңыздын баарын кошкондо 53тө турбайсызбы, ээ? - деп кыздын жинине тийген экен.

Home: ЖАМБЫЛ МЕНЕН РАХМАНДЫН АРМАНЫ Белгилүү куудулдар Рахман менен Жамбыл үйдө армандарын айтып отурушат дейт... Жамбыл “чачым жок” деп ыйласа, ага кошулуп алып Рахман “ашыкча семизмин” деп ыйлайт экен. Рахман токтобой эле көзүн жумуп алып ыйлап отурса, Жамбыл аны сооротумуш болуп: “Эй, Рахман, сен семиз болсоң деле бир күнү баары бир арыктайсың да. А менин чачым баары бир чыкпайт”,- деп өкүрүп баштаптыр. Анда Рахман аны эмне деп сооротоорун билбей: “Эй, болдучу, сен башыңдагы төрт чачыңды көтөрө албай ыйлайсың. Мени карачы, канча килограмм майды көтө-рүп жүрсөм да арыктабай деле, өлбөй деле жүрбөй-мүнбү”,- деген экен.

minsokchon:

Home: РАХМАНДЫН ЖАҢЫ ЫРЫ Рахман Разыков ыраматылык Манас Бердибековдун жаркын элесине арнап ыр жазып алып, Жамбылга окуп берип: – Дос, кандай жазыптырмын? - десе, Жамбыл: – Чынында эле жакшы ыр экен, - дептир суктана... Рахман: – Эгерде сага бул ыр чындап жаккан болсо, сен өлгөндө мындан да сонун кылып жазам, ээ?! - деп Жамбылдын журогун тушуруптур.

Home:

Home: Турмуштан алынган анегдоттор... Жаныбек Алыкулов бир кездерде көп ичип жүрүп, анан кайра “башкача-жаны турмуш баштайын” деп, жаман адатын таштап жүргөн кез. Туугандарынын бири той берип, конокко чакырып калышат. – Кел, Жаныбек байке, алып иели ,- дейт ыстакан сунуп турган жигит. – Жок, мен өткөндө бөтөлкө дос менен катуу кагышып кетип, экинчи достошпойм деп сөз бергем. – Кантсе да эски досуңуз го, келиңиз эми, таарынып калбасын. Анда: – Таарынса көзүнөн чыксын, аялым мени ушул досумдан да кызганып, өткөндө “кетем” деп коркутпадыбы - дептир...

minsokchon:

Home: Кутмандуу танынар менен! Кече-1-апрель кулку кунун жакшы тоздунарбы? Мен жакшы тоздум! Досторума телефондон: "Эртен силер жакка конокко барабыз! Дарегини жонотчу"-деген маалымат жонотком Кээ бири 1-апрель экенин билип, жооп жазган жок, кээ бири унчукбай эле дарегин жонотуп ийиптир, кээ бири: "Мен бош эмесмин...", "Мен конокко барам...", "Саат канчада келейин дедин эле? Кандай кудай жалгап (себеби, мен уйдон коп чыкбайм да, мага конок келгенге конуп калгам ) конокко келем деп калдын? Жакшы болмок, суйлошуп чээр жазышып... Даректи жоноттум" - деген жоопторду уктум

minsokchon: Home пишет: Кече-1-апрель кулку кунун жакшы тоздунарбы

Home: Жылмайып коюнуз! – Болду, мени унут! Телефонумду, агентимди, дарегимди өчүр! – Токтосоң, Санжар... – Жок, унут мени! Мен кеттим. – Эй, акмак, Лысый! Карызды качан бересиң?!

Home: Турмуштан алынган анегдоттор Манас Бердибековго куудулдардын бири чуркап келип: – Уф-ф, сизди издеп жүрүп чумом чыгып кетпедиби. Деги кайда жүрөсүз? - дейт. Анда куудул кебелбей туруп: – Ошол чумоңдун чыгып кеткени жакшы болуптур. Эмесе, дагы эле чумо болуп жүрө бермексиң, - деген экен.

Home: Жаныбек шорпо башка куудулдар менен чогуу Жамбылдын үйүнө барып калат. Сырттан эле келген жайларын айтып туруп калышат. Бир маалда Жамбыл ака эсине келгенсип: – Эмне турасыңар? Ушу силердин “үйгө кирип чай ичели” деген арам оюңар бар окшойт, ээ? - деп тамашалай-чымчып суйлоп, кыргыздын салты боюнча конокторго чай берип узатыптыр.

Home: Милиционер ууруну кармап алып: - Уурулугуңду качан коесуң? -десе, Анда ууру: - Мен уурулугумду таштасам, анда сен ишсиз каласында... - дептир.

kyrgyzka88: Home пишет: Мен уурулугумду таштасам, анда сен ишсиз каласында... - дептир. Байкуш не бось тоок уурдап кармалса керек, бизде ушундай го КР де, тонналап бир нерсе уурдагандар кармалбай тоок кармагандар колго тушот го ,??? кандайсыз Home эжеке?

minsokchon: Курсакка сыдырма салса... Күмөндөр Абылов бир жолу Бишкектеги ооруканалардын биринде, болгондо да хирургия бөлүмүндө жатып калат. Жанындагы керебетте сокур ичеги болуп келген бир жигит жаткан экен. Анан эле мурда операция болгон жигитти кайра экинчи жолу алып кетип кескилешет, “ичинде бинт калып калыптыр” дешип. Бечаранын жарасы тигилген жер кайра ырбап, шишип кеткенде дарыгерлер аны үчүнчү жолу операция бөлмөсүнө алып баратса, Күмөндөрдүн айтып турганы: - Бул бечараны утур-утур союп кыйнай бербей, курсагына сыдырма салып койбойсуңарбы?! Силерге да, буга да жеңил болот эле! * * * * * Өлүү үчүн да шарт керек эмеспи Манас Бердибеков шашып баратып көптөн бери жүз көрүшпөгөн Күмөндөр Абыловго капысынан жолугуп калат. - Оо, Күкө, жакшысыңбы, турмуш кандай, Көптөн бери бук болуп, жакын кишилеринин бирине да жолукпай жүргөн Күмөндөр агынан жарылат: - Оор болуп калды, досум! Абда-ан кыйналып, өлөйүн деп жүрөм. - Өлбөпсүң го, акыры? - Шарт жок, досум. Шарты барлар өлө берсин, - деп Күмөндөр кайра жандана купшуңдаптыр.

Home: kyrgyzka88 пишет: кандайсыз Home эжеке? Рахмат! Жакшы! Кайда журосун корунбой? Ушинтип, кез-кезде, булуттан чыккан айга окшоп корунуп турсан, ок! kyrgyzka88 пишет: тонналап бир нерсе уурдагандар кармалбай, тоок кармагандар колго тушот го Туура айтасын! Мамлекеттин казынасынан миндеген акчалар уурдалып, ЧОНдор уй салынып, машина минип, жакшы жерден куда кутуп... жаман жактары жабылып-жашырылып турат! Ал эми бир байкуш свет урдап жагып койсо, аны эсептеп келсен жарыбаган эле акча, ошого АКТы жазып, ызылдатып жиберишет! Оф, КРди эстесем-ЖУРОГУМ ооруйт!

Home: http://www.bulbul.kg

Home: Штирлиц Бишкектин чет-жакасындагы кочолордун биринде басып баратты... Кар жаагандыгына байланыштуу кочодо кыргыздар корунбойт эле. Уйлордун морусунан дагы негедир тутун чыкпайт. Анан ал: "Отунбаевасы болгону менен отундары жок окшойт кыргыздардын?" -деп ойлоптур

Home: Кытай Кыргызстанга келип бир сыйра кыдырып, баарын коруп, байкап анан бир кыргыздан сурайт экен: - Кыргызстандын калкы канча? - 5 млн. - Анда бири - биринерди тааныйт болушунар керек ээ?-дептир Мен КРде такыр корбогон жердеш, мекендештерим менен Кореядан таанышып атам Силер кандай деп ойлойсунар?

Home: Кутмандуу танынар менен! Илгери, Алгачкы коомдун адамдары уйур-уйур болуп жашап, аялдары уйго, аял затына байланыштуу кызматтарды аткарып короо тегерегинде, ал эми эркектер алыс жактарыга, тоо-таштарга чыгып, айбанаттарга, жаныбарларга анчылык кылып кун корушкон. Анан алар тапкан олжосу коп болуп кээде которо албай кыйналышкан жана жалкоолонуп, ал маселени чечуу максатында - арабаны ойлоп табышкан экен. Демек, жалкоолук жана турмуштук зарылчылык - жаны ойлоп тапмайлардын жол баштоочусу!

Home: Бир бала кичинечинде кемпир-чалдын колунда эрке осуптур. Кемпир-чал баланын козун карап, айтканын кылып, оюу менен болуп-бала оз айтканынан кайтпаган бала болуп чоноёт. Озунон улууну да, кичууну да "сен" -деп айтат экен Кундор отуп, эрке бала чоноюп, мектепке барып калыптыр. 3- класска келгинче деле эжекесин "сен" дей берет экен. Бир куну эжекеси чакырып алып тетрадка: "Эми эжекени СИЗ дейм"-деп 100 жолу жазып кел дейт экен. Бала тетрадды толтуруп 300 жол жазып келсе, эжекеси суйунуп: - Мына болот экен го сиз деп суйлосо, 100 десем 300 жолу жазыпсын -деп суйунуп турса, Баягы окуучу: -Сени 1 суйунтойун дедим да! - дептир

Home: Бир киши базарга УЙун сатканы жетелеп келип, ортомчудан жардам сурайт. Ортомчу уйду аябай мактап: -Бул-уй ар бир сааганда 15-20 литр сут берет, жыл сайын торпок тууйт, чопту ото аз жейт, кыскасы бул уйду сатып алган окунбойт, нааразы болбойт! -деп кыйкыра баштаса, Уйдун ээси ойлонуп туруп: -Ээ, бул уйду мен сатпайм, мындай жакшы уй озумо керек! Сатып ийип окунуп калбайын -дептир.

minsokchon: Home пишет: Сатып ийип окунуп калбайын

minsokchon: Айтматовдун чыгармасын ким жазган? Орто мектептеги бүтүрүү сынагында оозеки суроо берилип жатат. Сынакка кирген бала – айыл өкмөтүнүн эрке уулу. - Кана, Айбек, биздин татаал сурообузга жооп берсең: Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” чыгармасын ким жазган? - ... - (Айбектин көзү шыпта). Болуптур, буга жооп бере албасаң, бизге айтып берчи: 1941-45-жылдардагы Улуу Атамекендик согуш качан болгон? - ... - (Айбек мурдун шыр тартат). - Деги ошол согушта эмнелер болду эле, сүрөттөп бере аласыңбы? - Та-та-та-тах, дүңк-дүңк, пчю-пчю-пчю-уу! Та-та-та-тах! - Ой азамат, бая эле ушинтип жооп бербейсиңби!

Home: minsokchon пишет: Сынакка кирген бала – айыл өкмөтүнүн эрке уулу. Чиркиндики!

minsokchon: Home пишет: койгондо артыман 1-2 ай чуркатчуумда...

kyrgyzka88: Home пишет: Мен да мугалим болуп иштер жургондо, анча-мынча "кыйындар" сабак окубуй, сессияга келбей койгондо артыман 1-2 ай чуркатчуумда Сиз Политехте кайсыл кафедрада иштединиз эле? биз чоноюп атабыз жакшы баары!!!!

Home: kyrgyzka88 пишет: биз чоноюп атабыз жакшы баары!!!! Баары жакшы болсо болду! kyrgyzka88 пишет: Сиз Политехте кайсыл кафедрада иштединиз эле? ЛСга жазып койом

minsokchon: Алло, бул өкүмат бекен? - Ооба, өкмөт үйү. - Мага Мамлекеттик катчы керек эле. - Ал кызмат жоюлган. - Алло, бул өкүмат үйү бекен? - Ооба, аксакал! - Мага Мамлекеттик катчы менен байланыштырып койсоңуз. - Андай кызмат жоюлган. - Алло, бул өкүматтын кеңсеси бекен? - Аксакал, үнүңүздөн эле тааныдым. Жанараак эле сурабадыңыз беле! Мамлекеттик катчы деген кызмат түп тамырынан жоюлган! Тажатты го, чунак киши! - Айланайын, кызым, түшүнүп эле жатам. Таң калгандан, анан анча-мынча сүйүнгөндөн кайра-кайра уккум келип атпайбы. Эми “дүжүр чал” деген кызматты да жоюп койсоңор!

Home: minsokchon пишет: - Айланайын, кызым, түшүнүп эле жатам. Таң калгандан, анан анча-мынча сүйүнгөндөн кайра-кайра уккум келип атпайбы. Эми “дүжүр чал” деген кызматты да жоюп койсоңор! Озунчо эле философияго...

Home: Бир бала армияга барыш учун военный коммиссариатта журот экен. Баардыгына кирип чыгат, эн акыркы сурагы калат, акыркы эшике кирсе: - Чечининиз... анан энкей-донкой ж.б. суроолорду берет экен... Бала чыдабай кетип: -Буттубу? Текшеруучу: -Эн акыркы сурообуз: тамеки тартасынбы? Анда баягы бала: - Эмне тутун чыгып жатабы? -дептир.

Home: Бир адам, тигил дуйного сапар алып, ал жактан элге кылган жакшы, сооп иштери учун бейишке жолдомо алат. Жолдо бара жатса тозок жакты караса дискотека болуп жатыптыр. Анда апенди кызыгып кетип: - Мени да ошол жака жоноткуло - дейт екен, Периштелер апендинин сунушун аткарып тозоко алып барат екен, барса адамдар отко куйуп, кыйналып, ар кандай тозок, сурактарды журогонун коруп Апенди: -Жана эле бул жерде дискотека болуп жатат элего... кана десе? Периштелер: - ал Реклама - деген екен. Мени ТВ коруп атканда, кызыктуу жерине келгенде реклама болгону жадатат!

minsokchon: Home

minsokchon: Бир күнү Кыргызстандын президенти Жогорку Кеңешке (ЖК) шайлангандардын арасынан бир партиянын “лөгүнө” өкмөттүк ынтымак (коалиция) түзүү сунушу менен кайрылат. Анан ал башка эки партия төбөлүнө келет. Саат басып, ары-кетип, бери кетип, “бартпел” бөлүшө албай эл өкүлдөрүнүн эстери оойт. Акыры бири айтат: - Ата-бабанын жолун эстейли. Тээ бир кезде ар уруунун өзүнчө тотеми (табынган жаныбары) болгон. Ар партиянын өзүнүн символу катары бир жандык тандалышы керек болуп турат. АКШда деле пил менен узун кулакты (кыргыз, адатта, “эшек” сөзүн ушинтип тергеп койот) символ кылган партиялар бар эмеспи. Ошондон кийин ынтымагыбыз артаар, - дейт бир билерманы. - Болуптур. Анда ким бизге тотем үчүн жаныбарды сунуштайт? Арабызда этнографтар барбы? - Ушул Феликс Кулов оппозицияга өтчүдөй болуп турат. Аксакал болуп, аркы-беркини көрүп, кыйла калыс болуп калбадыбы, ошо кишиден сурайлы, - деп бири айтып, анан “Ар намыс” партиясынын башчысы Феликеңе кайрылышат. Анын жообу: - Крылов атабыздын жомогун мектепте окуп калган жайым бар эле. Силер Чаян, Жаян балык, Ак Куу болуп алгыла. - О, кудай! Ак Шумкар ЖКга өтпөгөнү жакшы болгон турбайбы, - дептир өзүн Ак Куу элестетип кеткен бири.

minsokchon: Чыркыраган чындык Сот айыпталуучуга: - Эскертээрим, Сиз чындыкты, кашкайган чындыкты гана айтышыңыз керек. Чындыктан башка эч нерсени кошпой айтышыңыз керек. Эми сот алдында эмне кебиңиз бар? - Мындай чектөөдөн кийин айтаарга сөз деле калбай калат экен, урматтуу сот!

Home: minsokchon пишет: О, кудай! Ак Шумкар ЖКга өтпөгөнү жакшы болгон турбайбы, - дептир өзүн Ак Куу элестетип кеткен бири. minsokchon пишет: Сот айыпталуучуга: - Эскертээрим, Сиз чындыкты, кашкайган чындыкты гана айтышыңыз керек. Чындыктан башка эч нерсени кошпой айтышыңыз керек. Эми сот алдында эмне кебиңиз бар? Соттордун баары эле "чындык" деп иштеп калса кана? minsokchon пишет: - Мындай чектөөдөн кийин айтаарга сөз деле калбай калат экен, урматтуу сот! Чиркиндики, калпты ышкыртып конуп калганда Сенин телефондун званогун куткон жанынанго... Картинканы коруп, сенин звонок кутуп атканыны элестетип боорум ачып кетти Ок, тел-н чалам!

minsokchon: Home пишет: Соттордун баары эле "чындык" деп иштеп калса кана? Таанышың болсо танкасың, таанышың жокто – маңкасың”. “Галустугу бар экен, калыстыгы жок экен”.

minsokchon: Бир жолу Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери бийик жар четинде жолугуп калат. Мамлекет башчылардын бири кесиптештерине кайрылат. - Ушул жардын алды жагындагы туңгуюктан коркпой, аркы өйүзгө секирген азамат чыгаар бекен? - Байкап көрбөйлүбү. Ошол кездеги Орусия президенти Владыкең Путин бир мыкты чекистти чакырат да, “улуу орустун каармандыгын дагы бир жолу далилдеп, ушул жардан аркы өйүздөгү жардын башына секирип жет” деп буюрат. - Мага да жан керек, - деп орус чалгынчы баш тартат. Казакстандын президенти Нуракең бир казактын чыйрак жигитин чакырып, “тээ Алтын Ордо, Көк ордо доорунда да бабаларың баатырдыгын көрсөткөн. Ушул чакан туңгуюктан аттап секирип койчу”, - дейт. - Нураке, мага деле жан керек, - деп ал да моюн толгоп койот. Анан кезек өзүнө келген Өзбекстан президенти Ислам акең четтен бир букарасын чакырат да, кулагына бирдемке деп шыбырайт. Беркинисинин өңү алеки заматта кубула түшөт да, күүлөнүп келип секирип, өйүздөгү жарга жетип, андан ары көздөн кайым болот. - Ой, баракелде! Бул эргул секирүүгө кантип батынды? Нуракең менен Владыкең Ислам акеңе таңдана кайрылышат. - Ага да жан керек эмеспи, бурадарлар!

Home: minsokchon пишет: Ага да жан керек эмеспи, бурадарлар!

kyrgyzka88: minsokchon привет!!!!!!1 Сиз экообуз тен экенбиз дааа бирдеме дебейсизби? Home , аватарканыз менен сиздин мунозунуз окшошпойт экен

Home: kyrgyzka88 пишет: Home , аватарканыз менен сиздин мунозунуз окшошпойт экен Жо-ок, жанылышасын "Мал ээсин тартпаса арам олот"-дегендей аватаркам куп мени тартканда: курсакты тойгузуп, жылуу-жумшак диванда жактканга не жетсин? Мен озум бала кезимен мышык (ж.б. жаныбарлар) менен чонойгом, азырга чейин жакшы кором Сенин сыныны да эске алабыз

minsokchon: kyrgyzka88 пишет: привет!!!!!! кандайсынар мен жакшы танышканыма кубанычтуумун!!!!!

Home: Кызыктуу маалыматтар Эң көп китеп жазган акын – Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур. Эң көп обон чыгарылган ыр – Эл акыны Сооронбай Жусуевдин «Унутпаймын» деген ыры. Ал ырга 5 автор – Р. Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган. Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын Рамис Рыскулов, өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөзгө чыккан. «Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн» деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир актёр – Сүймөнкул Чокморов. Көзү тирүүсүндө эң көп небере-чөбүрөлүү болгон Курманжан датка (1811-1.02.1907). Датканын көзү өткөн учурда (96 жашында) анын 183 тукумунун 98и (2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 чебиреси) жашап жаткан.

Home: Тунунор бейпил болсун!

kyrgyzka88: Home эжеке я вам на ЛС оставила сизге да бейпил тун!!!!!!!!!!

Home:

Home: Бир кичиней 3 жашар кыз жаны садике барыптыр. 5 кун баргандан кийин суббота, базар уйдо болот эмеспи. Дем алыш куну уйдо болгон кызы тамактанып бутуп, колдорун керип: - Ох, музикабы? -деп коет экен. Ата энеси: -Музыка-деп айтып ататго деп музыка коюп беришет экен . Бир куну апасы барып коруп келейин жаш кыз коргонун кылат да деп садике барса балдар обед кылып жатышыптыр анан тарбиячы (воспитательницасы) тамак ичип бутуп, керилип-чоюлупп: -Ох, теперь МУЖИКА бы? - деген экен.

Home: Апендини бир киши уйуно сыйлаганы конокко чакырышып, торго отургузушат. Жайнаган дасторконду коруп, уй ээсинин: "тамакка карагыла"-деген созунон улам, апенди коиногун женин туруп алып, мантыдан шыпылдатып жей баштайт. Башкалар мантыны бирден жешсе, апенди учтон шыпылдатып жатат. Анан уйдун кожоюну тан калып, сурайт: - Ай, Апенди, сен эмне учтон жеп атасын, эл бирде жесе, сен таза эле катуу кеттин го... -десе Апенди камырабай: - Бештен батпаи жатса, кандай кылайын? -дейт экен.

minsokchon: Тарых сабагы өтүп жатат. Мугалим жогорку класстын окуучусун ордунан тургузат. - Кана, айтчы, Леонид Брежнев деген ким болгон? - Ал деген ырчы Алла Пугачеванын күлгүн кезинде СССР деген мамлекетти башкарган киши. - Жакшы. Динмухамед Кунаев ким болгон? - Ал болсо Роза Рымбаева деген ырчынын жаш чагында Казакстанды башкарган. - Абдан жакшы. Аскар Акаевди деле билээрсиң? - Ооба. Ал киши деген айтылуу ырчы Саламат Садыкова баралына келип, Эл артисти наамын алып, “Кыргыз жери” ырын аргендей үнү менен аткарып жүргөн чакта Кыргызстандын президенти болгон дешет.

minsokchon: Бир жолу марксисттик-лениндик идеяларга элеттегилер кантип сугарылганын текшерүү үчүн атайын адис тоо койнундагы районго жиберилет. Албетте, дароо эле райондук “актип” шаарчадагы чоң жыйынканага чогултулат. - Мен оболу оңой суроодон баштайын, - дейт алиги адис. – Айтыңыздарчы, “Капиталды” ким жазды эле? - Капиталды? - Ооба. - Аны жазчу болсо жанагы Эмгек-Талаа айылындагы бугаалтыр жазат. Ошону “жазгыч” деп угуп жүрөбүз. Биз эми ал шайтандын эсебин табабыз, - дептир компартиянын райкомунун ачуусу чукул катчысы.

Home: minsokchon пишет: Тарых сабагы өтүп жатат. Мугалим жогорку класстын окуучусун ордунан тургузат. - Кана, айтчы, Леонид Брежнев деген ким болгон? - Ал деген ырчы Алла Пугачеванын күлгүн кезинде СССР деген мамлекетти башкарган киши. - Жакшы. Динмухамед Кунаев ким болгон? - Ал болсо Роза Рымбаева деген ырчынын жаш чагында Казакстанды башкарган. - Абдан жакшы. Аскар Акаевди деле билээрсиң? - Ооба. Ал киши деген айтылуу ырчы Саламат Садыкова баралына келип, Эл артисти наамын алып, “Кыргыз жери” ырын аргендей үнү менен аткарып жүргөн чакта Кыргызстандын президенти болгон дешет. Боорум эзилип калды... minsokchon пишет: компартиянын райкомунун ачуусу чукул катчысы. Ушундай чала сабатсыздардын айынан мамлекет онукбой, артка кетип атбайбы minsokchon пишет: марксисттик-лениндик идея Бир окумуштуу кыйын адам (атын эстей албайтам ) айткан экен да: "Кандай гана саясий идеялогия болбосун- ал болгону 50-жылдык доорду сурот, андан кийин коомду башкаруунун формасы алмашат, бул-табигый корунуш!"-деген экен. Мен ушул кыска, таамай айтылган философиялык созго ото баа беремда

minsokchon: Бир ирет факультетке студент уулун издеп келип калган адабиятчы илимпоз Салижан Жигитовго тарыхчы окутуучулар тийишип калышты. Декандын орун басары Таабалды Мурзабеков: - И, Салижан агай, филологиядан оокат кылыш кыйын экен деп уулуңузду тарых факультетине тапшыр деп көндүрдүңүзбү? - Жок, антпей эле. Тил илими татаал эмеспи. “Окуусу жеңил экен” деп ушу силердин факультетке тапшыртпадымбы, - деп Салижан агай шыр жооп узатты. * * * * * Пианино седебин ким басты? Этнограф окумуштуу Айнагүлдүн үйүндө отурабыз. Жездеси Ош мамлекеттик университетинде музыка бөлүмүнө кирүү үчүн келген абитуриенттин жоругунан кеп салып отурду. - Биз абитуриеттердин музыкалык угуу жөндөмүн текшеребиз да. Бир жолу кызык окуя болду. Адаттагыдай эле бөлмөгө сүзө кирген бир уланга пианинону көрсөттүк. Тапшырма өтө олуттуу: абитуриент пианинодон чыккан доошту эстеп калышы керек да, окутуучу баскан седептерди жаземдебей таап басып бериши керек. - Берилчү тапшырманы билесиң да? Азыр ары карап турасың. Анан бул агайың экөөбүздүн бирибиз пианинонун клавишаларын басабыз. Андан соң таап бересиң. Түшүнүктүүбү? - Ооба. - Анда ары карап тура гой. Бирибиз пианинонун седептерин бастык. - Эми тапшырманы аткар. Абитуриент улан бери бурулуп, шектүү көзү менен бирде мени, бирде кесиптешимди карап, кабагын бүркөп ойлоно калды да, анан “болду, болбоду!” дегендей чечкиндүүлүк менен кесиптешимди сөөмөйү менен көрсөттү: - Сиз бастыңыз!

Home: Кутмандуу танынар менен!!! minsokchon пишет: адабиятчы илимпоз Салижан Жигитовго тарыхчы, Декандын орун басары Таабалды Мурзабеков тийишип калат... "Бажа бажаны корсо башы кытышат- дегендей да... Бул соз ушуну менен эле бутуп калган жок да, дагы аяга бар, басма бети толук чыгарбай койдуго... minsokchon пишет: Сиз бастыңыз!

minsokchon:

Home:

kyrgyzka88: Бир адам итин сейилдетип жүргөнүн көргөн досу сурады: - Бул эшекти неге сейилдетип жүрөсүн? - Бул эшек эмес, - деди иттин ээси. - Мен да иттен сурап жатам... Студент ашканада мугалиминин жанына келип отурду. Мугалими аны тоготкусу келбей: - Чочко менен илекилек бир жерде тамактанбайт, - деди. Анда студент ордунан туруп: - Макул, анда мен учуп кетейин, - деп жооп берди... Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр: - Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? - Кайсынысын жасасаң деле - баарыбир өкүнөсүң, - дептир акылман.

Home: kyrgyzka88 пишет: Кайсынысын жасасаң деле - баарыбир өкүнөсүң, - дептир акылман. "Турмушун-эшек араба, туулдун-калдын балаага!"- дегендей да... Бирок жашоо ошонусу менен кызык да... антпесе, баары окшош, сонун болсо болбой калатго...

minsokchon: Эч ким жокко кайда кетинер ааа

Home: minsokchon пишет: Деги бул өлкөдө менин бечара уулумдан башка тынымсыз жумуш жасап, оокат кылганды билген киши барбы? -деп суйлоп койсо жараша берет экен да minsokchon пишет: Кыргыз мамкасы да! тушундум, анан minsokchon пишет: бат Тушунбой калдым, бул кыскартылган создор да... minsokchon пишет: Эч ким жокко кайда кетинер Биз барбыз!

minsokchon: Home пишет: Биз барбыз! Мен корбой жатамго аа

Home: minsokchon пишет: Кызым, сага эмне, угулбай жатабы? – деп чыйылдаптыр агайы. Жо-ок, көрүнбөй атасыз... minsokchon пишет: Мен корбой жатамго

minsokchon: Home пишет: шунубой калдым, бул кыскартылган создор да... ал Бакиев

minsokchon: Биздин батькабыз чакчелекей түшүп эле конок тосуп калыптыр, бүгүн кечинде. - И, эмне болуптур, себебин айтчы кошуна! - Кыргыз батька бизге качып келиптир дейт. - Аны ким кууп жибериптир? - Кыргыз мамкасы да!

minsokchon: Татьяна Бакиева 2010-жылдын март айынын башында Бишкек көчөлөрүн кыдырып баратып жанындагы курбусунан сурайт: - Тетиги заңкайган чоң дүкөндү ким курду? - Максим курду. - Береги көп кабаттуу жаңы турак үйдү ким салды? - Максим салды. - А тиги имараты жаңы курулган ишкананын кожоюну ким? - Максим да! - Деги бул өлкөдө менин бечара уулумдан башка тынымсыз жумуш жасап, оокат кылганды билген киши барбы?

Home: Жылмайып коюнуз

minsokchon: Home пишет: Жылмайып коюнуз

minsokchon: Көрүнбөй жатпайбы! “Женпеддин” (азыркы И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин, мурдагы кыз-келиндер пединститутунун) эски азилдеринен бир шиңгил. Бир үнү чыйылдаган бою пакене агай дарс окуп жатат дейт. Бир убакта караса, тээ алыскы катардагы партада отурган бир студент кыз улам ойдолоктойт имиш. - Кызым, сага эмне, угулбай жатабы? – деп чыйылдаптыр агайы. - Жо-ок, көрүнбөй атасыз, - дептир тиги чунак кыз.

minsokchon: Өкмөт башчысы болгон соң Алмаз Атамбаев президент Роза Отунбаевага кайрылып: - Роза Исаковна, командамды кантип түзөм? - деп кеңеш сурап калат. - Акылына, интеллектуалдык көрсөткүчүнө карап алыңыз, - дейт президент. - Акылын кантип текшерем? - дейт Атамбаев. - Моминтип, - дейт президент өтүп бараткан Эмил Каптагаевди чакырып, -Эмил мырза, атаңыздын баласы, бирок, ал сизге ага да, ини да эмес. Ал ким? - деп сурап калат. - Ал менмин! - дейт Каптагаев токтолбой. Анан Атамбаев командасын түзгөнү жөнөйт. Караса эле Бабанов келатат. - Өмүрбек мырза, бир суроо берейин жооп бериңизчи. Сиздин атаңыздын баласы, бирок ал сизге ага да, ини да эмес, - деп сурап калат Атамбаев. - Ойлонууга уруксаат бересизби? - деп Бабанов кетип баратса, алдынан Текебаев чыгыптыр. - Өмүрбек Чиркешович, сизден бир суроо сурайын, - деп Бабанов аны токтотот. - Атаңыздын баласы, бирок ал сизге ага да, ини да эмес. Ал ким? - дейт. - Ал менмин! - дейт Текебаев. Бабанов сүйүнгөн бойдон Атамбаевке келип: - Таптым,таптым, ал Текебаев турбайбы! - дейт. - Ай, Өмүкө ай, бир аз акыл тегеретсеңиз болбойбу. Ал деген Каптагаев эмеспи! – дептир Алмаз акең.

Home:

minsokchon: Home пишет: Тунунор бейпил болсун!

Home: Кутман танынар менен достор! minsokchon пишет: ал Бакиев

Home: Жылмайып койунуз!!! "Эненин оюу-балада, Баланын оюу-талаада"-деген темага окшош да...

minsokchon: Home пишет: "Эненин оюу-балада, Баланын оюу-талаада" "

minsokchon: Салам достор! Дем алыш кунду жакшы откозкуло баарынарга игилик !!!!!

Home: minsokchon пишет: Салам достор! Дем алыш кунду жакшы откозкуло баарынарга игилик !!!!! Pахмат. бирге болсун

minsokchon: Home пишет: Pахмат. бирге болсун Бирнерсеси сизден болсун !!!!

Home: minsokchon пишет: Бирнерсеси сизден болсун апчен андан качпайтго...

minsokchon: Home пишет: апчен андан качпайтго... болду барып калам шылтоо табылып калыптыр сизге окшогон эжелер кобойо берсе чиркин

Home: Бейпил тунунор менен! minsokchon пишет: болду барып калам шылтоо табылып калыптыр

minsokchon: кутмандуу танынар менен!!!!

Home: minsokchon пишет: кутмандуу танынар менен Рахмат! Суйлогонго соз таппай калдым...

Home: Анда эмесе макал-лакаптарды уланталы... "Жакшынын шарапаты, Жамандын кесепети болот!". "Жакшыга жанаш, Жамандан адаш". "Тил билсен-дил билесин" "Ата-энендин барында-алдап-соолап кучун ал". "Карга баласын "аппагым" дейт, Кирпи баласын "жумшагым" дейт!"

minsokchon: Казак бийлиги жаңы ордо шаар Астанада чо-оң жана коо-оз имарат куруу үчүн эл аралык тендер жарыялайт. Бир түрк ишкер тендерге катышканы келет. - 3 миллион долларга сонун имарат куруп берем. Бир фин келет. - 6 миллион доллар берсеңер эле мыкты үй салып берем. Бир “жаңы казак” ишкер келет. - Болгону 9 миллион долларга үлкөн жане адеми имарат курам гой. - Ой бай а-ау, сендер кызыксыңар гой. Түрк менен фин минтип жатса, асманды айтасың да! – дейт тендерди уюштуруучу министр тигини жактырбай. - Ой агатай, оболу мени тыңдасаң. 9 миллиондун 3 миллионун дароо сизге санап берем гой. - Анан? - Анан 3 миллионду өзүм алам. - Тигини, тигини! А берки үлкөн үйдү кантип курасың, анда? - Жарасы жеңил. Түрк тууганга калган 3 миллионду берсек, жакшылап куруп берет да!

Home: minsokchon пишет: Ой агатай, оболу мени тыңдасаң. 9 миллиондун 3 миллионун дароо сизге санап берем гой. - Анан? - Анан 3 миллионду өзүм алам. - Тигини, тигини! А берки үлкөн үйдү кантип курасың, анда? - Жарасы жеңил. Түрк тууганга калган 3 миллионду берсек, жакшылап куруп берет да! Мына сага Мээси иштегендер математика менен байышат

Home: minsokchon, frances

minsokchon: Home

Home: Жылмайып коюнуз ушинтип кыйнайт да...

minsokchon: Оорду жеңбей жеңил жок, кыйынды көтөрбөй жеңил жок Оору – миң, ден соолук – жалгыз Сен эч кимди ойлобосоң, сени эч ким ойлобойт. Досуң берген малдын тишин ачпа Бээ туумайынча байтал аты калбайт, Катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт. Отко келген катындын отуз ооз сөзү бар Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды «мыш!» дебе.

Home: minsokchon пишет: Оору – миң, ден соолук – жалгыз "Оорулуу сурасан-айыкканга барабар" "Оорулуунун акыбалын тушко чейин сура..." minsokchon пишет: Досуң берген малдын тишин ачпа "Эсептешкен-дос болбойт". minsokchon пишет: Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды «мыш!» дебе. Коноктуу озуно жараша сыйла , келгенде эле "Кет"-дебей...

Home: minsokchon пишет: Оорду жеңбей жеңил жок, кыйынды көтөрбөй жеңил жок "Кыйынчылык кимдин гана башына келбейт..." "Баймын деп-мактанба, жокмун деп-суктанба". minsokchon пишет: Сен эч кимди ойлобосоң, сени эч ким ойлобойт. "Жакшы адам-жан ээритет, Жаман адам-жан кейитет" "Киши эмес киши - сөз эмес сөздү сүйлөйт."

minsokchon: Адамдын ойлогону- миң, аткарганы бир Айтсаң- тилиң күйөт, айтпасаң- дилиң күйөт. АлЖакшы адам байкайт го сөздүн баркын, Жамандар билеби адам баркын? тын сөздөр жуурулат, каухар болуп куюлат Душмандын сөзү жылуу, боору таш, Дудук- үн чыгарбас моло таш. Билимдүүнүн сөзү арыбайт, Булактын суусу карыбайт.

Home: minsokchon пишет: Адамдын ойлогону- миң, аткарганы бир Адамды-ой жейт... "Адамдын көркү-баш болот, Кабактын көркү-каш болот." minsokchon пишет: Айтсаң- тилиң күйөт, айтпасаң- дилиң күйөт. "Айтпа, айткандан кийин кайтпа..."

minsokchon:

Home: minsokchon пишет: Жакшы адам байкайт го сөздүн баркын, Жамандар билеби адам баркын? "Жакшы киши-улгу, жаман киши -туртку" minsokchon пишет: Алтын сөздөр жуурулат, каухар болуп куюлат "Жакшы соз-жыланды да ининен чыгарат" minsokchon пишет: Билимдүүнүн сөзү арыбайт, Булактын суусу карыбайт. "Булакты жыйсан-кол болот, Майданын жыйсан-эл болот"

Home:

minsokchon: Эки студент сынак берип жатат. Сынак бүткөндөн кийин биринчиси экинчиснен сурайт: "Сен эмнени жаздың?"-деп, экинчиси:"Эч нерсе жазган жокмун, бош баракты эле берип койдум"-дейт. Биринчисинин жүрөгү түшүп:"Эми экөөбүздү бири-бирибизден көчүрүп алган тура дейт да мугалим" деген экен!

Home: minsokchon пишет: Эми экөөбүздү бири-бирибизден көчүрүп алган тура дейт да мугалим" деген экен!

minsokchon: Оору – миң, ден соолук – жалгыз. * * * Дүйнө – улуу жол, заман – соккон жел. * * * Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт * * *

Home: Кутман танынар менен достор minsokchon пишет: Дүйнө – улуу жол, заман – соккон жел. "Дүйнөгө түркүк болгон адам жок". "Дүнүйө - бир тыйындан курулат". "Бир кем дуйно..." minsokchon пишет: Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт "Жаман да болсо бир тууган, бир тууганды сага ким берет!". "Тууганына батпаган, башка уйдун эшигин сагаалайт"

minsokchon: Жиндиканада Жиндлер жиндикананын дубалынан сыртка аттап,кайра ичине аттап жатышыптыр. врач аларды карап отуруп жакын барып врач: -эмне кылып жатасынар? дейт жиндилер: -дубалдан секиргенди уйронуп жатабыз,эртен баарыбыз качабыз дешет врач: -ааа мэйли анда аттай бергиле деп кетип калат. Кеч киргенде врач дубалды жыктырып таштайт,эртен менен караса жиндилер жыгылган дубалдын жанында турушат врач: -качабыз дебединер беле жиндилер: -аттаганга эчтеке жок кантип качабыз

minsokchon: Бири-бирин жакшы тааныган эки бизнесмен ресторанда отуруп, жумуш жөнүндө сүйлөшүп жатып, бирөөсү экинчисине: - Акча табыштын жүздөн ашык жолу бар экен. - Ооба, - дейт экинчиси - бирок ошонун арасында таза адилет жол менен табуунун бир эле жолу бар дешет. - Ал кандай жол экен? - Мен сени билет деп, сенден сурайынчы деп жүрбөдүмбү! Официант алып келген счеттун суммасын көрүп, таң калган кардар андан: - Кечиресиз, сиз бул счетко мен ичкен тамактын суммасына байкабай өзүңүздүн туулган жылыңызды кошуп койгон жоксузбу? Мугалим окуучунун атасына: - Сиздин балаңыздын географиядан билими өтө начар! - Ага географиянын эмне кереги бар? Баары бир биздин алган айлыгыбызга биз, шаардан тышкары эч жерге деле чыга албай жүрөбүз!

Home: СУЙУУ темасында макалдардан... "Суйуу-деген суйуу эмес бетинен, Суйуу-деген сузуп отуу денизден..." "Сулуу – сулуу эмес, сүйгөн сулуу". "Зер кадырын-зергер билет, сүйүү кадырын-сүйгөн билет". "Cүйүү-оттон ыссык, гүлдөн назик". "Cүйүү өлүмдөн күчтүү". "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө".

Home: "Тилин менен сүйбөй, дилин менен сүй." "Сүйбөгөнгө танылганын – сүйүүдө чон жанылганын." "Махабат бар жерде машакат бар". "Көшөкор сүйүү-колдун бетиндеги көбүктөй" же "Бат суйуу-бат муздайт" "Cүйүү-ичте, өкүнүч-сыртта". "Сүйүүсүз жашоо – көктөмү жок жылдай". "Сүйүүгө бардык жаштагылар баш ийиет, суйуу жаш-карыга карабайт".

Home: Бугун уйкунун кунубу? Кыздардын баары эле: "Уйкум келип атат"- дейт. Менин да уйкум эле келип атат...

Home: ушул суротту карап БЕЙИШти элестетип койом...

minsokchon: Сүйүүнүн күчү-чындыкта. Сүйүүнү-сүйүү гана айыктыра алат. Сүйүү менен тамашалашпайт. Ишенимдүү сүйүү-отко күйбойт, сууга чөкпөйт. Сүйүш-оор, сүйбөй коюш-андан да оор.

minsokchon: Базарда бир адам картошка сатып алайын деп кыдырып журот. Баардык эле жерден баасын сураса 10 сом дешет. Бир сатуучунун жанына келсе 20 сом деп жазып койуптур. Караса берки 10 сомдук картошкалардан айырмасы деле жок. Тан калып сурайт: - Дос, сеники эмнеге кымбат - десе, - Байке, мага акча аябай керек болуп жатты эле - деген тура.

Home: Тунунор бейпил болсун! minsokchon пишет: Байке, мага акча аябай керек болуп жатты эле - деген тура.

minsokchon:

minsokchon: Үч чымын аябай дос болгон екен. Бир күнү үчөө көп чымындан бөлүнүп, кел үчөөбүз үч жерге бөлүнүп, үч айдан кийин кайра жолугалы, кимибиз көбүрөөк семирип келеер екенбиз деп, бөлүнүп кетишет. Үч айдан кийин жолугушат. Үчөө жолугуп кимиси кайда жашаганын айтып киришет. Аябай семиргени, мен ресторанда жашадым, учуп барып туруп клиенттердин ичип аткан тамагына бир сайылам, мени көргөн алар тамагыны жебей четке жылдырып коёт тарелка бут меники деп махтанат. Орточо семиргени болсо мен көп бир балалуу үй-бүлөө менен жашадым учуп барып туруп ичип аткан тамагына бир сайылам, кашыгы менен сүзүп түрүп алып коёт, бир кашык тамак бут меники дейт, четте турган арык чымын байкуш ыйламсырап мен болсо студенттердин общежитиясында жашадым жакшы еле ичип аткан тамагына 180 менен барып сайылам, мен байкушка ечнерсе калтырмак турсун мени кошо соруп-соруп туруп чертип салышат ошол үчүн арыкмын деген екен.

minsokchon: Студент столоваяга кирип : - "Мне пожалуйста порцию пельменей" дейт. Анда ашчы аны какшыктап : - " Ооо какие мы сегодня крутые ?" дейт экен. Какшыгын угуп бүтө электе эле студент : - "И двенадцать ложек пожалуйста " дептир

Home: Кутман танынар менен!

Home: Жылмайып койунуз Хирургия болумундо врач-дарыгер мед.айымдан сурап жатат: - Бугун бизде эмне жанылык? Мед.айым: - 3 оор жаракат алгандар келди: автокатастрофа, геморрой, дагы бироосу-уйдо идиш-аякты жуугандан баш тарткан эркек.

Home: Сапсая түшкөн Бакиев чач тарачты алдырат. Чачтарач кайчысын шакылдатып чач тегиздеп атып эле: - Текбаев, Текебаев... - деп коёт. Бакиев көзүн алайтып карап койсо, чачтарач токтоп калат. Бир маалда кайра эле чачтарач: - Текебаев, Текебаев... - дейт. Бакиев жини келип: - Өй, үка, неле Текебаев, Текебаев деп атасың эй? Чачтарач жерди карап: - Сиздин чачынызды кыркыш кыйын экен, анан "Текебаев, Текебаев"- деген сайын сиздин төбө чачтарыңыз тик туруп, мага чач тегиздегенге өтө ыңгайлуу болуп атат... -деп коёт имиш...

smail5: Home

Home: Эшек курсагын тойгузайын деп тоо тарапка кетип баратса, алдынан кумурска чыгат. Эшек: -Кумурска, тоо тарапта чөп бар бекен? Кумурска: - Досум, кам санабай бара бер, чөп деген тим эле белден экен-дептир.

Home: Аялы күйөөсүнө таарынып: - Сен үйлөнгөнгө чейин дайыма мени "күнүм" дечүсүң. Эми болсо мени карабай калдын, эркелетпей калдын! Бош убактында пивоканадан башың чыкпайт. Куйосу: - Өзүң деле ойлоп көрсөң, Күндүн жанында ысыйм, анан суусайм... анан суусунуму пово менен кандырып атам да...

minsokchon:

minsokchon:

Home: Кутмандуу кечинер менен! Тунунор бейпил болсун!

Home: Кутмандуу танынр менен! Жылмайып коюнуз Жаны кыргыз машинесин койорго жер таппай, копко убура болот анан айласы кетип Кудайга жалбарат: - Оо, Кудай,! Машинемди койгонго жер таап бере көр. Мындан кийин күнүгө намаз окуйм, кедейлерге жардам берем! Ошол маалда бир айдоочу машинесин айдап чыгып кетип, анын орду бош калат. Анда жаңы кыргыз: - Кудай, убара болбой эле кой. Жер таап алдым.-дептир.

Home: Экзамен журуп жаткан учур, мугалим студенттерден сурап жатат: -Экзаменге даярсынбы? -Даярбыз! -Анда эмесе, билетте эки суроо гана берилет, эки суроого так жооп берсенер, экзаменден отосунор! Кана киминер даярсынар? -деп мугалим экзамен ала баштайт. Ангыча адырандап Акматов Канат доскага чыгат. Мугалим: -Фамилиян ким? -Акматов. -Атын ким? -Канат. Канат суйунуп кол чаап жиберет. Мугалим канатты карап тан калып: -Сага эмне болду? Аябай суйундун го... Канат: -Кудайым буйруса, эки суроого тен жакшы жооп бердим. Эжей мен экзаменден оттум да ээ - деген экен

Home: Коён арчанын тубуно арак бекитип: "Арак жок "деп жазып кетет. Аны кирпи таап алып, "Аракты кирпи алган жок" деп жазып кетиптир...

Home: Суйуу жонундо... Суйуу деген -суйуу эмес эринден, Суйуу деген- от чачышуу журоктон. С-сен У-учун Й-ичимдеги У-узулбогон У-умут

Home: Суйууну таттуу дешет-балы барбы? Суйууну кучтуу дешет-алы барбы? Суйуудон жаш журогун жараланса, Аны да айыктыраар-дары барбы?

Home: Жылмайып коюнуз Бир аксакал чачтарачка келип отурат. Парикмахер ага: - Эй, аксакал бул эмне деген моюн? - Ээ, балам бул казы, карта, чучук, май жеген моюн... - Эй, аксакал бул эмне деген моюн? - Ээ, балам! Бул жакшылыкты да, жамандыкты та коргон моюн... - Эй, аксакал балакет моюн болсо да жууш керек да

Home: Жапанда болгон окуядан кийин Кыргызстанга кетким келип атат...

minsokchon:

Home: Кутмандуу кечинер менен

Home: Айылда Айнакан деген шаңкылдаган үнү бар, созго чечен, той-топурду жакшы коргон аял болгон. Кундордун биринде каза болгон таежесине аза күтүп, боз үйдүн ичинде ыйлап отурган эле. Ага жанында отургандар: – Сен көпчүлүк алдында дайыма ырдап жүрөсүң. Үнүң жакшы эмеспи. Анын үстүнө, жакын таежең болсо, кошок кошуп отур ,- деп кошок айтып ыйлоону сунушташат. – Макул, кошокту кошоорун кошоюн, бирок, кантип айтууну үйрөткүлө, - дейт тез эле макул боло түшкөн Айнакан. Шыпылдаган бир таажеңеси турган жерден: – Көк көйнөк кийип жүрчү эле, Көңүлү көл-дөй кең эле…- деп төрт сапты кошуп берип, “эми жаттап алгын” дейт. Айнакан таажеңеси үй-рөт-көн кошокту берилип жаттай баштайт. Бир маалда сырттан батага келе жаткан элдин дабыштары угула калат. Шашып кеткен Айнакан дайыма той-топурда ырдап жүрүп көнүп калганга адатынча созолонтуп: – Көк көйнөк кийсең көңүлүм сага бөлүнөт... - деп көзүн жумуп алып ырдап кирет. Жанында отургандар түртсө да болбойт. Батага келгендер көз-дөрүн ымдагылашып, түшүнө бербей туруп калышат. Ырдап бүтүп көзүн ачса, элдин баары айласыздан бырс күлүп: “Сен той кылып жибердиң го ”,- дешет. Кошок кошпой эле ырдап алганын түштөн кийин тү-шүн--гөн Айнакан эки бетин кызартып , же ыйлаарын билбей же кү-лөө-рүн билбей туруп калган экен.

Home: ушул суротту коруп алып, элестетип, боорум эзилип калды Юрский период-АЗАМАТсын!!!

Home: Жазда сүйүү башталат эмеспи. Эрте жазда эки көгүчкөн бири-бирине махабатын билдирүү үчүн калың, чытырман токойдо жолугушуп, бир көгүчкөн экинчи көгүчкөнгө: - “Мен сени сү...“ дегенде ары жактан дарактарды сындырып бир каман чыгып келет. Каман аябай сөлөкөттүү, булчуңдары чыккан, колдорунда сүрөттөр жана жазуулар бар экен. Көгүчкөн андан: -Эмне болду байке? – десе, -Эй, Винни Пухту көрдүңөрбү? -деп сурайт. -Ал шаарга көчүп, Дордойдон контейнер алып, коммерсант болуп иштеп кеткен. Аны көрсөк бир нерсе деп коёлубу, - дейт . Каман: -Айтып койгула, Пятачок армиядан келди деп, - деп коюп каман камырабай басып кетет экен.

Home: Аялы дайым куйоосу иштен келгенде текшеринип, чач таап алса да жанжал кыла берет экен. Бир куну куйоосунон эч нерсе табалбай койуп: - Шумшук десе мени алмаштырбаганын таздар эле калды эле эми- дептир

Home: Аялы куйоосуно: - Айтсан жаным, ушуга чейин чын эле алажипти аттаган жоксунбу? Куйосу создун маанисин тушунбой эле: - Аттагам. Аттаганда да кайра-кайра аттагам. Аялы да создун маанисн тушунбой, жинденип: - Уяты жок! Аттабай алан айрылгыр, чык эшикке, жолгол! Мен сенден ушуну куткон эмесмин! Куйосу: - Омей, анын эмнеси уят? Бала кезде торпок аркандаган кара-ала жипти аттап ойночумун... Эмне сен ала жипти аттаган эмес белен?

Home: Имам менен участковый көчөдө баратышып, мушташып аткан эки кишини көрүп калышат. Участковый барып, ажыратмакчы болот. Анда имам: - Кое тур - дейт. Тигил экөө көпкө чейин былчылдашып, акыры бирөө экинчисин өлтүрүп тынат. Ошондо имам: - Мына эми биз кийлигише турган кез келди... Бири - сеники, бири - меники - дейт алаканын ушалап.

Home: Бир куну чымчык менен карга суйлошуп калат. Карга чымчыктан сурап атат: -Эй сен кимсин? Чымчык козунун тоосу менен карап туруп: -Буркут! -Эмне? Анда неге кичинекейсин? -7 айлыкмын да.

Home: Бир куну арак олуп калыптыр дейт. Анан Шампан,Вино,Коньяк чогулуп алып окуруп кире албай эшикте турушат. Анда Коньяк: -Шампан, майрамдар дайым сени м-н башталат. Эми бул жолу да сен баш бол-десе Шампан: -Ичибизде эн улуубуз-Вино сенсин? сен башта-дейт. Ошентип учоо "Cен башта, мен башта" болуп кыжылдашып жатышса, ары жактан бироо: -Алда боорум ай, бооруи-деп боздоп кирип кетет экен. Шампан,Вино,Коньяк тан калып: -Баарыбыз эле бул жердебиз ,тиги ким болду экен деп ичке киришсе... Арактын тектеш тууганы-Самогон экен.

Home: Кичинекей небереси чоң атасынан сурап атат: - Чоң ата, эмне үчүн сиздин чачыңыз ак да, сакалыңыз капкара? Чоң атасы: - Анткени, уулум, менин сакалым чачымдан 20 жаш кичүү -деп тамашалап койот...

minsokchon: Айылдан шаарга жаңы келген жигит аялдамада турса, жанындагы кемпир сурап калат экен: - Ай балам, тиги келаткан аптоос кайсы? - десе, бала: - Мерседес. - дептир. Кемпир: - Жоок балам, номуру канча? - десе - Б 2685 Б. - деген экен.

minsokchon: Чек арадан өгүз жетелеп бараткан аксакалды көрүп солдаттар аксакалдын кыжырына тйиш үчүн -Аксакал жетелеп баратканыңыз емне деп сурашыптыр анда аксакал - Бул студент дептир солдаттар таң калып коюңузчу аксакал бул өгүзгө дешсе аксакал -Өгүз бишкекте окуп жүрөт бул студент студент деп өтүп кеткен екен

minsokchon: мен келдим

Home: minsokchon пишет: мен келдим Кайда журдун сагынтып , кимдин колун кармадын...

minsokchon: Пил менен кумурска бассейнде киринишет. Пил жуунуп болуп чыгып баратса,кумурска пилге: -" Э ПИЛ адашып меникин дагы кийип алба!"-дептир

Home: Кутмандуу танынар менен

minsokchon:

Home: Бир адам кудайдан сурайт экен: - Кудай айтчы мага, сен учун 1000 жыл канча убакыт? Кудай: - Мен учун 5 секунд... Адам: - Аа, 5 000 000 $ ? Кудай: - ал 5 центчелик эле... Адам: - Анда мага 5 цент берчи. Кудай: - Азыр, 5 секунд куто тур - деген экен.

minsokchon:

Home: деп АК УЙдогулор отурат

minsokchon: Ал ким болду экен чиркинhttp://jpe.ru/gif/smk/sm62.gif[/img]

minsokchon: кыргыз адашып францияга барып калат. аэропорттон тушуп башы айланып турса бир француз келатат имиш. -эу братан фул шер хаер -десе алда байкуш адашкан кыргыз экен сыр бербей -филфейм ука дейт имиш

minsokchon: Атасы баласына: - Балам, кошунанын кол арабасын сурап келчи - дейт. Баласы кошунасына барса, кошунасы бербей коет. Атасы: - Азыркы адамдардан пейил кетти. Илгери алыш-бериш менен жашачу элек. Мейли эми балам алып чык өзүбүздүн арабаны. *** Милиционер ууруну кармап алып: - Уурулугуңду качан коесуң? - Анда ууру: - Мен уурулугумду таштасам, анда сен ишсиз калбайсыңбы! - дептир

Home: Кутмандуу танынар менен! minsokchon пишет: Мейли эми балам алып чык өзүбүздүн арабаны. minsokchon пишет: Ал ким болду экен Home пишет: АК УЙдогулор КРдин жаны бийлиги...

Home: "Сыйга-сый, сыр аякка -бал" "Саны бар, сапаты жок" "Жаштык-мастык" "Кайда барсан, мамайдын кору (жашоосу)"

minsokchon:

Home: Кутмандуу кечинер менен! "Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин" "Кыбыраган кыр ашат..." "Ат тезегин кургатпай..." Тунунор бейпил болсун!

minsokchon: Home пишет: Тунунор бейпил болсун! рахмат

minsokchon: Доктор!Акыркы кундору менин жубайым аябай начар укчу болуп калды.Жардам бербесениз болбойт! -Анда аялынызга кулак аппарат тандаш керек!Биринчи сиз билип келиниз кандай аралыктан аялыныз уга баштайт. Суроо беришти алыстан баштан,анан жакынырактан... Мужук (мужик) уйуно келип,балконго чыгып: -Ээ,жаным! Кечкиге эмне тамак жасап жатасын? Жооп жок.Кожоюн залга кирип жини келип: -Эмне оокат кылып жатасын!! Дагеле жооп жок!Энениске-н,бул катынга эмне болгон деп,жини кайнап,кухняга кирип: -Сен деги оокат кылып жатасынбы,жерге киргир? -Палоо!палоо!Мен сага 3-жолу айтып жатам!

Home: Кутмандуу танынар менен!!! [img]http://jpe.ru/gif/smk/sm47.gif[/img] minsokchon пишет: Палоо!палоо! Мен сага 3-жолу айтып жатам!

Home: Айылдын келиндери чогулуп кийиз бышып, оймо салып журушуп бары эле куйоолорун жамандайт экен. Араларында бир гана келин эч куйоосунун жаман адаттарын айтпайт экен аны байкаган келиндердин бири сурайт: -Ай, эмне, сенин куйоон алтынданбы, же периштеби эч бир айыбы жок болчудай? Жанакы келин оор ушкуруп: -Той куну куйоом мени атка отургузуп алып, озу атты жетелеп басып оз уйуно алып келе жаткан... Жол таштак болгондуктан жолдо ат ташка чалынып кетет. Ошондо куйоом атты карап бармагы менен кезеп БИР деп койду. Экинчи жолу мудурулгондо ЭКИ деп койду бармагы менен кезеп. Кыйла жол жургондон кийин чарчаган ат дагы мудурулуп кетти, анан куйоом бармагы менен кезеп УЧ деп атып салды атты. Мен акылдуу болуп суйлой калбаймынбы. - Ай, атты эмнеге аттын, андан коро улакка чаап жок дегенде кошок салып иштетсен пайдасы тийбейт беле... Ошондо куйоом мени карап: - БИР-деди эле... ошол кундон бери куйоомду ЭКИ дедирткен жокмун -дептир... Кандай акылдуу аял!

minsokchon: Home пишет: Кандай акылдуу аял! айал жакшы эр жакшы

minsokchon: бир кичинекей Мурат деген соседимдин баласы бар анда ошто жашачу элек атасы аны мектепке орус класка барсын деп акча берип зорго киргизиптир 2 жыл отсо дагы орусча уйронбой коюптур анан ата энелер чогулушуна барып калып классты таба албай журсо 2 орус бала жугуруп кетип жаткан экен ребята подождите вы не знаете Мурата где он учится десе орус балдар Журунуз биз менен окуйт азыр чогулуш болот деп кыргызча суйлошуптур.атасы согунуп журот мен мунеу орусча уйронсун деп орус класска берсем орустарды кыргыз кылып коющкан турбайбы деп............

minsokchon: Мен ал убакта 2-курста студенти элем. Сабактан чыгып, курсагым ач. Бир нерсе жегим келет бирок акча жок. Эмне кылышымды билбей, сумкамды чукулап карасам бир сомум бар экен. «Токтоптур» дедим да. Базарчикке келип мурун дагы булучка алып жеп жургон жериме келдим. Ал булучка ар дайым эле бир сомдон болчу. Мен келдим да сатуучудан: - Бир сомдук булучканыз канчадан – деп сурадым. Айланадагы адамдар мени карап кулуп жиберишти.

Home: Кутмандуу танынар менен!!! minsokchon пишет: аял жакшы эр жакшы minsokchon пишет: мен муну орусча уйронсун деп, орус класска берсем орустарды кыргыз кылып коюшкан турбайбы деп minsokchon пишет: Бир сомдук булучканыз канчадан

minsokchon: кундордун кызыктуу бир кундорундо:кечиресиз Назика барбы деп сурайт екен бир жаш жигит кыздын апасынан:)жок сиз кечириниз кызым мага уйдо жок деп айт деди еле.....жигит Оооооо жакшы болбодубу анда мени келген жок деп айтып коесузбу дептир:)

Home: minsokchon пишет: анда мени келген жок деп айтып коесузбу

Nigma: minsokchon Home эрикпейлесинерби??

minsokchon: АА уу КАЙДАСЫНАР? БАТ БАТ ЧЫГЫП ТУРГУЛА

Home: Кутмандуу кечинер менен!!! Nigma сиз кайда журосуз корунбой minsokchon пишет: АА уу КАЙДАСЫНАР? БАТ БАТ ЧЫГЫП ТУРГУЛА Мен бул жактамын

minsokchon: бир кишиге Эй дос поезд кетип калбасын тезрек бол десе, каяка барат эле белети менде го дептир. бир бала 2 болуп окуган экен \гаи болуп иштеп калыптыр.жолдо турса эжекеси машинада отуп кетип жаткан экен т токтотуп алып : ИИИИ ДЕПТЕРГЕ ТОЛОТУРУП ЭКИНЧИ КЫЗЛГА ОТПОЙМ ДЕП ЖАЗЫНЧЫ деп кыйнаган экен

Home: minsokchon пишет: Бир бала 2ге окуган экен. ГАИ болуп иштеп калыптыр. Жолдо турса эжекеси машинада кетип жаткан экен, токтотуп алып: ИИИИ, ДЕПТЕРГЕ ТОЛТУРУП ЭКИНЧИ КЫЗЫЛГА ОТПОЙМ ДЕП ЖАЗЫНЧЫ деп кыйнаган экен.

Home: Салам!

Home: Жылмайып коюнуз! Баптистер айылдарды кыдырып оз динин угуттоп башташты. Элге айткандары жеткиликтүү болуш үчүн алар өзү менен кошо котормочуну алып жүрүшөт. Апостол (А): Добрый день, братья и сёстры! – Котормочу (К): Ассалоому алейкум, братишкалар! А: Послушайте, завет истинный – К: Мобул кишиге беш мүнөт көңүл буруп койгулачы. А: В начале было слово – К: Көп сөз – бок сөз. А: И создал бог на седьмой день землю прекрасную – К: Кыргызстан эгемендүүлүккө жетти. А: И создал он на земле Адама и Еву – К: Акаевдер бийликке келишти. А: И вкусила Ева запретный плод – К: Майрамдын көзүн май басты. А: И разгневался бог и пустил он на Землю кару небесную – К: 24-март... А: И начался на земле всемирный потоп – К: “Народный”, “Гоин”, “Бета Сторес”... А: И после этого спаслись на земле каждой твари по паре – К: Бакиев-Кулов тандеми түзүлдү. А: И настали благие времена – К: Салымбеков кинотеатрларды ачты, Нариман Түлеев мэр болду, А “Дордой” - чемпион! А: Приходите на проповеди, братья и сестры – К: “Тамашоуго” келип тургула, сестрёнкалар! А: И ибо воздастся вам –К: Ооба. А: Аминь! – К: Оомийин!

Home: Кайырчылардын БИЗНЕСи Алатоо аянтында эки кайырчы олтурат экен. Биринин колунда килтейген жарым ай, экинчисинин колунда килтейген крест. Шапкелерин алдына коюп алышкан. Ары бери өткөндөр алардын жанына келгенде крест кармап олтурганга мурдун көтөрүп, токтоп, бирок акчаны ай кармагандын шапкесине салып атышат. Бир аз убакыттан кийин тигинин шапкеси толуп, беркисиникинде эч нерсе жок. Обочороокто бул экоон байкап турган молдо жакын басып келип, крест кармаганга айтат экен: -Эй, бул мусулман олко! Крест кармап олтура берсен алдыкы шапкене эч нерсе тушпойт! Молдо кеткенде крест кармап олтурган кыргыз жанындагы ай кармап отурганга кайрылып: -Исраил, карачы, бизге маркетингди ким окутайын деп атат - деп коет

minsokchon: Home пишет: Исраил, карачы, бизге маркетингди ким окутайын деп атат - деп коет

Home: Кичинекей бала ылайдан ар кандай нерселерди жасап ойноп отурса, аны байкап калган милиционер жон турбай тийшип: -Эй, бала! Эмне жасап жатасын? - деп сураса Кичинекей бала: - Солдат жасап жатам -деп жооп берет. Милиционер: -Тиги уйдун богунан (тезегинен) да кошуп жасабайсынбы? десе, Анда кичинекей бала -Ээ, койчу, анда КОЗЕЛ болуп калат да... -деп жооп бериптир.

Home: Кутмандуу танынар менен! [img]http://jpe.ru/gif/smk/sm47.gif[/img] Бир орус Альяскага барып жашап калыптыр. Анан жанында жашаган коншусун "Таанышып алалы" деп уйуно чукча конушусуну бала-чакасы менен конокко чакырып, пельмен бериптир. Чукча: -О-ий, бул сонун тамак турбайбы, Этин кантип соогунон ажыратып, майдаладынар? Орус: -Ушинтип эле мясробкалап. 1 жумадан кийин чукча да орустун уй-булосун конокко чакырыптыр, пельмен жасаптыр. Анан чукчанын аялы менен кызы унчукпай эле, эстери ооп отурат дейт. Орус тамак ичип буткондон кийин, уй ээлеринин суйлобой отурганына тан калып: -Ой, кошуна эмне булар суйлобойт: -деп сураса, Чукча досу камырабай: -Эртеден бери эт мясропкалап, ооздору чарчап калбадыбы... -дептир...

Home: Ошол эле чукча Москвага баягы орус досунун уйуно конокко барып, анан уйуно кетет. Чукча шаардан келсе аялы капа болуп, таарынып: -Мен сага самый модный подарок алып кел деп айтканмын. Кайсы жерде эл тыгылышып-жыгылышып очередке турса, демек ошол жерде жакшы модалуу товар болоорун эскерткенмин. А сен куру кол келипсин -деп ыйлаптыр. Анда куйоосу: -Мен сен айткан боюнча, коп адамдар узун-узун кезекте турган, эл коп жерге барып кечке кезекте турдум. Мен зданияга кирип, кезегим жеткенде, сатуучу олуп калыптыр -дептир. Корсо чукен, Лениндин мовзелейине кезекке туруп алган экен.

Home: Бир куну арстан бир койду жанына чакырып: -Оозум жыттанып жатабы? деп сурап калат. Эч нерсеге маани бербеген кой: -0оба - деп жооп берет. Арстан оозунун сасыгына чычалап, койго жини келип дароо ошол жерден жыра тартып жеп коёт. Андан кийин карышкырды чакырып сурайт. Журогу тушуп калган карышкыр: -Жок - деп ыйлактайт. Арстан анда да жон калбай, карышкырдын кылыгына такыр ыраазы болбой, аны да мазактайт. Ошентип, кундордун биринде кезек тулкуго келет. Тулкудон да сурайт. Куу тулку кууланып: - Кечиресиз, Сизге кудай ден соолук берсин! Мага суук отуп калыптыр, чочко тумоосу болуп калсам керек. Мурдума эч нерсе жыттанбай жатат. -деп ажалдуу арстандан амалдуу куу тулку кутулуптур...

Home: Бир алкаш камокко келип: -100 гр куйчу бат-баттан... бол эми баштала электе! - десе, сатуучу 100 гр куюп койюптур. 100гр ичип туруп: -дагы 100ду куй! башталып кете электе- деп дагы бастырып алып анан сатуучуну караса, сатуучу тушунбой карап турат дейт: -Эмнеси башталат экен дегенсип... Алкаш сатуучуну карап, байкап, кайра дагы сурайти -Ий, бол! Бол, бол эми дагы 100гр! -дейт Сатуучу: -Жанатан бери эле ичип атасын, деги акчасын толоп коюп анан ичпейсинби! Алкаш: -Ий! Мына, башталды! - деп коёт имиш

minsokchon: Суйуу балдай даамын чындап татканга, Суйуу кымбат алтын, кумуш таштан да, Бул жашоодо суйуу гана дем берээр, анын кейип сен капага батканда. Жашоо жыргал суйуу сырын тапканга, Суйуу жарык кечте дагы, ак танда. Бир тынымга тыншап тураар жер жузу, Журок жалгыз сен деп согуп жатканда Суйуу татаал бийик ашуу ашканга, Суйуу назик кир жугузбай кастарла. Керек болсо суйуу учун жан берип Айланалы туболуктуу дастанга

minsokchon: Олтурам мен ойго батып, Негедир тунку уйку менден качып. Кыялдын кемесине минип алып, Кыдырып жургонсуймун кырды ашып. Ой кулук,мен кулукмун оюм менен, Суктанып сезимиме тан берем. Тарыхка из калтырчудай умтулуп, Жандырып табышмакты чечилбеген. Жаштыгым,махабатым,суйуу жазым, Жалындап жанып турчу сен ылайым. Жашоого тамчыдай умут берип, Жанымда суйуп келчи сен ар дайm

Home: Кутмандуу танынар менен! minsokchon пишет: Суйуу балдай даамын чындап татканга, Суйуу кымбат алтын, кумуш таштан да, Бул жашоодо суйуу гана дем берээр, анын кейип сен капага батканда. Жашоо жыргал суйуу сырын тапканга, Суйуу жарык кечте дагы, ак танда. Бир тынымга тыншап тураар жер жузу, Журок жалгыз сен деп согуп жатканда Суйуу татаал бийик ашуу ашканга, Суйуу назик кир жугузбай кастарла. Керек болсо суйуу учун жан берип Айланалы туболуктуу дастанга Азаматсын! Башымы ийип таазим кылам! Экинчи ырын да абдан жакшы экен minsokchon пишет: диван деген жери эле окшошбой калыптыр... Кечиресин Суйууну Р. Абдыкадыров "Ташка тага баскандай" даназалап кеттиго жарыктык...

Home: СССР учурунда Мамлекеттик тил Комиссиясында жыйын болуп, кыргыз тилинде колдонулган тамгаларды талкуулашыптыр. Чогулушка келген адамдар оз жеке ойлорун айтып, анан бир чечимге келишет: "ы"тамгасын алфавиттен алып салалы анын ордуна "и" тамгасы эле болот дешиптир... Бир убакта эшик "кыйч" деп ачылып, жыйынга комиссиянын бир мучосу кечигип кирет, баары аны тан кала карап: -Эмне болду? Бул жакта маанилуу маселе болуп атса, эмне кечигип журосун? десе, Кечиккен киши актанып: -Ой, маршрутка жок, эл болсо коп, маршруткага сигилип кирип, сигилип чиктим -деп айткан экен... Комиссиянын мучолору кой "ы" тамгасына тийишпей эле коелу кыргыздарга керек экен деп коюшуптур. Эмнеге кордум бийден, Оо, сен дагы бар белен? Кучактап башка кызды, Бийледин ал менен. Жакбастан башкалар, Жалгыздап мен калдым! Сен сезбес журотон, Ызаамы тен жардым.

Home: "Жолборс жолунан кайтпайт, Ойчу ойунан кайтпайт... " "Сыйды бил, сый артында сырды бил" "Кусаалык-сагынуунун сокур умуту..." "Жашоо-бул кыймыл, айрыкча суйгонунун артынан чуркаганда... "

Home: Нарында болгон окуя Элдер дурбуп. ары-бери чуркап, ызылдап атышса, жолдун жээгинде бир чал отурат дейт, анан эмне болгонго тушунбой бир баладан сурап атат: -Балам, эмне болду, тынчылыкбы? Жаш бала: -Ата кытай каптап келе жатышат дейт... Анда чал: - Канчоо экен - деп сурайт, Жаш бала: - Ой, ата, миллиард -экен дейт, Чал ойлонуп туруп: - Эми алардын баарын кайда комобуз - деген тура!

Home: Кыз-жигит кечки жолугууда... ... Бала кызды бекем кучактап алса: Кыз: -Ий, колум ооруп кети -десе Жигит кыздын колун ооп: -Оорубай калдыбы - дейт. Кыз: -Ии, тишим ооруп атат - десе Бала кыздын бетинен ооп: - Оорубай калдыбы -дейт. Кыз кылыктанып, жылмайып : -Ии, ооруубай калды -дейт. Анда ар жакта жаткан бомж чыга калып: -Чон жигит, сен гемморойду дарылабайсынбы -дептир.

minsokchon: Home пишет: -Чон жигит, сен гемморойду дарылабайсынбы -дептир.

Home:

Home: Мадонна менен Майкл Жексн жолгуп калыптыр. Мадонна расса мактанат екен -"менин бут дүйнөнү сатып алганы акчам жетет!" деген екен Майкл Жексн -"мен сатпаймда" дептир

Home:

Home: -Дуйнолук согушта бир кыргыз немецтердин колуна тушот. Башы ото эле жакшы иштегендиктен немецтер аны олтурушпойт, иштетишет. Бирокдын буту менен эки колу катуу жаралуу болгондуктан кесип салууга туура келет. Ал немецтерге айтат: - Сураныч, менин колумду кессенер, аны Кыргызстанга алып барып таштагыла, эч болбогондо колум мекенимде калсын... Немецтердин да инсаптуулары бар экен. Кыргыздын айтканын кылышат. Бир канча кундон кийин кыргыздын бутун кесишет. Кыргыз аны дагы Кыргызстанга атууну суранат. Айтканын кылышат... 1 жумадан кийин кыргыздын экинчи колун кесишет. Кыргыз дагы суранат... Бирок немецтер конушпойт. Кыргыз: - Эмнеге? - деп сураганда, - Ойлонуп корсок болунуп болунуп качайын деп жатат окшойсун,- дешет

Home: Бишкек шаарында Бир киши гид болуп иштейт экен! Анан бир куну американистерди экскурсияга жыгарат экен! Баарын коруп бутуп! Туристер сурайт: Сиздин Кыргызстанда баары эле бар экен! Гид: Ооба бизде баары бар, эн кызыктуу олко! Т.: А сизде маймылдар бар бы? Г.: Маймыл? Кандай маймыл? Т.: Мммм... гориллалар бар бы? Г. ойлонуп: Ооба бар! Эртен саат 10.00 жоолугушалы сизге горилланы корсотуп берем! Т.: Макул! Гид ойлонуп, бир ботолко арак алып, досуна барат! Калыс кандайсын? К.: Жакшы эмне болду? Аман эсен би? Г.: Оооо бир иш бар эле! К.: Кандай? Гид баарын айтып берет! Аягында сурайт сен озун жажында дененде коп, иши кылса жардам бер! К.: Макул! Саат 10.00 туристер горилланы корушот клетканын ичинде! Анан сурайт маймылга коп окшобойтко! Маймыл (Калыс) бул убакта кыйкырып, клетканы тарсылдатып жатат. Туристер арстанды киргизип коргулочу, бул маймыл болсо анда согушат! Арстанды киргизишти, Горилла коркуп арта жоной баштады!!! Анда Артсан айтат: Эй Калыс коркпо бул мен Арстанбек!!

minsokchon: мен келдим силер кандайсынар?

minsokchon: Ойго салдын суйосунбу деп сурап, Ошол создо суроо, чекит коп турат. Капысынан бул айтылган созуно , Кантип эми жооп берем соз курап. Ооба, десем сен ишенип калбайсын, Женил го деп, анда шектуу карайсын. Суйом же жок деп айтар созумдун, Кайсы бирин айтаарымды каалайсын? Унчукпасам сен да унсуз жер карап, Улутунуп менден кумон санайсын. Махабатты табам деген бир создон, Ачык айтсам озун деги кандайсын?

minsokchon: Тагдыр менин жолумду, Чиймеледи тооруду. Ойлогонум ишке ашпай, Журок сыздап ооруду. Ырым менен озум гана, Кайгы капа тартамын. Жолок таяк эч кимим жок, Сансыз ойго батамын. Мен окуном бул турмуштан, Эрте оорун алганга. Жандап турган эч ким жок, Жалгыз болуп калганга.

minsokchon: Менин дуйном жалгыз жана карангы, Мээримин токкон адамымды табамбы? Адам пейли жер устундо тарыды, Аран айтып ооз учунан саламды. Колунда бар болгонунда жанында, Колдо жокто билбейт сендей адамды. Мейли,мейли мен тагдырга таарынбайм, Мээрим издеп душманыма багынбайм. Мен ишенем бир Кудайдын барына, Менменсиген адамдарга жалынбайм. Кудуреттуу Кудай бизди жараткан, Бир Кудайга,жаратканга жалынам. Аллах бизди бул дуйного жараткан, Ак дилин менен ибадат кыл деп буйруган. Аллах озун сакта бизди шайтандан, Адамдарды алдап,жолдон азгырган. Азаптардан сакта деп суранам, Акыретте боло турган сурактан.

Home: minsokchon пишет: мен келдим силер кандайсынар? minsokchon пишет: Ооба, десем сен ишенип калбайсын, Женил го деп, анда шектуу карайсын. Суйом же жок деп айтар созумдун, Кайсы бирин айтаарымды каалайсын? Жаштыгымы эстетип, журогуму эзип салдынго... minsokchon пишет: Аллах озун сакта бизди шайтандан, Адамдарды алдап,жолдон азгырган. Азаптардан сакта деп суранам, Акыретте боло турган сурактан.

minsokchon: Алтындан кымбат апакем, Атынды ыйык тутам мен. Айтылып буткус мээримине тен, Ааламда бир жан бар бекен? Парздарды бекем тутасын, Пайдалуу иштин кулундай. Пешенен жарык,ырыстуу, Пейилди берет бир Кудай. Алыска кетсем жанындан, Апакем сени сагынам. Ар дайым бар бол суранам, АЛЛАХым берсин жашынан. Кайгырба батып санаага, Кадырын чачпайм талаага. Канатым учпай турганда, Караанын болсун жанымда. Ээндесем коштойт караанын, "Этият бол!",-деп келесин. Энекем менин берекем, Эргитет батан журок жебесин.



полная версия страницы