Форум » Встречи » Кыргызстан-3 (кыргыз тилинде) » Ответить

Кыргызстан-3 (кыргыз тилинде)

Home: Салам урматтуу достор, мекендештер!!! Алыста журуп сиздер да туулган жерди сагынып, кыргыз тилинде жердештер менен макал-лакап, тамаша создорду сулошкунуз келсе, кыргызча анегдот, кулкулуу окуяларды жазгыныз келсе, окугунуз келсе... бул жакка келиниздер!!! Форумга куш келиниз! Алыс жакта журсок да сагынып, жок дегенде, суротторду карап суктанып туралы... Кыргыз маданият борбору

Ответов - 301, стр: 1 2 3 4 5 6 7 8 All

minsokchon: Чапаевдин афган баласы Чапаев афган согушунан кайтып келет. Ийнинде ойноктогон маймыл конуп отурат. - Василий Иванович, афган катындары кандай экен? - деп сурайт Петька. - Эх, Петька, аягың өлө ысык экен, каяктагы катын? - Эми негизи катындары кандай дейм да? - Охо, тоо, чөл, согуш... - Василий Иванович, маалкатпай айтсаң, катындары деги кандай болот экен? Ийнинде отурган маймыл чыдабай: - Ата, ай атаке, бу киши эмне эле жабышып атат? - дептир.

Home: minsokchon пишет: Ийнинде отурган маймыл чыдабай: - Ата, ай атаке, бу киши эмне эле жабышып атат?

Home: Бейиш чоңбу же тозок чоңбу? Падыша Апендиден сурайт: - Апенди, бейиш чоңбу, тозок чоңбу ?-десе, Апенди: - Бейиш -дейт. Падыша: - Аны кайдан билесиң ?-деп сураса, Апенди: - Анткени, жер жүзүндө байдан кедей көп -деп жооп бериптир


minsokchon: Салам Достор! Кыргызымдын кырчындай жигиттери, кымча бел кыздары! Албетте, кылымдарды карыткан кыргыз тарыхы озу менен бирге элибиздин маданиятын, каада салтын, урп адатын, маданиятын, кыскасы маданий жана руханий мурастарын муундан муунга откоруп, сактап келет. Булардын копчулугу ислам динине негизделгенин да танууга болбойт. Кандай болгон кундо да ар бир кыргыз торолгондон олгонго чейин мына ушул баалуулуктар менен жуурулушуп жашап келет. Бирок копчулугубуз каада салттардын, урп адаттардын кайдан чыгып, эмнеге негизделгенин биле бербейбиз. Мисалы, "ар бир кыргыз баласы жети атасын билуу керек" дешет, эмне учун? Жети атасын билбегенди "теги жок кул" деген экен. Арабыздан буга так жообун билгендер созсуз чыгат да. Ошону менен бирге башка жоролголор тууралуу билгенинер болсо же суроолор болсо ушунда талкуулайлы, кандай дейсинер? Ошентип, баарыбыз оз каада салтыбыз тууралуу терениреек билген болобуз. Баарынарга ийгилик!! !

Home: Кутман танынар менен достор! Коптон куткон Нооруз майрамы да... (бир кун чыдасак) келип калды Баарыныздарды Нооруз майрамы менен куттуктайм!!! Нооруз-бул кыргыздын жаны жылы! Эмнеге кыргыздын жаны жылы жаз мезгилине туура келет? Себеби: кычыраган ызгардуу катуу сууктан (кышында) элдердин топтогон запас оокаттары тугонуп-узурчулук (оокат тарташ) башталат Анан жаз келип, айлана да жашылданып, кыштын-90 кундук жер тону чыгап, олбостун куну башталган... Мына ушундай себептерден улам мусулман элдерин жаз мезгилин чыдамсыздык менен кутуп, Нооруз майрамын-чон майрам катары кабыл алып, майрамдашкан Нооруз майрамында кыргыздын улуттук кийимдери кийилип, майрам кыргыздын урп-адаты боюнча ЖАНЫ ЖЫЛ-жакшылыктардын жылы болсун деген тилек-ойдо арча менен аластоо менен жакшы тилектер айтылып башталган. Андан кийин кыргыздын улуттук оюндары уюштурулуп, сумолок, тамак элдерге тартылган. Майрам шандуу, кызыктуу отуш учун: Чечендердин айтышы, макалчылардын айтышы жана ыр-кесе откорулгон Бул майрамдык дагы озгочолугу- 1 жыл ичинде кимди таарынтып же кектеп жургон болсо кечирим суроо жана кечирумдуу болуу

Home:

sama: Всех мусульман форума с наступающим завтра праздником Навруз, с днём весеннего равноденствия! Мира,здоровья и счастья в каждый дом!

ISIDA: sama

Home: sama пишет: Всех мусульман форума с наступающим завтра праздником Навруз, с днём весеннего равноденствия! Мира,здоровья и счастья в каждый дом! Рахмат! Айтканын келсин!!!

minsokchon: sama пишет: Всех мусульман форума с наступающим завтра праздником Навруз, с днём весеннего равноденствия! Мира,здоровья и счастья в каждый дом! рахмат!!!!бирге болсун

sama: Home minsokchon не могу писать на киргиzском кто нибуд есть с юга

minsokchon: sama пишет: не могу писать на киргиzском кто нибуд есть с юга Сиз кай жерден болосуз? бар

sama: minsokchon пишет: Сиз кай жерден болосуз? бар онам DJALAL-ABODdan

minsokchon:

Home: sama пишет: не могу писать на киргиzском sama пишет: кто нибуд есть с юга Извини

Home: Турмуштан алынган анекдот ТЕМИР БИРНАЗАРОВ, режиссёр – Сьёмка учурунда режиссёр Альгимантас Видугиристин башынан өткөн бир кызыктуу окуяны айтып берейин ... Ал кишинин бир ак күчүгү болуп, ал аны дайыма жанында алып жүрчү экен. Анан бир күнү убакыт кенен болуп калып, тасма тартуучу топ дасторкон жайып чакан майрам уюштурушат . Тамактанып бүтүшкөндөн кийин Видугирис баарына кайрылып “сөөктөрдү ыргытпагыла, мен күчүгүмө берем” деп калат. Анан сөөктөрдү чогултуп алып, күчүгүн кечке издеген дешет. Көрсө, ашпозчулар күчүгүн союп, тамак жасашкан экен . Анан ал өз күчүгүнүн сөөктөрүн көтөрүп алып, күчүгүн издей бериптир.

Home: Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылына, жаңы күнгө багыт алуу алдында турабыз. Башкача айтканда, Нооруз майрамы босогобузда турат. Эмесе ушул майрам жөнүндө кыскача маалымат... Нооруздун тарыхы «Нооруз» деген сөз байыркы фарс тилинин «науризи» деген сөзүнөн алынып, бизче «нау» – “жаңы”, «рузи» – “күн” деген маанини билдирет. Демек, “Нооруз” “Жаңы жыл” же “Жаңы күн” деп которулат. Бирок эл ичинде буга чейин “Нооруз – жаз майрамы” деген түшүнүктөр да жашап келген. Эл мурда календарь жок мезгилде жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет. Тарыхтагы маалыматтарга таянсак, аталган майрам биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарда эле пайда болгон жана Заостра аттуу пайгамбар негиз салуучусу катары белгилүү. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, Ноорузда аткарылуучу жөрөлгөлөр ислам дини пайда болгонго чейин эле колдонулуп келген. Мисалы, эл бул майрамга 20 күн калганда “ушул жылы түшүм мол болсун” деген тилек менен карапа идиштерге арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн. Айрым бир маалыматтарда “Нооруз – Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде «Нооруз – периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.

minsokchon: Home пишет: “Нооруз – Кудай Адамды жараткан жети күндүн биринчиси” деп берилет. Ал эми ислам дининде «Нооруз – периштелер сыйлаган күн, анткени алар ушул күнү жарык дүйнөдө пайда болушкан” деген да маалыматтар бар.

Home: Майрамдык дасторкон Нооруз майрамында дасторконго да өзгөчө көңүл буруу керек. Айта кетсек, дасторкондо жети түрдүү даамдан турган тамак болуусу шарт. Бирок бул ар бир үйбүлөнүн жеке мүмкүнчүлүгүнө жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Мисалы, Орто Азиянын жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө Нооруз дасторконуна араб жазуусундагы «Сын» тамгасы менен башталган жети түрдүү тамак-аш жана тал, зайтун, бие, анар, тыт өңдүү дарактардын жети даана калемчеси коюлат. Андан тышкары, бир идишке суу, экинчи идишке кайсы бир дарактын жалбырагы калкып турушу абзел. Атайын бышырылган чоң нан, айран, сүт, быштак, жумуртка, канаттуунун эти, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак, бадам, мисте, балык сыяктуулар болсо дасторконго сөзсүз коюлат. Ал эми кыргыздар Ноорузда арпа, буудай, жүгөрү өндүрүп, аны сокуга жанчып, акталган данынан сүмөлөк же көжө жасашкан. Аны үйгө келген меймандарга, жаштарга куюп беришкен. Бул адамдарга узун өмүр, жаштык жана бакыт каалоо дегендикке жатат. Анткени сүмөлөк менен көжө табияттын өлбөстүгүн, жашоо-турмуштун гүлдөп өнүгүүсүн аныктоочу улуттук даам катары бааланган.

Home: Коптон куткон Нооруз майрамы да кирип келди! Баарынарды Нооруз майрамы менен куттуктайм!!! Баарынарга: чын ден соолук, узун омур, уйбулолук бакыт каалайм!!! Ушул жылы-айдан аман, жылдан эсен чыгалы! Жылыбыз-токчулуктун, молчулуктын, тынччылыктын жылы болсун!!!!

Home: Тушумдо: Кыргызстанда журупмун! Уйдогулор менен укмуш сонун жайнаган дасторкондун устундо отурам тамактанып... Атандын гана кору дунуйо-о, ойгонбой эле койсом болмок да... Жок дегенде тушумдо жыргап алсам болмок да... Аяшынар ойготуп жибербедиби Азыр Кыргызстанда айыл-айыл болуп чогулуп, кой союлуп, казан асылып... анан баарынан да (Frances куткон кадыр тун тозулуп, СУМОЛОК бышырылды да ) сумолок бир аздан кийин элге таратылат да... Кыскасын айтканда, биз деле бул жакта 2-3 кыргыздын башы биригип, дасторкон жайып, дасторконду кыргызча даамдуу кылып жасаган кундо да Кыргызстанга жетпейт десен... Кыргызстанды эстеп НАСТАЛГИЯ болуп отурам

minsokchon: Нооруз майрамыныздар менен куттуктайм!!!! кааларым тынчылык молчулук!!!

Home: minsokchon пишет: Нооруз майрамыныздар менен куттуктайм!!!! кааларым тынчылык молчулук!! Рахмат! Бирге болсун! Алас, алас, алас, Ар балээден калас! Желин айрылып сүт чык, Жер айрылып көк чык. Жаңы жыл жакшылыгын баштай берсин, Эски жыл жакшылыгын таштай кетсин. Шириндик тартсын тилиңди, Отко тазарт дилиңди. Алас, алас, алас, Ар балээдэн калас! Нооруздун ушул күнүндө, Арча түтөп ар үйдө, Шаттык, күлкү жаңырып, Шаң жаңырсын көктөмдө!

Home:

Home: Коён токойдо баратса, жолдо арстан жатат дейт. Коён: – Арстан байке, өтүп кетейинби ?- десе, Арстан: – Өтөгой, өтөгой ,- деп сылык жооп берет. Бир убактан кийин коён кайрадан ошол эле жол менен келатса, арстан дагы эле жатат. Коён кайра эле: – Арстан байке, өтүп кетейинби ?- десе, Арстан: – Өтөгой коён, өтөгой ,- деп кайталайт экен. Бир аздан кийин коён үчүнчү жолу ошол эле жол менен келатса, арстан дагы эле жатат. Анан дагы эле: -Отүп кетейинби - десе, Арстан: -Отөгой -дейт. Анда коён: – Арстан байке, деги эмне болду сизге, эмне бул жакта жатып калгансыз ?- десе, Арстан: – Капканга тү-шүп калдым !- деп кыйкырат экен. Анда коён: – Эй, арстан, эмне кыйкырасың? Үнүңдү катуу чыгарба мага ?- деп кый-кырыптыр.

Home: Турмуштан алынган анекдот ЖАМБЫЛ КАМЧИЕВ, куудул Рахман Разыков интервью берип жатат. Жур-налист: – Рахман байке, ай-ты--ңыз-чы, биздин артисттерден кимиси бай да, кимиси кедей ? – Артисттерибизден эң байы Ибрагим Жунусов, ал эми кедейи Жамбыл Камчиев . Ошол эле журналист Жамбылга байланышып: – Рахман байке сизди артисттердин ичинен эң кедейи деп айтты. Ушул чынбы?- десе, Жамбыл: – Ибрагим менен кошуна турабыз. Бирок анын бай экенин билбейт экенмин. Балдары күндө келет, кетмен, күрөк, араба сурап ,- деп жооп берип коёт. Муну уккан Ибрагим Жамбылды үйүнө чакырып: – Жамбыл аке, бул эмне кылганыңыз? Мени баарына уят кылдыңыз го,- дейт. Анда Жамбыл: – Эмне, балдарыңдын сурап баргандары жалганбы? – Эй, болду! Экинчи Жамбыл акеникине бирдеме сурап барбагыла,- деп ачууланат Ибрагим. Ал эми Жамбыл үйүнө кетет. Окуянын эртеси эле Жамбылдын дарбазасы такылдайт. Чыкса Ибрагим туруптур. Жамбыл: – Эмне болду, таң атпай? – Акыркы жолу арабаңызды берип турасызбы? Таштандыларды ташып алайын. – Ушуга ушунчалыкпы? Балдарыңды эле жөнөтпөйсүңбү? – Кечээки сөздөн кийин келбей жатышпайбы. “Жамбыл аке бербей коёт” деп.

Home: Троллейбуста бир студент колуна костюмун кармап алып баратат. Аябай арык экен. Аны карап отурган ардагер аял боору ооруп: – Кел, балам, отуруп ал . – Жок, энеке, рахмат. – Ай, келе анда, жок дегенде кос-тюмуңду кармап алайын . – Бул костюм эмес, досум.. .

Home: КАДР АРТЫНДАГЫ КЫЗЫКТАР Камчы менен Аскат “Уурунун махабаты” тасмасына тартылып жүрүшөт. Кыш мезгили. Көл жээгинде тартылчу кадр бар болчу. Ошондо кыз машинасы менен сууга түшүп кетет эмеспи. Аны Камчы менен Аскат куткарышы керек эле. Ошол убакта Аскат Камчыны сынамакка: “Сууга секир”,- дейт. Камчы сууга секирет, анын артынан чочуп кеткен Аскат көлгө секирет. Кыш, суук, суудан араң чыгышат. Калчылдашат. Үшүп-тоңуп калгандыктан, суук тийип, Көлдөн кайтканда ооруп калышкан экен...

minsokchon: Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: - Акыркы өтүнүчүңдү айтып кал, - деп кайрылат. - Бир гана суранычым бар, - дейт Апенди. - Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле... * * * * * Апенди досу менен Америкадагы илимий жыйынга катышып калышат. Америкалыктар: - Жакында Марска учабыз. Германиялык илимпоздор: - Биз Айды изилдеп жатабыз. Апенди туруп: - Биз жакында Күнгө учканы жатабыз, - дейт. Баары таң калып туруп калса, Апенди камырабай кошумчалап коёт дейт: - Биз шашпа-ай Күн салкындаганда барабыз. * * * * * Апендинин бала чагы. Ал мектептен келгенде тумагы ылай болуп калганын көргөн апасы: - Айт, эмне болду? - Балдар тумагымды алып футбол тобу кылып ойношту. - Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксуңбу? - Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум...

Home: minsokchon пишет: Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле... minsokchon пишет: Биз жакында Күнгө учканы жатабыз, - дейт. Баары таң калып туруп калса, Апенди камырабай кошумчалап коёт дейт: - Биз шашпа-ай Күн салкындаганда барабыз. Атандын кору дунуйо... minsokchon пишет: Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум... Баардыгы жон эледен башталат да...

minsokchon:

minsokchon: Салык Башкы эсепчи менен эсептешип калдым. - Ко-ош… Сага 73 сом жазган экенбиз, марттык кылып. Анын 40 пайызын салыкка кармап калдык. - Салык?..Кандай салык? - Салыктын түрлөрү көп. Мисалы, бойдок салыгы… - Ой, мен бойдок эмесмин го, аялым бар. - Аялың бар болмоктон, күйөөң бар болсун… серавно, аны ар бир адамдан кармоого тийишпиз. Керек болсо, тирүү жүргөнүң үчүн да салык төлөөгө милдеттүүсүң. - Бөлөк кандай салык кармадыңыз? - Алимент… - Алимент? Ой, мен аялым менен ажырашкан эмесмин го?! - Ажырашпасаңар, эми ажырашасыңар. - Эмне үчүн? - Өзүң жарыбаган маяна алсаң… ошонун кесепетинен "казан-аяк кагылышат". Анан... "Кырсык - каш-кабактын ортосунда" тура. "Казан-аяк кагылыша электе" эле мени кырсык басты. Тагыраак айтканда, даараткананын үстүндөгү шиферди оңдоп жатып кулап кетип, мүрт кеткем. Бирок, салык деген нерсе тигил дүйнөдө деле бар экен. Мына, үңкүрө-маңкүрөвөй инспектор кечээ эле менден бир топ суммада салык өндүрүп кетти эле, бүгүн о дүйнөнүн жарык дүйнөдөгү тыңчысынан мындай мазмунда телеграмма келиптир: "Былтыр өлгөн Мадырайымдын атынан почточулар дале пенсия алып өздөрү жеп жатышат. Давайте, Мадырайымдан алынуучу салыктын өлчөмүн дагы жогорулаткыла!"

Home: minsokchon пишет: Ко-ош… Сага 73 сом жазган экенбиз, марттык кылып. Анын 40 пайызын салыкка кармап калдык. - Салык?..Кандай салык? - Салыктын түрлөрү көп. Мисалы, бойдок салыгы… - Ой, мен бойдок эмесмин го, аялым бар. - Аялың бар болмоктон, күйөөң бар болсун… серавно, аны ар бир адамдан кармоого тийишпиз. Керек болсо, тирүү жүргөнүң үчүн да салык төлөөгө милдеттүүсүң. - Бөлөк кандай салык кармадыңыз? - Алимент… - Алимент? Ой, мен аялым менен ажырашкан эмесмин го?! - Ажырашпасаңар, эми ажырашасыңар. Ачуу чындык! Мамлекет карапайым элден салыкты тыкылдатып сыгып алат, анан ал кайда кетип атат...

minsokchon: Жазуучу Бекмырза Рахман уулу (ыраматылык) "Чалкан" журналында редактор болуп иштеп жүргөн кезинде конокко барып калат. Палоо жеп отурса, тишинен "пычыр-пучур" эткен үн чыгып кетиптир. Ошондо үй ээси: - Таш бар бекен? - дейт ыңгайсызданып. Аны уяткаргысы келбеген редактор: - Эчтеке эмес (Ничего)! Күрүчү да бар экен, - дептир.

Home: minsokchon пишет: Аны уяткаргысы келбеген редактор: - Эчтеке эмес (Ничего)! Күрүчү да бар экен, - дептир. "Конок койдон жоош" да...

minsokchon: Бир партия баш кошсо - позиция, Эки партия баш кошсо - оппозиция, Үч партия баш кошсо- коалиция, Төрт партия баш кошсо - революция. Жеңең билсе, бүт айыл билет, ЖК билсе, бүт өлкө билет. Мамиле кетсе кетсин, мамлекетибиздин бүтүндүгү кетпесин. Жылкы кишенешип, коалиция «тиштешип» таанышат. Эки дөө партия кармашса, ортосунда кара «Мерседес» минген министр чабылат. Жыланга чактырган аргамжыдан коркот, Революцияга чактырган бийлик, митингден коркот. Уктаган жыландын куйругун баспа да, Шайлоодон өтпөгөн партиянын куйругун баспа. Ачууланган алгач өкүрөр,анан өкүнөр. Бийлигин алдырган ажо алгач аттырар, анан капчыгын кактырар. Ата болуп көрбөгөн ата кадырын билбейт, ажо болуп көрбөгөн партлидер элбашы кадырын билбейт. Бийлик баалуу эмес, элге кадырлуу болгон баалуу. Махабаттын мыктылыгын көз билдирет, Депутаттын мыктылыгын сөз билдирет.

Home: Кезекте САЯСАТ темасыбы? minsokchon пишет: Бир партия баш кошсо - позиция, Эки партия баш кошсо - оппозиция, Үч партия баш кошсо- коалиция, Төрт партия баш кошсо - революция. Абдан таамй айтылган создор экен! minsokchon пишет: Жылкы кишенешип, коалиция «тиштешип» таанышат. minsokchon пишет: Жыланга чактырган аргамжыдан коркот, Революцияга чактырган бийлик, митингден коркот. minsokchon пишет: Ачууланган алгач өкүрөр,анан өкүнөр. Бийлигин алдырган ажо алгач аттырар, анан капчыгын кактырар.

Home: Путиндин Бакиевге берген кеңеши Бакиев Путинге телефон чалып, арызданат: - Мени эч ким укпай атат, эли да, өкмөтү да, эмне кылсам болот ? Путин: - Москвага келчи, жакындан баарлашалы . Эртеси Бакиев Москвага жетип барат Путин: - Ии, сүйлө, ким укпай атат ? Бакиев: - Баары, айтканымды тескери жасашат. Путин: - Мен сага кандай адамдар менен иштешиш керектигин кеңеш берем. (Кол алдында иштеген кызматкери Шойгуну чакырат) Путин: - Шойгу, сенин атаңдын баласы, бирок сенин бир тууганың эмес, бул ким? Шойгу: - Мен да. Путин: - Көрдүңбү кызматкерди кандай тандаш керектигин. Бакиев кудуңдаган бойдон Кыргызстанга келип, эртеси кол алдындагылардын баарын чакырат. - Мен силерге бир суроо берем. Ким ошону туура тапса, жумушта калат, таппагандарды кызматтан алам. Суроо төмөндөгүдөй: - Силердин атаңардын баласы, бирок силердин бир тууганыңар эмес, бул ким ? Бир топко чейин тынчтык өкүм сүрүп, бир убакта Адахан Мадумаров сөз баштайт: - Курманбек Салиевич, ойлонууга бир күн убакыт бербейсизби ? Бакиев: - Макул Баары ойлонуу менен тарашат. Адахан үйүнө келип А.Ага телефон чалат: - Аскар Акайыч, сиз билесизби, ажобуз бизге бир суроо берип, таппасаңар жумуштан алам деп атат… Акаев: - Ии, эмне суроо? Мадумаров: - Сиздин атаңыздын баласы, бирок сиздин бир тууганыңыз эмес, бул ким? Акаев: - Менмин да. Эртеси чогулушта отурушат Бакиев: - Ии, суроомо ким жооп берет? Мадумаров: - Мен Бакиев: - Ким экен? Мадумаров: - Албетте, Аскар Акаевич Бакиев: - Туй, ата, караандаган да жоксуң, ал деген Шойгу да - дептир

Home: 30 жаштагы айым 15 жаштагы кызын тилдеп атат: - Ай кызым, дискотека, кафеден башың чыкпайт, көп басканыңды койсоң боло? -десе, Кызы: - Сиз деле жаш болгонсуз да… - Мен сендей кезимде апамдын тилин угуп, үйдөн чыкпай отурчумун -дептир. Маанисин тушундунорда ээ... 2 мааниде тушнсо болот

minsokchon: Бир айылдык грузин келип сатуучудан сурайт: - Кызым, мага жакшы компүтер керек эле. Акчасынан коркпо. Дурусун сунуш кылсаң. - Балким, Сизге Macintosh керектир? - Ва-ай, кызым! Мага азыр макинтошуң да, кундуз пальтоң да кызыксыз. Мага компүтер керек! * * * * * Чехиянын “Батйа” дүкөнүндө - Пани, мага абдан кооз, жуп-жумшак, абдан назик ийленген булгаарыдан жасалган, ушунчалык элеганттуу, бирок ушунчалык арзан болгон туфли керек эле. Ошондой туфлилерден карап көрсөм жакшы болот эле. - Мен дагы ошондой туфлини көрүүнү самайм... – деди дүкөнчү. * * * * * Бишкектеги зергер дүкөнүндө Кардар айым келип бир сөйкөнүн баасын сурап кызыгат. - Бул канча турат, кызым? - Төрт миң сом. - Коку-уй! Анан сөөмөйү менен шуруну көрсөтөт. - А мунусу канча болду экен? - Ал шуру эки “кокуй” турат, эжеке! * * * * * Ыстамбулдагы зергер дүкөнүндө Кардар айым дүкөндөн асыл таш чөгөрүлгөн билерик сатып алат. Дүкөнчү кардар айымга: - Опе-ей, акчаңыз ным болуп калыптыр го? - Ооба, күйөөм бетине басып буркурап ыйлап жатып берген бул акчаны. * * * * * Сочиде же Чолпон-Атада... Көчө боюнда шишкебек сатып отурган кишиге бир кардар кайрылат. - Сизде уй этинен башка тоок этинен да шишкебек бар экен. Мага тоок этинен жасалганын кактап берсеңизчи? - О-ой, тууган, чынын айтсам, ал саал бүксүп кеткен болчу. - Кокуй, анда берки уй этинен даярдалганын эле кактай калыңыз. - Кандай десем... Ага караганда берки тооктуку эле денсоолукка дурусураак го? * * * * * Париждеги дүкөндө - Кечиресиз, урматтуу айым! – бир эркек киши чоң дүкөндүн ичинен бир сатуучу айымга кайрылды. – Эгерде Сиздин капчыгыңызда ашыкча 500 евро болсо, анда бирдемке сатып алуу үчүн кайсы бөлүмгө барат элеңиз? - Албетте, астыңкы кабаттагы бетмай, упа саткан бөлүмгө бармакмын! - Чо-оң рахмат! Мерси буку! – кудуңдаган алиги киши адашып калган аялын табуу үчүн астыңкы кабатка чуркады. * * * * * Маскөөдөгү БУМда Маалымдоо бөлүмүнө бир айым келип сурайт: - Мен эки саат мурда күйөөмдү жоготуп алдым! Эмне кылаарымды билбей калдым? - Көңүл айтам! Сөөк коюу жөрөлгөлөрүн уюштурган агенттиктин кеңсеси 3-кабатта, түз барып солго буруласыз... * * * * * Америкадагы дүкөндө Дүйнөлүк кризис маалында бир кийим-кечек саткан дүкөнгө жумушсуз киши келип, кызматка ал деп кожоюнга жалдырап кайрылат. - Болуптур, бирок бир гана шарт менен! Тетиги бурчтагы өңү жагымсыз, сөлбүрөгөн костюмду бирөөгө сатсаң, анда жумушка кирдим дей бер! Кожоюн түштөнүп келген соң, аны берки киши жаркылдап тосуп алат: - Мен саттым, мен саттым!.. Анын тытылган кийимин, канталаган, бинт оролгон колун көрүп, дүкөн кожоюну сурайт: - Эмне, костюм сатып алган кардар саал акаарат айтып, каршылык көрсөттүбү? - Жок, ал абдан сылык мамиле кылды. Бирок ага дайыма жол көрсөтүп жүргөн ити бар экен, ошого костюмдун түсү жакпай калдыбы, билбейм...



полная версия страницы